Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Корейге айлангандардын чыры сотко жетти


Бишкектин Свердлов райондук соту Түштүк Кореяга иштегени барчу жарандарга жасалма документ даярдоо фактысы боюнча ишти карап жатат. Бул иш боюнча эки адам айыпталууда.

Алардын биринин жакындары анын бул ишке катышы жоктугун жана башкы уюштуруучулар качып кетип, ал кармалып калганын айтышууда. Калыс чечимди талап кылып, президент баштаган бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошту. Жабырлануучу тарап муну четке кагып, акчасын өндүрүп берүүнү соттон өтүнүп жатышат.

Түштүк Кореяга кетүү максатында жасалма документ менен аты-жөнүн корейче өзгөрткөн он адамдын доо арызын Свердлов райондук соту быйыл апрелден тарта карай баштаган. Учурда соттук териштирүүдө жабырлануучулар көрсөтмө берип жатышат. Иш боюнча айыпталып жаткан эки адамдын бири Жоомарт Садыков Кореяга виза алып берүүнү убада кылгандарга байланышы бар деген кине менен кармалган.

Дагы бир айыпталуучу - Сайкал Бекмамбетова. Ал ортомчулук милдетти аткарып, Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен бирге жасалма документ даярдоого аралашкан деп шектелип жатат.

Бирок шектүү Жоомарт Садыковдун жакындары коюлган айыпка макул эмес. Анын атасы Таалайбек Садыков башкы шылуундар четте жүргөнүн, бардык күнөө уулуна жүктөлүп калганын билдирип чыкты:

- Менин балам болгону таксист. Ушу күнгө чейин Тергөө абагында отурат. Апасы экөөбүздүн тең көзүбүз азиз. Ажырашып кеткенбиз, эки бөлөк турабыз. Балам апасы, келиним жана неберем менен Бишкектин 6-кичи районунда көзү азиздерге курулган бир бөлмөлүү үйдө жашачу. Алдамчылык кылып, жыргап бирөөлөрдүн акчасын жеп жүрсө эмнеге кичинекей батирде жашайт эле?

Ал эми шылуундарга алданып калдык деп сотко кайрылган жарандар бул айтылгандарды четке кагышууда. Алар Жоомарт Садыков жасалма документтердин негизинде виза алып берүүнү убада кылгандар менен тыгыз байланышта деп эсептешет. 60 жаштагы жергиликтүү корей аял менен жасалма никеге туруп, аты-жөнүн Анатолий Ким деп өзгөртүп, азыр ошол паспортту көтөрүп жүргөн Марат Акылбеков Жоомарт Садыков алдамчы фирманын жетекчисинин тууганы экенин белгиледи:

- Атасы Жоомарт Садыковдун күнөөсү жок деп жатат. Кореянын Кыргызстандагы элчилигине визага барганда жасалма документтер бүт анын машинесинде турчу. Көп папка жүрчү. Ошолордун ичинен менин документтеримди таап берген. Ошондо жалпы жарандык паспорттон башкасынын баары жасалма документтер экенин көргөм. Рахат (шектүү адам) да айткан "биздин адамдар, биздин компаниянын кишилери" деп. Жоомартты да, Сайкалды да.

Шектүүнүн атасы Таалайбек Садыков мурда алдамчылык үчүн шарттуу соттолуп, кийинчерээк Бишкек Альянс LTD деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом түзүп, жарандарды жасалма документтер менен Түштүк Кореяга кетирип жүргөн Рахат Сматова жээнинин аялы экенин ырастады.

Бирок баласы анын ишинен кабары жоктугун жана тууганы үчүн жооп берүүгө тийиш эместигин кайталоодо. Жабырлануучулар болсо кармалган адамдардын артынан чыныгы күнөөкөрлөрдүн жоопкерчилигин кароону, алданган акчасын өндүрүүнү талап кылууда:

- Азыр айыпталган эки адамды да бошотуу аракети жүрүп жатат. Биз буга каршыбыз. Алар кылган иштерин моюну менен тартышы керек, - деди Чолпон аттуу жабырлануучу.

Кореяга кетпей калган ондон ашуун адам Bishkek Alliance LTD жоопкерчилиги чектелген коому Кореяга виза алып берүүнү убада кылып, Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен бирге документ даярдап, акысына үч миң доллардан жети миң долларга чейин алганын, бирок алдап кеткенин быйыл февралда айтып чыккан. Алардын арызынын негизинде Свердлов райондук милициясы кылмыш ишин козгогон. Бирок аталган фирма жабылып, аны иштеткендер качып кеткени белгилүү болгон. Укук коргоо органдары фирманын негиздөөчүлөрү Деңиз Мелисов жана Рахат Сматовага эл аралык издөө жарыялаган. Жабырлануучулар бул эки адам башка паспорт менен Кыргызстандан чыгып кеткенин болгошууда.

Кореяда чет өлкөлөрдө жашаган бардык этникалык мекендештер үчүн жеңилдиктерди караган программа бар. Анын алкагында кыргызстандык корейлер да ашыкча түйшүксүз виза ачтырып, оңой кете алышат. Бишкек Альянс LTD жоопкерчилиги чектелген коому ушул жагдайдан пайдаланган. Алгач бир нече жаранды корей ысымы менен оңой эле кетирип жүрүшкөн болсо, акыркы кезде ал өлкө бийлиги мындай адамдардын көп келип жатканын байкап, көзөмөлдү күчөткөн. Жакында эле Түштүк Кореяда "мыйзамсыз виза алган" деген негиз менен алты кыргызстандык кармалган. Алардын төртөө депортацияланганын Кыргызстандын Сеулдагы консулу Нурзат Саякбек кызы маалымдады:

- Этникалык корейлерге деген визаларды мыйзамсыз алгандыгы үчүн эки жылга шарттуу кесилген төрт жаран болчу 11-майда Кыргызстанга депортацияланды. Эки жарандын ишин Түштүк Кореянын укук коргоо органдары карап жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматы өз кызматкерлеринин бул ишке аралашканы боюнча комиссия түзүп, иликтөөнүн жүрүшүндө никеге тургузуу, ажыраштыруу, фамилия, аты-жөнүн өзгөртүү жараяндары мыйзам бузуу менен ишке ашканын билдирген. Мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, жалпы 13 кызматкерге чара көрүлүп, анын онун иштен алуу чечими кабыл алынганы менен аларды кетирүү кыйынга турууда:

- Экөөнү гана иштен алдык. Калганы ооругандыгы тууралуу маалымкатты кайра-кайра алып жүрүшөт, айлык алып коюп. Аларды иштен кетире албайт экенбиз. Кетирели десең сотко берип утуп алат экен.

Ишти Башкы прокуратура да текшерип, Бишкек шаарынын Ленин, Свердлов, Биринчи Май жана Октябрь райондук ЗАГС бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери 2016-жылдын июнь-сентябрь айларында Кыргызстандын 56 жаранын мыйзамсыз ажыраштырып, кайра никеге тургузуп жана фамилия алмаштырганын аныктаган.

"Азаттык" үналгысынын паспорт чыры боюнча 8-февралда даярдаган видеоматериалы:
Паспорт чыры: корейге айланган кыргыздар
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:22 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG