Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 04:14

Нурматов: Чикагодогу кыргыздардын ынтымагы бекем


Чикагодогу Кыргыз коомдук борборунда кыргыз тил сабагын окуган секелектер. Апрель, 2017-жыл. Чикаго.

Кошмо Штаттардын Чикаго шаарында кыргызстандыктардын эң чоң диаспорасы бар. Америкага барган көптөгөн кыргызстандыктар бул шаарда орун-очок алып, окуп, эмгектенип жүрөт.

Дал ушул калаада кыргызстандыктардын башын кошуп, мекендештерге жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн Кыргыз коомдук борбору эки жылдан бери иш жүргүзүп келет. Борбордун аткаруучу директору Мирлан Нурматов менен маектештик.

"Азаттык": Мирлан мырза, АКШда эмгектенип, билим алып жаткан кыргызстандыктар көбөйдү. Америкадагы журтташтардын башын бириктириш үчүн буга чейин ар кыл уюмдар, коомдор түзүлгөнү белгилүү. Силердин уюм алардан эмнеси менен айырмаланат?

Мирлан Нурматов: Кыргыз коомдук борбору - АКШда иштеп, окуп жүргөн журтташтардын демилгеси, каалоосу менен түптөлгөн уюм. Уюмдун долбоорун бул жактагы жигердүү мекендештер иштеп чыккан. Башкача айтканда, уюм мүчөлөрү башкаруу кеңешин шайлоо аркылуу түзүшөт. Мындан сырткары, аткаруу кеңеши бар. Мен аткаруу кеңешин жетектеп, иш жүргүзөм.

Негизинен уюмдун өзөгүн өз ыктыяры менен жардам берип келген кырктан ашуун демилгелүү журтташтарыбыз түзөт. Коом расмий түрдө эки жыл мурда түптөлүп, каттоодон өткөн. АКШда бизден башка да кыргыз коомдору түзүлгөн. Бирок көпчүлүгү уставына, программаларына маани бербей, негизинен социалдык тармактарда иш алып баруу менен чектелип калышкан. Алардын журтташтар үчүн аткарып жаткан иштери барандуу, биз баарын сыйлайбыз.

Чикагодогу Кыргыз коомдук борборунун аткаруучу директору Мирлан Нурматов.
Чикагодогу Кыргыз коомдук борборунун аткаруучу директору Мирлан Нурматов.

Биз болсо бул жактагы аксакалдар менен да, жаштар менен да түз отуруп, байланышта бололу деген максатта Чикаго шаарынын чок ортосунан чоң кеңсени ижарага алганбыз. Элдин салымы менен ижара акысын төлөп жатабыз. Эки жылдан бери Америка өкмөтү бизди байкап, баам салып жүрүптүр. Кыргызстандыктардын арасынан алгачкы жолу бейөкмөт уюм деген макам берди. Тамыры жайылган башка диаспоралардай болбосок да, макам АКШдагы кыргыздардын биринчи мууну үчүн чоң жетишкендик болду деп ойлойм. Бейөкмөт уюм болгон үчүн салыктан бошотулганбыз.

"Азаттык": Маалым болгондой, сиздердин борбор АКШда төрөлгөн кыргызстандыктардын балдары үчүн кыргыз тил курстарын уюштурган экен. Океандын ары жагында кыргыз тил сабактарына канча бала катышат?

Мирлан Нурматов: Башында коом ар кыл майрамдарда кыргызстандыктардын башын кошуп, улуттук жана диний кечелерди уюштуруп келген. Кийинчерээк башка да муктаждыктар жарала баштады. Маселен, бул жактагы кыргызстандыктар үйлөнүп-жайланып, бала-бакыралуу болушту. Миграциянын биринчи толкуну менен келгендердин балдарынын алды он бешке чыгып калды. Беш-алты жаштагы балдар көп. Буюрса, катарыбыз көбөйүп жатат.

Кыргыз коомдук борборунун кеңсеси Чикагонун чок ортосунда жайгашкан.
Кыргыз коомдук борборунун кеңсеси Чикагонун чок ортосунда жайгашкан.

Алар эне тилин, каада-салттарын үйрөнсө, унутпаса деген маселе жаралды. Ошондуктан коомдо кыргыз тил курсун уюштуруу муктаждыгы пайда болду. Бул демилгени баары колдоду. Азыр бизде Үрипа Байболова деген эжекебиз атайын кыргыз тил сабактарын өтөт.

Бегайым Ибраева аттуу кызыбыз кыргыз улуттук фолкьлор бийлерин балдарыбызга үйрөтүп жатат.

Беш жашка чейинки балдарга, атайын чет өлкөлөрдөгү кыргыздардын балдарына багытталып Нурак Эсенкулов менен Зарина Сахидинова “Алиппе” даярдаган экен, аны менен үйрөтөбүз. Ал эми беш жаштан жогорку балдарга Кыргызстанда орус мектептерге ылайыкталып түзүлгөн «Алиппенин” негизинде сабак өтөбүз.

Бирок бул жерде бир аз маселе бар. Мугалимдер көрсөтмө куралдар жетишпей жатканын айтышууда. Маселен, балдарды "сүрөт тарткыла" десе эле Американын атрибуттарын, ушул жактан көргөн-билгендерин чиймелешет экен. Ошол себептен мугалимдер Кыргызстандын жаратылышын чагылдырган сүрөттөр жетишпей жатканын, биздин улутка таандык буюм-тайымдарды балдарга жакшылап тааныштыруу зарылдыгы бар экенин айтты. Бул маселени да жакын арада чечкенге аракет кылабыз.

Учурда борбордо он жаштан жогору беш-алты бала бар, 5тен 10 жашка чейинки курактагы кырктай бала келип окуйт. Беш жаштан кичүү дагы он чакты балабыз бар. Алардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Балдар дем алыш күндөрү, жумасына бир жолу келип сабак окушат.

Буюрса жакында комуз курсун баштайлы деп турабыз. Кыргызстанга тогуз комузга тапшырык бергенбиз. Кыстара кетчү нерсе, биз өткөн апта 10 жаштан улуу балдарыбызга футбол командасы түздүк. Машыгуулар жаш тренерлерибиз Дөөлөт Керимбеков жана Улан Рахимжанов үйрөтүүсүндө башталды. Жергиликтүү жаштардын лигасына чыгууну көздөп жатабыз.

Борбордо билим алган тестиер балдар.
Борбордо билим алган тестиер балдар.

"Азаттык": Андан тышкары IT технологиялар жаатында да курстар бар деп уктук...

Мирлан Нурматов: Ооба, ал курстарда бул жакта IT компанияларында иштеген эки агайыбыз бар. Алар бош болгон учурда өз ыктыяры менен келип, жаштарга компьютердик программаларды үйрөтүшөт. Үсөнбек Жусупов "Java" программасы, ал эми Ихматилла Матраимов болсо "Linux" программасы боюнча сабак өтүп келет. Кыска убакытта эле бул курстар жемишин берип атат. Анткени программа түзгөндүн негиздерин үйрөнүп алган эки-үч балабыз "Экспедия" фирмасына, дагы бир нечеси "Oracle" компаниясына жумушка орношту. Бул башкаларга да үлгү болуп, курска кызыккандар көбөйүп баратат.

Ошондой эле бул жакка жаңыдан келген кыргызстандыктарга жардам көрсөткөнгө аракет кылабыз. Чет өлкөгө келгенде биринчи эле тилден кыйналат. Кайда барып жумуш издешти, батир табышты, кимге кантип кайрылышты билбегендер да бар.

Жакында эле Кыргызстандан бир эже кайрылды. Ал уулу экөө "Green Card" (чет элдиктерге АКШда жашап, иштөөгө уруксат берген укукту жыл сайын ойното турган лотерея) алып, Кошмо Штаттарга жол тартканын жазышты. Албетте, биз коом аркылуу жардам кылууга убада бердик.

"Жардам" деп кыргыздар кайсы райондо көбүрөөк отурукташканын, кайдан жумуш тез тапса болорун айтып, өз кеңешибизди бергенибизди айтып жатам.

"Азаттык": Кошмо Штаттарда кыргызстандыктардын катары калыңдаганы менен кошо алардын жетишкендиктери да, кыйынчылыктары да көбөйсө керек? Учурда ал жактагы журтташтардын көңүлүн өйүгөн кандай маселелер бар?

Мирлан Нурматов: Жеке адамдын маселелери болот, анан коомдук көйгөйлөр да болот экен. Бул жактагылардын көпчүлүгү - окуганы же кайсы бир программа менен келип, калып калгандар. Иш келишимдери менен келгендер абдан аз. Акыркы жылдары Кошмо Штаттарда виза маселеси катаалдашкандан улам келгендер да азайды. Мурдагыдай каттабай да калышты. Мыйзамсыз келгендер сыртка да чыга алышпайт.

Маселен, жыйырма жашында келген бир жигит жыйырма бешке толгондо үйлөнөйүн десе Кыргызстанга бара албайт же ата-энесин чакырта албайт. Кыздарда деле ошол маселе бар. Ушул жагдай айрымдарды абдан түйшөлтөт.

Бул жактагы кыргыздар ошол үйлөнөм деген жигитти моралдык жана материалдык жактан колдоп, тоюн чогуу өткөрүүнү адатка айландырып жатабыз. Кыздардын ата-энесинин алдына бул жактагы аксакалдар барып, салтка ылайыктап өз шаанисин жасаганга аракет кылабыз. Алыстагы жакындары, ата-энелери "Скайп" аркылуу куттуктап коюшат. Ошентип, Кыргызстандагыдай эле жакшынакай той өткөрүп жатабыз. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, акыркы учурда апта сайын тойлор өтүп жатат.

Чикагодогу кыргыз жаштары.
Чикагодогу кыргыз жаштары.

Маселен, беш жыл мурда ушул эле Чикагодо үй-бүлөлүү кишилердин саны ашып кетсе эки жүздүн тегерегинде болсо, азыр 700-800гө жетип калды. Ошону менен бирге эле муктаждыктар да көбөйөт экен, күнүмдүк маселелер боюнча эле кандайдыр илимге муктаждар да бар. Жарандарыбыздын бул көйгөйүнө аз да болсо дарман болуу үчүн, мен үй-бүлө ичиндеги мамилелер жана балдарды тарбиялоо боюнча семинарларды өтүп келем.Ал эми бул шаарда окуусун бүтүрүп, иштеп аткан гинеколог доктор Бактыбүбү Арынова эжекебиз аялдардын саламаттыгы боюнча өз кеп-кеңештерин берүү үчүн семинарлар уюштуруп, кыз-келиндердин суроолоруна жооп берет.

“Азаттык”: Ошол эле маалда башкаларга үлгү болчу кандай жетишкендиктерди атай аласыз?

АКШда кыргыз илимпоздорунун катары көбөйүп калыптыр. Ар кыл тармактар боюнча мыкты адистерибиз бар экен. Болгондо да университеттерде жакшы даражага жеткен агай-эжейлерибизди көрүп сүйүндүк.

Мирлан Нурматов: Жалпы Кошмо Штаттардагы кыргыздардын саны отуз миңге чукулдап калды окшойт. Ошого карабай, кыргыздар бири-бирине каралашып, ынтымакты бекем сактап жүрүшөт. Жыл сайын “Ынтымак кубогу" деп футбол турнирин уюштуруп келебиз. Ноорузду кезектешип өткөрөбүз. Бир-эки боз үйүбүз бар, аларды майрам кайсы штатта белгиленсе, ошол жакка алып барып тигебиз.

Ар дайым жакшылык боло бербейт да, кээде бирөө кайтыш болот, бирөө каза болот. Ошондо да дароо уюмдашып, чыгашаларын көтөрүп, кыйналып турган адамдарга жардам бере калабыз. Өткөндө биз Колумбия университетинде Америкадагы кыргыз миграциясы боюнча атайын талкууга катыштык. Көп маселелер ошол жакта козголду. Дагы бир кубандырган нерсе - АКШда кыргыз илимпоздорунун катары көбөйүп калыптыр. Ар кыл тармактар боюнча мыкты адистерибиз бар экен. Болгондо да университеттерде жакшы даражага жеткен агай-эжейлерибизди көрүп сүйүндүк. Албетте, кыргыз диаспорасы бул жакта тамырын жайган башка улуттардын диаспораларына караганда эми гана телчигип жатат. Анткен менен көп нерсени тез өздөштүрөбүз.

"Азаттык": Учурдагы Американын жетекчилиги миграция саясатын катаалдаштырууга убада берген. Учурда ар кыл чаралар көрүлүп жатат. Бул Кошмо Штаттардагы кыргыздарды кооптондурган жокпу?

Мирлан Нурматов: Миграция маселеси так чечиле элек. Ар кандай сөздөр айтылып жатат. Президент көтөрүп чыккан бул маселе Конгресстин макулдугу менен гана чечилет. Америкадагы кыргыздардын көбү бул жакка келгенден кийин "Green card" алууга документ тапшырган. Анын да түрлөрү бар. Ошол процесс документтердин жетишсиздигинен улам беш-алты жылга чейин созулуп кетчү. Ошол кезде кыргыздар “менин документтерим сотто” деген шылтоо менен жүрө беришчү. Мындан кийин ошол нерсени токтотуп, бийлик ал кишинин тапшырган өтүнүчүн тез арада карап, он беш күн, бир ай ичинде дароо жообун бергенге аракет кылып атат. Бул болсо "Green card" алууга документ тапшырган кишинин жүйөлөрү күчтүү болбосо депортациялап салышы мүмкүн деген сөз. Ушул нерсе кээ бир кыргыздарды ойлондура баштады.

Дагы бир айта кетчү нерсе, биз коомубуздун кеңсесин заманбап технологиялык буюмдар менен бирге, кыргыздын өзүнүн улуттук символдору менен уйкалыштырган түрдө конструкциялоо ишин жүргүзүп жатабыз. Буюрса бүтүп калса алдыда Кыргыз Республикасынын бул жактагы элчилиги жана консулдугу менен бирге залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган кечесин ири масштабда уюштуруп, америкалыктарга өзүбүздүн баалулуктарыбызды таанытууну пландап жатабыз. Коомубуздун эшиги жалпы мекендештирибизге, америкалыктарга да ачык. Мындан ары да Кыргызстандан Кошмо Штаттарына келе турган бийлик өкүлдөрү болобу, чыгармачыл инсандар болобу биздин коомго баш багып, бул жактагы жарандарыбыз менен баарлашып, суроолоруна жооп берип, Ата-журттан кабар айтып турса деген тилектебиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG