Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 12:33

АКШнын чечими паспорт маселесин козгоду


Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык визага чектөө киргизишинин негизги себебин өлкө биометрикалык паспорт жасай албай жатканы менен түшүндүрдү.

Өкмөт ушундан кийин гана бул маселеге кайрадан көңүл буруп, биометрикалык паспортторду келерки жылдан тартып бере турганын билдирүүдө.

АКШ Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү чектеп, анын негизги себеби катары биометрикалык паспорт алигүнчө ишке кире элек экенин жүйө келтирди. Бул чырга удаа эле, Мамлекеттик каттоо кызматы электрондук паспорт чыры эми гана аягына чыкканын белгилеп, жаңыдан тендер жарыяланарын маалымдады.

Мекеменин басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев «Азаттыкка» кийинки жылдан тартып жарандарга биометрикалык паспорт бериле баштай турганын билдирди:

«Мамлекеттик каттоо кызматы электрондук бланктарды сатып алууга жаңы тендер жарыялайт. Азыр уюштуруу иштери жүрүп жатат».

Ушу тапта Вашингтондо жүргөн Аида Касымалиева «Фейсбуктагы» барагында Мамкаттоонун бул дымагы тууралуу пикирин билдирип, өлкө АКШнын «кара тизмесинен» бир жылга чейин чыгышы керек экенин жазды:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

«Мамкаттоонун башчысы паспортторду 2021-жылдан тартып берүү пландалып жатканын айтканына карабастан, бул тизмеден жакын арада чыгыш үчүн парламент жана өзгөчө өкмөт башчы бул маселени өз көзөмөлүнө алышы керек. Башкача айтканда биз бир жыл күтө албайбыз. Мен өзүм Жогорку Кеңеште бул маселени жеке көзөмөлүмө алам».

Кыргызстанда ички жарандык паспортторго 2017-жылдан тартып биометрикалык маалыматтар камтыла баштаган.

Биометрикалык паспортко электрондук бланк алууга байланышкан «паспорт чырына» байланыштуу иш 2018-жылы башталган. Мамкаттоо уюштурган тендерге чет өлкөлүк беш компания катышкан. Анда литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Аталган компания менен кызматташып жүргөн юрист Азамат Бекеновдун «Азаттыкка» ырастаганына караганда, жаңы тендер жарыяланары тууралуу маалымат компанияларга келип түшкөн.

«Эки күн мурун компанияларга Мамкаттоо «Тендерге катышасыңарбы? Өзүңөрдүн бааларыңарды жибергиле» деген сурам жибериптир. Бир айдан кийин кайра жаңыдан тендер болот деген маалыматыбыз бар. Байкашыбызча, паспорттун көлөмү жана алты жылдык мөөнөт ошол бойдон эле калыптыр. Бир жарым млн. даана паспортту тендерден утуп чыккан компания алты жылдын ичинде чыгарып бериши керек», - деди ал.

Азамат Бекенов жаңыдан жарыяланганы жаткан тендерде каражат сом менен көрсөтүлгөнүн белгилеп, бул айрым компанияларды ойлондуруп жаткан учуру экенин кошумчалады:

«Сатып алуу сом менен жүрөрүн айтып атышат. Алты жылда сом кайсы жагына өзгөрөт, кандай болуп кетет деп чочулап, ойлонуп турушат. Ошондуктан бул тендерге көп деле компания катышпаса керек деп ойлойм».

Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө 2019-жылы кабыл алынган жаңы мыйзам боюнча тендер эки баскыч менен өтөт. Ага ылайык, биринчи баскычта компаниялардын квалификациялык жана техникалык дарамети каралат. Талаптарга жооп берген ишканалар экинчи этапка өткөрүлүп, андан кийин гана тендердин баасы ачылат. Ишканалардын ортосундагы сынак ошондон тартып башталат.

Мамлекеттик каттоо кызматы.
Мамлекеттик каттоо кызматы.

Ошол эле учурда Орусия гранттык негизде, эч кандай тендерсиз эле Кыргызстанга 1,5 млн. даана биометрикалык паспорт даярдап берери тууралуу маалыматтар айтылууда. Бирок бул маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматы азырынча ырастаган да элек, төгүнгө да чыгарган жок.

«Бул маалыматка биз комментарий бере албайбыз», - деди Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев.

Кыргызстанда биометрикалык паспорт эмгиче берилбей, тескерисинче Кыргызстандын паспорттору жасалма жана мыйзамсыз жол менен дүйнөгө тараган фактылар катталган. Кыргыз паспортун оор кылмыш үчүн айыпталган чет өлкөлүктөр да алып жүргөнү өлкөнүн эл аралык аброюн төмөндөттү деген сын пикирлер да көп. Айрым эксперттер паспорт коопсуздугу жагынан Кыргызстан Борбор Азияда эң артта калганын айтышууда. Мурунку дипломат, саясатчы Бакыт Бешимов «Азаттыктын» «Биз жана дүйнө» берүүсүндөгү маегинде муну баса белгиледи:

Бакыт Бешимов.
Бакыт Бешимов.

«Биздин коңшулар - Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан 2008-2010-жылдары эле, мындан он жыл мурда биометрикалык маалыматтарын алмашып, дүйнө менен тиешелүү деңгээлде алака түзгөн. Кыргызстан анын бирин да аткарган эмес. АКШнын Кыргызстандын жарандарына визалык чектөө киргизишине эң башкы себеп ушул болду, алар муну өздөрү да белгилешти. Кыргыз бийлиги ушундан жакшы сабак алып, тиешелүү чечимге барышы керек. Баарыбызга белгилүү, Кыргызстанда паспорт 90-жылдардан бери эле криминалдык бизнеске айланган».

Кыргыз бийлигинин 2019-жылдан тартып биометрикалык паспортторду берүү аракетин жокко чыгарган «паспорт чырына» байланыштуу бир жылдан ашуун убакытка созулган ишке быйыл, январдын башында чекит коюлду. Бишкектин Биринчи май райондук соту тендер боюнча иш козголгон Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Руслан Сарыбаевге жана Данияр Бакчиевге, ошондой эле «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы Талант Абдуллаевге алты категориядагы айыппул салып, өздөрүн эркиндикте калтырган чечим чыгарган.

Ушундан улам айрым байкоочулар өлкөнүн аброюна көө жапкан ишке жеткирген жетекчилерге жумшак жаза берилген деп эсептешет.

Айбек Турдалиев.
Айбек Турдалиев.

«Бул жетекчилердин кыргыз паспортун жасоого карата шалаакы иши үчүн өтө эле жеңил жаза берилип калды. Себеби булардан кийинки кызматкерлер, ишканалар да «айыбы жеңил эле экен, муну кайталаса болот» дегендей ойдо калышы мүмкүн. АКШнын визалык чектөөсү да ушул биометрикалык паспортко байланыштуу болуп жатканы бул маселеге жоопкерчиликтүү мамилени талап кылат», - дейт Журналисттик иликтөөлөр фондунун төрагасы Айбек Турдалиев.

Жаңы үлгүдөгү электрондук паспорттогу жарандардын сүрөтү чапталган барагы поликарбонат пластиктен жасалып, ичинде маалымат камтылган чип орнотулат. Ал 40ка жакын коргоочу элементке ээ болот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (32)

XS
SM
MD
LG