Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:53

Түркия: дарыгер мекендештердин түйшүгү


Салима Дүйшеева

Кыргызстандан Түркияга жумуш издеп барган мигрант дарыгерлердин расмий иш табуусу кыйынчылык жаратып келет.

Биринчиден, тил жагынан кыйналышса, экинчиден, аз айлыкка макул болбогон кыргызстандыктар бир канча сынактан өтүшү да керек.

Түркияда 2012-жылы чет өлкөлүк дарыгерлерди иш менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамы иштелип чыккан. Бул мыйзам эң алгач Түркиянын булуң-бурчундагы бейтапканаларда бош турган орундарды дал ушул чет өлкөлүк догдурлар менен толуктоо максатын көздөгөн. Бирок догдурлар Стамбул, Анкара, Анталия, Измир сыяктуу чоң шаарларда иштегиси келет.

Бишкекте Медициналык академияны бүтүргөн Салима Дүйшеева 1995-жылдан бери Стамбулда жеке менчик бейтапканада акушер-гинеколог болуп эмгектенет. Түркияда чет өлкөлүк догдурлар үчүн даярдалган жалпы медициналык сынактан өтүп, бул жакта иштеп жатканына 20 жыл болду.

Салима Дүйшееванын бейтаптарынын басымдуу бөлүгүн Стамбулдагы кыргыз кыз-келиндер түзөт. Түркияга алгач келгенде кесибинин кыйынчылыктарын башынан өткөргөн журтташыбыз учурда өзү иштеген бейтапкананын эң тажрыйбалуу дарыгери.

Салима Дүйшеева Түркиядагы гинекология тармагы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты.

- Кыргызстанда Медициналык академияны бүтүрүп, бир жыл ординатура окуп эле гинеколог болот. Түркияда болсо университетти бүткөндөн кийин беш жылдан соң акушер-гинеколог деген адистикти аласың. Операцияны, УЗИни өзүң жасайсың. Гинекологиялык, акушердик операциянын баарын бир гана адис жасайт. Ал эми айлыкты менчик ооруканада иштегеним үчүн келишим боюнча алам. Башкача айтканда, ар бир келген бейтаптын ооруканага төлөгөн акчасынын 23 пайызын мага беришет. Бул жакта ушундай келишим менен иштешет.

Көп жылдан бери түрк медицинасына эмгеги сиңген дарыгер Салима түрк медицинасына келип иштейм деген журтташтардын бир канча сынактардан өтүүсү шарт экенине басым жасады.

- Азыр чет өлкөлүк медиктерге келип иштөөгө уруксат берилди, бирок аны менен катар талаптарды да күчөтүп коюшту. Жалпы медициналык сынактан өткөндөр гана иштөөгө уруксат алышат. Башкача айтканда, дарылоочу врач болуп каалаган бейтапканасында иштей беришет. Ал эми өз адистигинде иштегиси келсе ТUS деген сынактан өтүшү керек. Бул сынак өтө кыйын болгондуктан биздин журтташтар өтө албай кыйналып жатышат. Билишимче бир-эки гана кыргыз ТUS сынагынан өткөн.

Сынактан "сынгандар" көп

Чет өлкөдөн келген дарыгерлер Саламаттык сактоо министрлигине документтерин тапшыргандан кийин атайын комиссия ар бирин карап чыгып, талапка туура келгендерин атайын медициналык суроолорду камтыган сынактан өткөрөт. Андан кийин Түркиянын каалаган аймагында үй-бүлөлүк дарыгер болуп иштей берсе болот. Эгер чет өлкөлүк догдур атайын адистикте иштегиси келсе TUS (медициналык кесипке кирүү сынагы) сынагынан ийгиликтүү упай топтошу керек.

Жылына эки гана жолу өткөн бул ТUS экзамени Түркияда медициналык кесипке кирүү сынагы деп эсептелет. Жалпысынан 250 суроодон турган тестти алты саатта тапшыруу зарыл. Экзамен Түркияда медициналык факультетте окутулган бардык сабактардан суроолорду камтыйт.

Бул сынактардын баарынан ийгиликтүү өткөн Руслан Шаршебаев 1999-жылы Анкарадагы ГАТА аскердик медициналык академиясында билим алган. Руслан азыр Стамбулда белгилүү менчик ооруканалардын биринде радиолог болуп эмгектенет.

Медициналык билимин Түркиядан алгандыктан иш табууда кыйынчылык болгон эмес. Анын айтымында, түрк дарыгеринин да, чет өлкөлүк дарыгердин да жасаган иши, айлыгы бирдей.

- Кыргызстандан келип дипломун тааныткан сынакка кирип дарылоочу догдур болуп иштеген кыргызстандыктар 2000 доллардай айлык алышат. Жеке менчик ооруканалар көбүрөөк иштетишет. Ал эми мамлекеттик ооруканаларда анча көп кыйнап деле иштетишпейт. Айлыктары эки жакта тең бирдей. Мыйзамдуу түрдө иштеп жаткандан кийин ооруканаларда кыргыз, казак, түрк деп басмырлашпайт.

Башка жол издегендер...

43 жаштагы медайым Гүлнур өз кесиби боюнча жумуш табам деген ниет менен Түркияга үч жыл мурда келген экен. Документтерин толуктап, министрликке тапшырган соң сынакка кирген. Бирок Түркияда медайымдардын айлык акысы аз деген Гүлнур учурда оор бейтаптарды үйдөн карап иштейт.

- Медсестра болуп иштеш үчүн практикадан өтүшүм керек экен. Практикадан өттүм. Анан сертификат берет экен. Аны алгандан кийин иштеп баштайсың, бирок чет өлкөлүктөргө негизинен кыйын эле болуп калат экен. Түркиянын жараны болмоюнча кыйын экен. Айлыкты аз төлөшөт, көп иштетишет дегендей. Мисалы, булардын медайымы 3000 лира (миң доллар) алат. Ошол эле жумушту мен жасасам мага 1500 лира төлөшөт экен. Түрктөрдүн жарым айлыгына иштейт экенмин.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин чет өлкөлүк догдурларга койгон бир канча талаптары бар. Алардын эң негизгилери - түрк жана англис тилдерин билүү, өз өлкөлөрүнөн алган жогорку медициналык билими тууралуу диплому жана министрлик даярдаган экзаменден өтүүлөрү зарыл.

Cаламаттык сактоо министринин 2016-жылды жыйынтыктоо жыйынында берген маалыматына ылайык, 2012-жылдан бери 456 чет өлкөлүк догдур иштөөгө уруксат алган. Алардын жетимиши Азербайжандан, элүүсү Ирандан, 49у Сириядан, 39у Палестинадан жана 26 догдур Кыргызстандан келип иштеп жатышат.

Министрликтин маалыматына ылайык, Түркияга өз кесиби боюнча иш издеп келген медиктердин саны жыл сайын өсүүдө.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG