Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Автандил - "Бешикташ" клубунун үмүтү


Автандил Дүйшеев.
Автандил Дүйшеев.

12 жаштагы Автандил Дүйшеев үч жылдан бери Түркиядагы алдыңкы делген "Бешикташ" футбол клубунун өспүрүмдөр курама командасында ойнойт.

Ал жумасына беш күн төрт сааттан командасы менен футбол талаасында машыгат. Бул спорт клубунун өзгөчөлүгү - Түркиянын курама командасына мыкты футболчуларды тарбиялап берет.

Автандил Дүйшеев азыр 12 жашта. Аз убакытта чоң жетишкендиктерге жетип, учурда өзүнөн бир жаш улуу тайпа менен машыгат. Автандил келечекте "Барселона" командасына ойноону кыялданат.

1903-жылы негизделген "Бешикташ" Түркиянын эң мыкты төрт футбол командасына кирет. Европа жана Түркияда бир канча кубоктун жеңүүчүсү болгон. "Бешикташ" клубу өзүнө мыкты футболисттерди даярдоо максатында Түркияда 41, ал эми чет өлкөдө тогуз спорт комплекстерин курган. Бул комплекстерде машыккан ар бир өспүрүмгө бардык шарттар түзүлүп, чыгымдарынын баарын клуб өз моюнуна алат. Автандилдин жатаканасы да ушундай спорт комплексте жайгашкан. Ал өзү менен тең беш досу менен бир бөлмөдө жашайт. Мектептеги билимин болсо, кадимки түрк орто мектептеринде улантат.

- Мен бир бөлмөдө беш досум менен жашайм. Үчөө менин тобумдан, калгандары бизден улуу. Бул жерде сабактарыбызды жасап, уктаганыбыз эле болбосо, көбүнчө машыгууда болобуз.

Тогуз жашында чет жер, жат элге келген Автандил башында бир топ эле кыйналган экен:

- Бишкекте кичи футбол ойноп жүргөнүмдө көп деле кыйналчу эмесмин. Бул жакта болсо чоң талаада биринчи ойногондо оор болду. Жаңы келгенимде машыктыруучуларымды түшүнбөй да жүрдүм. Кыргыздар да жок болгондуктан көп нерсени түшүнө алчу эмесмин. Убакыт өтүп көнүп кеттим.

Автандилден тышкары бул клубда ондон ашык өлкөдөн тандалып алынган жаш өспүрүмдөр машыгат. Нигерия, Гана сыяктуу өлкөлөрдөн келген жаш футболисттер да бар. Бирок Автандил аз убакыттын ичинде башка оюнчулардан айырмаланып, азыр командасынын алдыңкы оюнчусу. Ал 12 жашта болсо да өзүнөн бир жаш улуу тайпа менен ойнойт. Машыктыруучусу Фарук Шахин анын спортко болгон кызыгуусун жогору баалады:

- Эгер Автандил биздин тартиптерге көнүп, машыгууларына үзгүлтүксүз келсе, чоң жетишкендиктерге жетишет. Негизи эле Автандил акылдуу, тартиптүү жигит. Андыктан мен анын келечегинен күмөн санабайм. Оюнда кайсыл жерде эмне кылышты, жакшы тактикаларды билет. Жашы кичине, бирок буйруса чоңойгончо машыгуулары уланса, аны "Бешикташтын" негизги командасында көрөбүз деген ойдомун.

Автандил үч жыл мурун Стамбулга чоң атасы Орозалы Токторов менен келген. Түркиянын мыйзамдарынын талабы боюнча, Автандилдин жашы кичине болгондуктан аны менен үй-бүлөсүнөн бирөө келиши керек болгон. Бул милдетти чоң атасы Орозалы аксакал моюнуна алып, Кыргызстандагы мектеп директорлугу жумушун таштап Стамбулга небереси менен чогуу келген.

- Эгер Автандил биздин тартиптерге көнүп, машыгууларына үзгүлтүксүз келсе, чоң жетишкендиктерге жетишет. Негизи эле Автандил акылдуу, тартиптүү жигит. Андыктан мен анын келечегинен күмөн санабайм.

Ал бир айдан бери Автандилдер машыккан спорт комплекстин ашканасында жардамчы катары да эмгектенип баштады. Орозалы Токторов небересин ар тараптуу колдоп келечекте мыкты спортчу болот деп үмүттөнөт:

- Азыр жаштардын баары эле "Барселонада" ойносом дейт эмеспи, анын сыңары Автандил да "Барселонада" ойносом деп кыялданат. Мен анын Кыргызстандагы азыркы кыйын учурда элинин керегине жараган спортчу болушун тилейм. Саясаттан алыс эле болсун, бирок ушул спорт чөйрөсүндө ийгиликтерге жетип, өлкөсүн дүйнөгө таанытса деп кыялданам.

Автандилдин турнирлердеги жана машыгуулардагы көрсөткүчтөрү быйыл өтө жогору. Машыктыруучусу эгер Автандил мындай ыргак менен кетсе, эмдиги жылы Түркиянын өспүрүмдөр курама командасында ойноого толук мүмкүнчүлүгү бар деп белгиледи.

"Бешикташтын" тобун тепкен Автандил
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG