Линктер

ишемби, 19-январь, 2019 Бишкек убактысы 00:50

Орусияда "жоголгон" тажик мигранттары


Орусияда 345 миң тажикстандык мигранттын тагдыры белгисиз калууда.

25-декабрда парламенттин жыйынында спикер Махмадсаид Убайдуллоев Орусияда 345 миң тажикстандык мигранттын тагдыры белгисиз экенин айтып чыкты.

Спикердин айтымында, алар Орусияда миграциялык каттоого турган да эмес, өлкөдөн чыгарылган да эмес. Алардын бир бөлүгү орус жарандыгын алып, бул тууралуу тажик бийлигине кабарлабай коюшу да ыктымал.

Тажик бийлиги Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар депортация болуудан коркуп, өздөрү жөнүндө кабар бербей жатат деп эсептейт. Аларды ачыкка чыгаруу үчүн тажик-орус тарап миграциялык мунапыс тууралуу макулдашууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Орусияда 1 миллиондон ашуун тажикстандык мигрант иштейт. Алардан тышкары 226 миң тажик жараны “кара тизмеге” киргизилип, Орусияга кирүүгө убактылуу тыюу салынган.

Москвадагы тажикстандык коомдук ишмер Уткир Умарбакиев тажик бийлигинин Орусиядагы мигранттарга көңүл бура баштаганын жакшы жышаан катары баалайт. Бирок Орусияда тажикстандык мигранттарды мыйзамдаштырып, ачыкка чыгарууга орус бийлиги да кызыкдар болушу керек деген ойдо.

- Кыргызстан, Молдовадан кийин тажик өкмөтү Орусиядан тажик мигранттарга мунапыс сурап жатканы жакшы көрүнүш. Махмадсаид Убайдуллоевдин Москванын бийлиги менен мамилеси жакшы. Бул маселени өзү көтөрүп, чечүүгө аракет кылып жатканы да жөн эмес. Анын колунан келет. Орусияда да түшүнүшү керек - ал жумушчу күчкө муктаж. Орус өкмөтү бул жакта иштөөгө кызыкдар адамдарга талаптарды оорлотуп, мыйзамсыз мигранттар деп жектей берсе, жаңыларды кайдан алат?! Ошон үчүн мунапыс берип, "кара тизмеден" чыгарып туруш керек.

Орусияда тажикстандыктарга миграциялык мунапыс 2017-жылдын март-апрель айларында да берилген. Анда жүз миңден ашуун тажикстандыкка Орусияга кирүүгө уруксат берилгени расмий кабарланган. Бирок миграция боюнча адистер жана укук коргоочулар иш жүзүндө миграциялык жеңилдиктерди он миңге жетпеген тажикстандык гана колдонуп калууга жетишкенин ырасташат.

1997-жылы Орусия менен Тажикстандын ортосунда кош жарандуулук боюнча келишим кабыл алынган. Айрым эксперттер бул арада 300 миңдей тажикстандык орус жарандыгын алганын айтып, учурда Орусияда дайыны чыкпай жаткан 345 миң тажикстандыктын бир бөлүгү эбак орус паспортун колго алган деп болжошууда.

Ал эми Москвада мигранттардын укуктарын коргоп жүргөн Каримжан Еров миграциялык мунапыс көмүскө жүргөндөрдүн көйгөйлөрүн чечпейт деген ойдо. Еров Орусияда 350 миңдей тажикстандыктын миграциялык мыйзамдарды сактабай, көмүскө жүргөнүн өлкөдөгү экономикалык абал, улам катаалдаштырылган миграциялык талаптар менен байланыштырат.

- Патенттин баасы жыл сайын кымбаттап жатат. Мигранттардын Орусияда тапканы көбөйгөн жок, жашоо кымбаттады. Доллар көтөрүлүп, рублдын куну түшүп жатат. Орусияда тажикстандыктар мыйзамдуу жүрүүгө умтулуп, патенттин акысын кечиктирбей төлөсө да, жашаган жерде каттоого туруш керек деген талап бар. Бирок турак жай ээлери мигранттарды каттоого тургузбайт. Бул мыйзамды да катаалдаштырып, юридикалык каттоого турууну тыйып коюшту. Иш да дайыма эле табыла бербейт. Анан мигрант болбогон бир административдик айып үчүн өлкөдөн чыгарылып калышы мүмкүн. Мындай шарттарда тажикстандыктар гана эмес, башка мигранттар да миграциялык эрежелерди сактабай коюну туура көрүп жатышпайбы.

2015-жылдан тарта Орусияга визасыз келген чет өлкөлүктөр иштөөгө патент салып, айына акы төлөп турушу керек. Патентсиз иштеген мигранттарга 7 миң рубль айып пул, 3-5 жылга өлкөдөн чыгаруу жазасы каралган.

Октябрдын аягында Москванын мэри Сергей Собянин мигранттар алган патенттен жана төлөгөн салыктардан шаардын бюджетине 14 миллиард рублга чейин пайда түшкөнүн билдирген. Келаткан жылы Орусияда патент дагы бир топ кымбаттап, Москвада патенттин бир айлык акысы 5 миң рубль болот.

Орусиянын Борбордук банкынын маалыматы боюнча 2017-жылы мигранттардын Тажикстанга акча которуулары өткөн жылга салыштырмалуу 600 миллион долларга көбөйүп, 2 миллиард 536 миллионду түзгөн. Адистердин баамында, тажик мигранттарынын акча которуулары өлкөнүн бюджетин 37 пайызга толтурууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG