Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 16:49

Биометрикалык паспорт: дагы бир тендер


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда биометрикалык паспорт басып чыгарууга кезектеги тендер жарыяланды.

Биометрикалык паспортко бланктарды сатып алуу боюнча кезектеги тендер 26-февралда жарыяланды. Мамлекеттик каттоо кызматы бул максатта 973 миллион сомдон ашык каражат бөлмөк болду.

Аталган кызматтын басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев тендерге катышууну каалаган ишканалардан арыз 19-мартка чейин кабыл алынарын билдирди:

Ушул тендерге катышкан фирманын тажрыйбасы жетиштүү болушу керек.

«Тендерге жергиликтүү жана чет элдик фирмалар катышса болот. Эң негизги талап - ушул тендерге катышкан фирманын тажрыйбасы жетиштүү болушу керек. Жок эле дегенде биометрикалык паспорт даярдоо боюнча башка өлкөлөрдө эки долбоорду ийгиликтүү ишке ашырышы зарыл. Аны далилдеген тиешелүү документтерди талап кылабыз. Тендерге канча компания катышканы жана кайсы компаниялар экени 19-мартта белгилүү болот».

Тендерден жеңүүчү болгон компания 1,5 миллиондон ашык бланкты Кыргызстанга алып келиши керек. Башкача айтканда, айына туруктуу түрдө 50 миң бланкты даярдашы зарыл.

Бул тендер эмнеге маанилүү?

Балким биометрикалык паспортко бланк сатып алуу боюнча тендер өлкөдө өткөрүлгөн көп сынактын бири болмок. Бирок тендерге кызыгуу жараткан бир нече жагдай бар.

Быйыл февралдын башында АКШ Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү чектеп, иммиграциялык чектөө киргизген. Буга негизги себептердин бири өлкөдө биометрикалык паспорт бериле элек экендиги көрсөтүлгөн. Кошмо Штаттар электрондук паспорт бериле баштаса гана кыргыз жарандарына карата чектөөнү алуу каралаарын билдирген болчу. Дал ушул жагдай кыргыз өкмөтүн тендерди эртерээк жарыялоого түрткү болду көрүнөт.

АКШнын Кыргызстандын жарандарына виза берүүдөн баш тартуу тенденциясы.
АКШнын Кыргызстандын жарандарына виза берүүдөн баш тартуу тенденциясы.

Биометрикалык паспортко байланыштуу дагы бир чырлуу жагдай буга чейинки тендерге барып такалат. Тагыраагы 2018-жылы жарыяланган сынакта паспорт литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Жыйынтыгында тендер боюнча кылмыш иши козголуп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлер «литвалык компаниянын утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыпталган. Анын алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев күнөлүү деп табылып, акчалай айып салынды.

Чырдын айынан кылмыш иши козголгон Мамкаттоонун мурдагы төрайымы Алина Шаикова болсо изин жашырып, издөө жарыяланган. Бул чатакта УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун да аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Мына ушундай жаңжал менен коштолгон тендерден кийинки сынак кандай өтөт жана мурдагыдай мыйзам бузууга жол берилбейби деген суроолор жаралууда. Мамкаттоо мурдагы эрежелер көп деле өзгөрүлбөгөнүн, бирок талаптар күчөтүлөрүн билдирүүдө.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева бул тендерге көзөмөлдү күчөтүү зарыл деп эсептейт. Депутаттын айтымында, бул жолку сынак коррупция же дагы башка мыйзам бузуу менен коштолсо, анда кесепети оор болот.

Элвира Сурабалдиева/
Элвира Сурабалдиева/

«Буга чейинки тендер жаңжал менен коштолуп, ушунча кылмыш иши козголгон соң мурда кетирген каталарды эске алып, өкмөт менен парламенттин көзөмөлү күчтүү болот деп ойлойм. Мурдагыдай кырдаал түзүлбөшү үчүн тендер баштан-аяк ачык жүрүп, эл маалымат алышы керек. Дал ушул маселеден улам АКШнын чектөө киргизгени чоң сокку болду. Муну эске алып, бардык тараптар бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алышы зарыл. Ошол эле кезде бул тендерге канча жана кайсы компаниялар катышары белгисиз. Бул 19-февралда тендердин алгачкы айлампасында билинет», - деди ал.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары, эксперт Канат Муканов маселе тендерди жарыялоодо эмес, эл аралык стандарттарга жооп берчү паспорт даярдаган компанияны тандоодо экенин белгиледи:

«Тендерди жарыялоодо «мурда эле катышып жүргөн беш-алты компания катышты, болду» деп отура бербей Мамлекеттик каттоо кызматы эл аралык деңгээлдеги компанияларга кайрылса жакшы болмок. Мисалы, ошол эле АКШдагы компаниялар катышып, утуп чыкса кандай жакшы! Бул багытта иш алып барган атактуу компаниялар белгилүү эле. Биз болсо «ачык тендер жарыяладык» деп коюп эле эч кандай аракет көрбөй отуруп калып жатабыз».

Электрондук паспорт деген кадимки эле 50 барактан турган документ. Бир гана өзгөчөлүгү - адамдын сүрөтү коюлган барагында электрондук чип орнотулат жана ичиндеги маалыматтар жогорку деңгээлде сакталышы керек.

Кыргызстанда жарандарга жалпы улуттук паспорт жана ички паспорт болуп саналган ID карт берилет. Биометрикалык ID карт 2017-жылдан тартып бериле баштаган. Ал үчүн бланктарды Түштүк Корея Кыргызстанга жардам иретинде бекер берип келет. Ал эми буга чейин жалпы улуттук паспортту британиялык «Де Ля Ру» компаниясы басып келген.

Кыргызстанда паспорт жасоо коррупциялашкан тармактардын бири болуп эсептелип, буга чейин дүйнөнүн бир нече өлкөсүндө террордук аракеттер жана башка кылмыштар үчүн шек саналган кишилер жасалма кыргыз паспортун колдонгону аныкталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (12)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG