Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Кыргыз паспортун кыйырга тараткан «кыраандар»


Кыргыз паспортун кыйырга тараткан «кыраандар»
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:23 0:00

2019-жылы жыл башынан бери мыйзамсыз паспорт берүү фактысына байланыштуу 36 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Жогорку Кеңештин «Республика – Ата Журт» фракциясынын 15-ноябрдагы жыйынында билдирди. Анын маалыматына караганда, мыйзамсыз паспорт берүү боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Жакында эле Стамбулда киши колдуу болгон Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспорту берилгени аныкталган. Ал жасалма паспортту Сузак районунан алганы белгилүү болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул фактыга байланыштуу 1,5 ай мурда райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып коюлуп, иш сотко өткөнүн жарыялады.
Кыргыз паспортторуна байланыштуу жыл сайын, ай сайын эле чуулгандуу окуялар катталат, паспорттор мыйзамсыз берилген, жасалма паспорттор деп ондогон кылмыш иштери козголот, ондогон адамдарга айып тагылат. Бирок жыйынтыгы эмне менен аяктаганы, ким кандай жаза алганы көп эле учурда белгисиз бойдон калат. "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн 2018-жылы 25-сентябрда коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерин, мыйзамсыз иштер менен кимдер, кантип шугулданганын иликтеген.
XS
SM
MD
LG