Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Паспорт жаңжалында сот чечими чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда катар-катар камоо менен бир нече жетекчини кызматтан кетирген «паспорт чыры» боюнча чечим чыкты.

29-майда Бишкектин район аралык соту жаңы үлгүдөгү паспорттун бланктарын даярдоо боюнча тендердик комиссиянын чечимин жараксыз деп тапты. Бул тууралуу «Азаттыкка» сотко доо арыз менен кайрылган германиялык «Мүлбауэр» компаниясынын өкүлү Азамат Бекенов билдирди:

«Район аралык соттун чечими бүгүн чыкты. Мамкаттоонун 1-февралдагы жана мекеме аралык комиссиянын 21-февралдагы чечимдери толугу менен четке кагылды».

Башкача айтканда, буга чейинки сынакта литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясын жеңүүчү деп тапкан чечим жокко чыгарылды. Эми соттун чечими 30 күндөн соң күчүнө кириши керек. Ошол убакыт ичинде тараптар бул чечимге каршы шаардык сотко кайрылууга укугу бар.

Айрым маалымат каражаттары буга чейинки сынакта жеңүүчү деп табылган «Гарсу Пасаулис» компаниясы сотко кайрыларын жазып чыгышты. Бирок аталган компаниянын кызыкчылыгын коргогон адвокат Бактыбек Жумашев «Азаттыкка» бул туурасында азырынча комментарий бере албай турганын айтты.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы болсо соттун чечими күчүнө кирген соң мындан аркы кадамдар белгилүү болорун кабарлады.

Мамкаттоо.
Мамкаттоо.

«Сот чечимин колубузга алган соң юристтер менен кеңешип, бул иш боюнча мындан аркы кадамдарыбызды аныктайбыз. Анткени соттун чечими 30 күн ичинде күчүнө кирет. Ошондон соң гана биз тендердин чечимин жокко чыгарабыз же башка чечим кабыл алабыз», - деди Мамкаттоонун уюштуруу жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Элзат Кыдырмышева.

Кыргызстанда «Чубактын кунундай чубалган» паспорт жаңжалы быйыл жыл башынан бери уланып келатат. Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге чет өлкөлүк беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тендер чыры боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерде «Гарсу Пасаулис» утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган.

Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Ал эми Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаикова кызматтан кеткен. Ушу тапта Сарыбаев менен Абдуллаев үй камагында отурат.

Бул чатакта УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон эле.

Ошол эле кезде тендер алгач жеңүүчү аталган «Гарсу Пасаулис» компаниясы да «кыргыз өкмөтү милдеттенмелерди аткарган жок» деп Эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын эскерткен болчу. Ал милдеттенмени аткарбаганы үчүн кыргыз өкмөтүнөн жалпысынан 62 миллион доллар кенемте доолай тургандыгы белгилүү болгон.

Ошентип бир топ жетекчилер кызматтан кол жууп, эл аралык деңгээлге чыккан чатактан улам өлкөдө жаңы үлгүдөгү паспорт берүүнүн мөөнөтү создукчудай болуп турат. Анткени сот чечими менен тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылган соң кайрадан сынак жарыялаш керек болот. Бул кеминде жарым жылдан ашык убакытты талап кылат.

Ал эми өлкөдөгү жарандарга берилчү паспорт бланктарынын саны чектелүү экени айтылган. Азырынча Мамкаттоо «жетиштүү санда паспорт бланктары бар, чочулоого негиз жок» деп ишендирүүгө аракет кылууда.

Бирок жарандык активист Рита Карасартова бул чыр улана берсе, өлкөдө паспорт кризиси жаралышы мүмкүн деп чочулап турат.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

«Элге паспорт керек болгон учурда бланк жетишпей, кризис жаралгыдай кырдаал түзүлүшү мүмкүн, - деди ал. - Анткени бланктар саналуу эле. Негизи эле акыркы паспорт чыры боюнча өкмөттүн чечимдери өлкөнүн кадыр-баркын ойлобогон кадамдар болуп жатат. Ошондуктан келечекте мындан да тереңдебеши үчүн жакшылап чечим кабыл алып, коркунучтардын алдын алыш керек»

Кыргызстанда паспорттон тышкары быйыл апрель айында айдоочулук күбөлүк жана автоунаанын техникалык паспортун даярдоого тендер жарыяланышы керек болчу. Паспортко байланыштуу акыркы чырдан улам бул тендер да кечеңдеп жатканы айтылган. Мамкаттоо «Азаттыкка» бул тендер жакынкы күндөрү жарыяланарын кабарлады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG