Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:23

Кыргыздарды корейге "айланткандарга" иш козголду


Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматында иштегендерге кылмыш ишин козгоду. Алар кыргыз жарандарын Түштүк Кореяга жөнөтүү үчүн туура эмес документ жасап, мыйзамсыз схема түзгөн деп шектелүүдө. Буга чейин бул схемадан 50дөн ашык жаран жабыр тартканы маалымдалган.

Түштүк Кореяга иштөөнү көздөп аты-жөнүн Анатолий Ким кылып өзгөрткөн Марат Акылбековдун айтымында, 50дөн ашык адам алдамчылык менен алектенген компанияны жана аларга ортоктош болгон мамлекеттик кызматкерлерди жазага тартууну суранып келген:

- Эми кылмыш иши козголгон соң иш алдыга жылат деп күтүп жатабыз. Буга чейин көңүл бурбай келген да. Массалык маалымат каражаттарына чыккандан кийин көңүл бурула баштады.

Түштүк Кореяга барып иштөө үчүн ондогон кыргыз жарандары жергиликтүү этникалык корейлер менен формалдуу никеге турганы боюнча биринчилерден болуп "Азаттык" үналгысы маалымдап чыккан эле.

"Бишкек Альянс" аттуу ишкана Кореяга виза алып берүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү менен бирге кыргызстандык жарандарга мыйзам бузуу менен документ даярдап, акысына үч миң доллардан жети миң долларга чейин алганы маалым болгон.

Арыздын негизинде Бишкек шаардык милициясы компанияга карата кылмыш ишин козгогон. Бирок бул ишке аралашкан Мамлекеттик каттоо кызматкерлерине чара көрүлө элек болчу.

2-мартта Башкы прокуратура Мамкаттоо кызматынын Бишкектеги бөлүмдөрүнүн башчыларына кылмыш ишин козгоду. Алар Кылмыш кодексинин "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" жана "документ жасоо" беренелери боюнча айыпталууда.

Козголгон кылмыш иши тууралуу Башкы көзөмөл органдын өкүлү Назик Байгазинова "Азаттык" үналгысына төмөнкүлөрдү билдирди:

- Бишкек шаарынын Ленин, Свердлов, Октябрь жана Биринчи Май райондорунун калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин өкүлдөрү 2016-жылдын июнь-сентябрь айларына чейин Кыргыз Республикасынын 56 жаранынын атын жана фамилиясын өзгөртүү үчүн жасалма никеге тургузуп, никени бузган фактылар аныкталды. Жогорудагы кызмат адамдары өздөрүнө пайда табуу үчүн кайсы бир компания менен бүтүмгө келип, Түштүк Кореяга жарандардын тоскоолдуксуз кетишин уюштуруп турган.

Учурда козголгон кылмыш ишти УКМК тергеп жатат. Бирок айрым жабырлануучулар алдамчылыктын накта уюштуруучулары эркиндикте жүргөнүн айтышууда. Маселен, жабырлануучулардын бири Бакыт Карагулов чыныгы күнөөкөр адамдардын жоопкерчиликке тартыла электигине көңүл бурду:

- Азыр компанияны уштурган Рахат Сматова деген адам боштондукта. Ал өлкөдөн чыгып кеткен экен. Мына ушулар жазага тартылса жакшы болот эле.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо талабы да айтылууда. Жарандык активист Рита Карасартова Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев баш болгон жетекчилердин жоопкерчилиги каралышы керек деген пикирде:

- Далилдегенден фактылар турса да бийликке жакын же партиялаш болсо эч кандай жоопкерчиликке тартылбаган кол тийгистер пайда болду. Ал эми мамлекетке эч кандай зыян келтирбесе да лицензияны узарткан деп кылмыш ишин козгошот. Мындай туура эмес экенин баары көрүп турушат.

Кыргызстандын жарандык негизги документтери.
Кыргызстандын жарандык негизги документтери.

Бирок Мамлекеттик каттоо кызматы бул иш боюнча бардык күнөөлүүлөр жазаланарын жана орган жетекчилигинин айыбы жоктугун айтууда. Мамкаттоонун маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, бул алдамчылык схема органдын ички иликтөөсүнүн негизинде аныкталган:

- Бул жерде бир нерсеге көңүл бурушубуз керек. Бул мыйзамсыз иш Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинин буйругунун негизинде иликтенип, ачыкка чыкты. Эгер бизде аны жаап коюу боюнча кызыкчылык болсо, мындай кадам жасалбайт эле. Иликтөө жыйынтыгында 13 кызматкерге чара көрүлүп, сегиз адам кызматтан алынды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Бакиевдерге таандык делген Бишкектеги имаратка байланыштуу чырдан улам кызматынан убактылуу четтетилген.

Сарпашев өзүнө каршы аракеттерди саясатка байланыштырып, иштен кетишине кызыкдар күчтөр бар экенин билдирген. Учурда бул иш боюнча мекемелер аралык комиссия да иштеп жатат.

"Азаттык" үналгысынын паспорт чыры боюнча 8-февралда даярдаган видеоматериалы:

Паспорт чыры: корейге айланган кыргыздар
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:22 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG