Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Кыргыз паспорту кайрадан талкууда


Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Жыл башынан бери мыйзамсыз паспорт берүү фактысына байланыштуу 36 кылмыш иши козголду. Мунун алдында Түркияда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитиден да, аны өлтүрүү боюнча шектүү катары кармалгандардан да кыргыз паспорту табылган.

Мурдараак болсо ондогон чет элдиктер, кылмышкерлер Кыргызстандын документи менен колго түшкөн учурлар катталган. Ошентсе да жаңы фактылар кыргыз документинин жагдайын кайрадан талкууга чыгарды.

Саймаитинин кыргыз паспорту

Кыргызстандын документине байланыштуу маселе өткөн аптада парламенттин жалпы жыйынында, андан кийин «Республика – Ата Журт» фракциясынын отурумунда да козголду.

Анда алгач депутат Калдарбек Баймуратов Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитиден жана ага кол салуу үчүн шек саналып жаткан жарандардан кыргыз паспорту табылганын белгилеп, бул үчүн тиешелүү органдарды сынга алды:

Калдарбек Баймуратов.
Калдарбек Баймуратов.

- Баягыда Түркияда 86 кыргыз паспорту кармалган. Эми болсо Стамбулда болгон кылмыштан кийин да жаңы фактылар чыгып жатат. Таптакыр эле фамилиясы башкача, түшүнүксүз адамдар «Кыргызстандын жараны» деп жүрөт. Массалык маалымат каражаттары Интернетте «кыргыз паспорттору сатылып кеткен, тиги-бу» деп жазып жатышат. Ушуга оро-пара эле паспорт чырына байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси качып кеткени кабарланды. Бул кыргыз паспортунун чыры качанга чейин уланат, аягына жетебизби деги?!

Ооба, 10-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиден кыргыз паспорту табылган. Мунун артынан эле Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, Саймаитиге жасалма кыргыз паспорту берилгени аныкталганын кабарлаган. Ал жасалма паспортту Сузак районунан алганы белгилүү болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул фактыга байланыштуу 1,5 ай мурда райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып коюлуп, иш сотко өткөнүн жарыялады.

Айеркен Саймаити.
Айеркен Саймаити.

Саймаити Кыргызстанда издөөдө жүргөн. ИИМдин 13-ноябрдагы маалыматына ылайык, Саймаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылган.

Ал эми Түркиянын коопсуздук күчтөрү Саймаитини өлтүрүү боюнча шектүү катары кармалган үч кишинин экөөнөн да кыргыз паспорту алынганын жарыялады. Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы болсо алардын аты-жөнү базадан чыкпай жатканын, алар кыргыз жараны болбошу мүмкүн экенин билдирүү менен чектелди.

Аталган фракциянын жыйынында Башкы прокуратуранын Тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Жыргалбек Исмаилов соңку фактылар жөнүндө кеп салды:

- 86 паспорт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргөн. Иш сотто жыйынтыкталып, тиешелүү кишилер жазасын алган. Ошол эле учурда бул факт боюнча Кытайдын издөөдө жүргөн уйгур жарандары да бар. Мындан сырткары Саймаити дегенге паспорт берилгени боюнча паспорттук столдун жетекчисине карата кылмыш иши козголуп, иш сотко жөнөтүлгөн. Азыркы күндө иш соттук кароодо турат.

Өзүнчө кеп болгон паспорттордун тизмеси алдыда айтылгандай 80ден ашык эмес, 100гө жакын болчу. Анда да Кытайдан келген уйгур жарандарына берилгени ачыкка чыккан.

Тагыраагы 2016-жылдын 17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган 98 уйгур улутундагы адамдан кыргыз паспорту алынган. Маалыматтарга ылайык, кыргыз паспортун уйгурлар аэропорттогу паспорттук текшерүүдөн өтүп, транзиттик зонада төрт кишиден алышкан. Уйгурлар ар бир жасалма паспорт үчүн 2 500 евродон төлөгөнү айтылат. Аларды коштоп жүргөн төрт киши да кармалганы кабарланган.

Фактыны болсо жогоруда белгиленгендей Кыргызстанда УКМК иликтеген.

Дагы жаңы фактылар чыкты

Стамбулдагы жасалма кыргыз паспорттору боюнча коомчулукту дүңгүрөткөн окуядан бир жылдан кийин, кайра эле ушул шаарда жаңы факт катталган. Тагыраагы 2017-жылы түркиялык басылмалар теракт жасаган адам менен байланышта болгон деген шек менен кармалгандардан кыргыз паспорттору табылганын жазып чыгышкан.

2017-жылы ошондой эле Түштүк Кореяга кетүүнү каалаган 50дөн ашык кыргыз жаранынын аты-жөнүн корейче өзгөртүп, аларга жасалма документтер берилген факты катталган.

Былтыр Испанияда кармалган орусиялык кримтөбөл Борис Матузныйдын жанынан кыргыз паспорту алынса, ушул эле жылы Тажикстанда эл аралык издөөдө жүргөн тажик жаранынан да Кыргызстанга таандык документ болгону аныкталган. Быйыл болсо Казакстанда киши өлтүрүү боюнча шектүү катары Интерполдун издөөсүндө жүргөн, 53 жаштагы Бакытжан Успановдон кыргыз паспорту табылган.

Демек, мыйзамсыз паспорт берүү дагы эле токтой элек экендиги айгинеленүүдө. Муну ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметовдун маалыматтары да ырастоодо.

Мирлан Каниметов.
Мирлан Каниметов.

- 2019-жылдын башынан бери мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 36 кылмыш иши козголду. Бүгүнкү күндө бул фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Негизинен Мамкаттоонун кызматкерлеринин үстүнөн козголгон иштер, - деди Каниметов.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги былтыр 2015-2016-жылдары мыйзамсыз паспорт берүүгө, жасалма паспортторго байланыштуу 228 кылмыш иши козголуп, 125и сотко жөнөтүлгөнүн, ондогон кылмыш иштери айыпталуучунун кайда экенин аныктоо мүмкүн болбогондуктан жана «кылмыш жообуна тартыла турган адамдар аныкталган жок» деген жүйө менен токтотулганын билдирген.

Бул чөйрөдөгү маселени мурдатан көтөрүп келе жаткан депутат Кенжебек Бокоев биометрикалык паспорт берүү мыйзамсыздыкты токтоткон жок деп эсептейт.

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Кыргыз паспорту кимдерге гана берилген жок? - деди ал. - Мунун баары бизде паспорт берүүдө чоң коррупциялык схема бар экенин далилдейт. «Адамдын бармак изин, башка белгилерин алып биометрикалык паспорт чыгарсак эле ушул токтойт» деп атышты эле. Демек болуп жаткан экен да. Паспорттор ушул күндөрү деле сатылып жатат. Ушуну жоготмоюнча болбойт.

Кыргызстанда жарандарга паспорттор 2012-жылдан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагындагы «Инфоком» мамлекеттик жекелештирүү борбору тарабынан берилип келе жатат. Аталган борбор башында ички паспортторду гана чыгарса, 2013-жылдын сентябрынан тартып жалпы жарандык паспортторду да чыгара баштаган. Ушул эле мекеме 2017-жылдан тартып биометрикалык ID карт же ички паспорт берип келатат.

Кыргызстандын биометрикалык паспорту.
Кыргызстандын биометрикалык паспорту.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматкери Адилет Бейшеналиев документтер боюнча мыйзамсыздык көбүнчө алардын мекемесинин сыртында болуп жатканын билдирди: ​

«Мыйзамсыз паспорт алды» дегендер бул көбүнчө кайра эле 1994-жылкы паспортторго барып такалат.


- «Мыйзамсыз паспорт алды» дегендер бул көбүнчө кайра эле 1994-жылкы паспортторго барып такалат. Ал учурда документтердин коргоочу элементтери аз болчу, жада калса айрым маалыматтар кол менен толтурулчу. Биринчи ошону мыйзамсыз алып, анан кийин жаңы паспортторго алмаштырып алгандар мурда болгон. Ал эми азыркы күндөгү фактылар бул жасалма паспорттор жөнүндө гана болуп жатат. Алар кандайдыр бир жайда, принтерге окшош жабдуу коюп алып, фотошоптоп, биздин паспортко окшоштуруп документ жасап чыгаргандар. Анан аны алдамчылык менен сатышат. А биздин мекемеде азыр жок адамдарга же Кыргызстандын жарандары болбогон адамдарга паспорт берилбейт. Биометрикалык паспортто андай кылууга такыр мүмкүнчүлүк жок. Анткени адам паспорт алыш үчүн анын биометрикалык маалыматтары биздин базада болушу керек, сүрөткө өзү келип түшүшү керек. Калктын реестринде ал биздин жаран катары каттоодо турушу керек. Маселен, чет элдик жаран «мага паспорт бер» деп келсе, бул маалыматтар чыкпаса ага берилбейт. Ошондуктан бизден мыйзамсыз паспорт берүү дээрлик мүмкүн эмес.

Кыргызстанда быйылтан баштап биометрикалык чет элдик же жалпы жарандык паспорт берүү да башталмак. Бирок ал тендерден кийин чырга жана кылмыш иштерине байланыштуу кармалып келатат. Мамкаттоо ал боюнча соттун чечими чыкса, чет элдик документ келерки жылдан тартып берилиши мүмкүн экенин билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынын жыйыны 15-ноябрда болду.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Кыргыз паспортун кыйырга тараткан «кыраандар»
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:23 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG