Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 27-февраль, 2020 Бишкек убактысы 11:40

Өлкөнү маскара кылган жасалма паспорт


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз паспортторун түрдүү өлкөлөрдүн жарандары алып жүрүп, ар кандай чуулуу иштерге катышканы буга чейин өлкөнүн эл аралык аброюна шек келтирсе, эми АКШ менен мамиленин салкындашына себеп болду.

Кыргызстан жасалма паспорт азабынан качан кутулат? Эмне үчүн кыргыз паспортторун жасап сатууну бизнеске айланткан көрүнүштөр тыйылбай жатат? Өкмөт бул көйгөйдү жоюш үчүн эмне кылышы керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев жана коомдук ишмер Кадыр Кошалиев катышты.

«Азаттык»: - Алмаз мырза, Кыргызстан АКШдан иммиграциялык виза ала албай турган алты мамлекеттин бири болуп калды. Буга террордук актыларга катышкан, чет өлкөлөрдө киши өлтүрүү үчүн айыпталган, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү болгон адамдардын кыргыз паспортун алып жүргөнү негиз берди. Себеби АКШнын бийлиги «виза берилбей турган тизмеге киргизүүгө паспорт коопсуздугунун начардыгы негиз болду» деп расмий түрдө билдирди. Ошол эле учурда Орусияда жана башка өлкөлөрдө «кыргыз паспортун каалагандай жасап беребиз» деген кулактандыруулар ачык эле берилип жатат. Конституция боюнча Кыргызстандын мамлекеттик менчиги жана белгиси болгон паспортко ушундай мамиленин калыптанышына эмне себеп?

Алмаз Мамбетов: - Мен 3-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен жолуктум. Ал мындай чектөө АКШда жашоо үчүн Кыргызстандан кетип жаткан жана грин-карт алууга умтулган жарандарга чек коюш үчүн киргизилгенин билдирди. Ал эми иш боюнча же турист, конок катары баргандарга виза мурдагыдай эле берилет экен.

Паспорт өзгөчө документ катары ар бир 10 жылда алмаштырылып турушу керек. Азыр колдонулуп жаткан паспорт 2006-жылы киргизилген. Демек, 2016-жылы өзгөртүшүбүз керек болчу. Биз биометрикалык паспорт берүүгө өтүшүбүз керек эле. КМШдагы мамлекеттердин ичинен Беларус менен Кыргызстан эле биометрикалык паспортко өтө элек. Ал боюнча 2018-жылы тендер өткөрөбүз деген иштин натыйжасында Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымына издөө жарыяланып, орун басарларынын иши тергелди. Тендерге катышкан эки компаниянын арызынын негизинде сот ишти токтотуп, убакытка уттурдук. Жогорку соттун декабрь айындагы чечиминин негизинде гана эми кайрадан киришип жатабыз.

Алмаз Мамбетов.
Алмаз Мамбетов.

Биздин план боюнча 2020-жылдын аягында же 2021-жылдын башында биометрикалык паспорттор бериле баштайт. Андан кийин паспортту өзүбүздө басып чыгаруу ишин баштайбыз. Ал эми Орусияда же башка өлкөлөрдө Кыргызстандын гана эмес, дүйнөдөгү көп өлкөлөрдүн паспорттору жасалып келген. Бир гана кыргыз паспорту жасалган жери жок.

Кыргыз паспортун Орусияда өзбек же тажик жарандары алууга абдан кызыгат, себеби ишке орношуу жеңил. Ал эми биздин паспорттордун көп жасалышына 1994-жылы чыккан улуттук биринчи паспорт берилгенде кеткен каталар менен ошондо жоголгон паспорттор өбөлгө түздү. Мисалы, 1994-жылы 3 миллион паспорт жасалса, анын 117 миңи дайынсыз жоголгон. Ошол паспортту алган адамдар кийин жаңы паспортко оңой эле алмаштырып алышкан.

«Азаттык»: - Абдывахап мырза, бул маселе парламентте жылына жок дегенде он чакты жолу көтөрүлүп, депутаттар өкмөттү сындайт, бирок абал өзгөргөн жери жок. Парламентте ушул маселе боюнча иш жүргүзгөн комитеттин бир жетекчиси катары буга эмне себеп деген ойдосуз? Бул жерде субъективдүү себеп күчтүүбү же объективдүүбү?

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

Абдывахап Нурбаев: - Көп жылдан бери талашка түшкөн паспорт чатагынын чыгышына өкмөттүн чабалдыгы жол берди. Анткени, өкмөт тендерди ачык өткөргөн жок. Ошол тендерге катышкан компаниялар тууралуу маалыматтар ачык берилип, жыйынтыгы да ачык чыгарылса натыйжа башкача болмок. Бул жерде эң башкы мүшкүл өкмөттүн чабалдыгына байланыштуу болууда.

«Азаттык»: - Кадыр мырза, көп чуулгандуу иштерге катышы бар адамдардын кыргыз паспортун алып жүргөнү Кыргызстандын эл аралык аброюна шек келтирип, кадыр-баркын кетиргендиги ашкере болуп жатат. Ал эми «паспорттон улут жөнүндөгү графанын алынгандыгы түрдүү өлкөлөрдүн жарандарынын жасалма паспортту алып, аны менен КМШдагы мамлекеттерге өтүшүнө жол ачты, демек ошону менен коррупциялык схеманын өнүгүшүн шарттап жатат» деген ойлор айтылып жатат. Ага негиз барбы?

Кадыр Кошалиев: - Паспорт маселеси Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган кырдаал түзүп койду. Анткени, бул жерде эки кылмыш катары менен жасалып жатат. Биринчиден, паспорт мыйзамсыз түрдө берилсе, экинчиден, Кыргызстандын жарандыгы жок, өтө коркунучтуу кылмыштуу дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө жасалма паспорт берүү аркылуу жарандык берилип жатат.

Кадыр Кошалиев.
Кадыр Кошалиев.

Жасалма паспорт берүүгө түз же кыйыр катышкан адамдарга карата жазаны күчөтүү зарыл. Андан тышкары паспорт жана башка мамлекеттик маанилүү документтерди даярдоо, берүү иши жеке ишкерликтен алынып, мамлекеттин гана көзөмөлүнө берилиши керек. Бул иште мурунку жана кийинки өкмөттөр өз кызыкчылыгына жараша ылайыктап, бизнес жасап отуруп алышып, Кыргызстандын эл аралык беделин түшүргөн абалга жеткирди.

Ал эми паспорттон улут деген графаны алып таштоо жасалма паспорт жасоо боюнча коррупциялык иштердин күчөшүнө түздөн-түз шарт түздү. Ошон үчүн аны кайра калыбына келтириш керек. Жасалма паспорт жасоо бизнесинин бетин ачууга ички иштер органдары чындап киришсе эбак эле табышмак. Тескерисинче, алар өздөрү кандайдыр бир пайда көргөн үчүн көз жумду мамиле кылып жатышат.

«Азаттык»: - Алмаз мырза, Грузиянын жараны Зелимхан Хангошвилини өлтүрдү деген шек менен кармалган Орусиянын ФСБсынын мурдагы кызматкери Вадим Красиковдун Вадим Соколов деген ат менен Кыргызстандын паспортун алып жүргөндүгү, ага чейин Украинадагы жардырууда кармалган Андрей Ломако деген адам да кыргыз паспортун алып жүргөнү маалымдалган. Ушундан улам чет өлкөлөр, анын ичинде Орусиянын атайын кызматтарынын өкүлдөрү кыргыз паспортун оңой алышат деген пикирлер көп айтылып жатат. Мамлекеттик каттоо кызматы мурда «алар жасалма паспорт» деп билдирген. Бирок мындай көрүнүштөр улам кайталанып жаткандан кийин тыюу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат? Же «алар жасалма паспорт» деген билдирүү менен эле чектелип коюу жетиштүү деген ойдосуздарбы?

Алмаз Мамбетов: - Биз жасалма паспорт жасагандарды же паспортту мыйзамсыз берген адамдарды тастыктап, аныктап туруп Ички иштер министрлигине, прокуратурага берип жатабыз. Бирок алар «мөөнөтү өтүп кетти» деп жазалабай коюп, козголгон иштер жабылып калууда. Алар «мыйзам жол бербейт» деп жатышат. Ошон үчүн паспортту мыйзамсыз бергендерге, паспортун жоготкондорго жана жасалма паспорт жасап саткандарга карата жазаны күчөтүү керек. Анткени бул Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздугу жана аброю менен байланышкан маселе. Паспорт боюнча мыйзамсыз ишке барган адамдын иши мамлекетке чыккынчылык кылууга барабар.

Кадыр Кошалиев: - Мен паспорт боюнча жаза алган адам тууралуу уккан жокмун. Кырдаал ушундай абалга жеткенден кийин, демек президент өзү паспорт жана башка мамлекеттик документтерди берүү тармагын инвентаризациялашы керек. Ал үчүн бардык мекеме, уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген атайын комиссия түзүп иштетиши керек.

«Азаттык»: - Демек, Кыргызстандын бийлиги паспорт чатагын тезинен жөнгө салып, эл аралык кадыр-баркын калыбына келтирүү аракетин көрүшү зарыл. Эгер тезинен жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик менен аракет көрүлбөсө келечек муундун жолун бууган көрүнүшкө туш келүү ажеп эмес деген ойдо талкуубузду аяктайлы.

Талкууну толугу менен бул жерден көрүңүз:

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Пикирлерди көрүңүз (17)

XS
SM
MD
LG