Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Иранда айрым шаарларда жума намаз өтпөйт


Тегерандын көчөсү. 26-февраль, 2020-жыл.
Тегерандын көчөсү. 26-февраль, 2020-жыл.

Тегеранда жана бир катар шаарларда коронавирус эпидемиясынан улам жума намаздары өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Ирандын маалымат каражаттары кабарлашты.

27-февралда Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Киянуш Жаханпур 24 саатта коронавирустан дагы 7 киши өлгөнүн, бул илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 26 адамга жеткенин билдирди. Кытайдан тышкары мынча көп киши бир да башка өлкөдө каза боло элек болчу.

Жаханпур бейшемби күнкү басма сөз жыйынында бардыгы болуп бир суткада оору 106 кишиден табылганын белгиледи.

Маалымат каражаттары вируска аялдар жана үй-бүлө маселелери боюнча вице-президент Масуме Эбтекар да чалдыкканын жазышты.

Өткөн декабрда Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон вирусту Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 деп атап койгон. Өпкөнүн сезгенишине алып келген коронавирустун бул түрүнөн дүйнөнүн чар тарабында 2 800дөн көп киши өлдү. Алардын көбү Кытайда.

Иран өз жарандарын Кытайдын Ухань шаарынан чыгарып кетип жатат. 5-февраль, 2020-жыл.
Иран өз жарандарын Кытайдын Ухань шаарынан чыгарып кетип жатат. 5-февраль, 2020-жыл.

Оору 50дөй өлкөгө тарап, жалпы жонунан 82 миңден ашуун кишиге жукту.

Иран илдеттин Жакынкы Чыгыштагы эң чоң очогуна айланды. Расмий маалыматка караганда, вирус 250дөй кишиге жуккан. Тегеран эпидемияга каршы чара көрүү аракетинде инфекцияланганы аныкталган же ошондой шек жараткан адамдарга эки жакка саякаттоого тыюу салып, шииттердин ыйык жайларындагы зыяратты чектеди.

Саламаттык сактоо министри Саед Намаки бейшембидеги басма сөз жыйынында эпидемия жайылган аймактарда мектептер дагы 3 күн, университеттер кийинки апта бүт жабык болоорун жарыялады.

Кийинчерээк мамлекеттик телеканал Тегерандагы жума намаз болбой турганын кабарлады.

Кытай жарандарына Иранга кирүүгө тыюу салынганын ИРНА маалымат агенттиги жазды. Агенттик жарыялаган графикага ылайык, вирус 31 чөлкөмдүн 20сына тараган. Ком шаары эң көп жабыркаган аймак бойдон турат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жооптуу өкүлү Майкл Райан вирустун Ирандагы жайылышынын масштабы балким мындан да кеңири болушу мүмкүн деген оюн ортого салды.

«Иран буга чейин бир топ өзгөчө кырдаалдарга туш болгон. Жер титирөөлөр, башка кырсыктар болгондо чукул жардам берген дарыгерлер кесипкөйлүгүн, клиникалык жөндөмүн көргөзө алышкан. Менимче, бул жагынан эч кандай маселе жок. Көзөмөл жана ооруну аныктоо жагынан кемчиликтер болууда деп ойлойм», - деди ал.

Айрым эпидемиологдор Ирандагы бийлик чыныгы абалды жаап-жашырууда деп кооптонушат.

Ирандыктар медициналык беткаптарды сатып алышууда. Тегеран, 20-февраль, 2020-жыл.
Ирандыктар медициналык беткаптарды сатып алышууда. Тегеран, 20-февраль, 2020-жыл.

Ал арада Сауд Арабиясы 27-февралда кичи ажылыкка баргысы келген зыяратчыларга виза берүүнү токтотконун жарыялады. Ал эми июлда башталчу ажылык сапарга эпидемия кандай таасир этери азырынча белгисиз.

Коронавируска байланыштуу иштер Иракта, Пакистанда жана аймактагы башка өлкөлөрдө жүргүзүлүп жатат.

«Пакистан өкмөтү вирустун тарашынын алдын алыш үчүн федералдык жана жергиликтүү деңгээлдерде Иран өкмөтү менен кызматташууда жана кырдаалга көз салып келатат. Ирандын эпидемияны ооздуктоо арактетерин колдойбуз жана аларга толук тилектешпиз», - деди Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айша Фаруки.

Пакистандын өзүндө шаршембиде бир кишиден вирус табылганы кабарланган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG