Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Түштүк Кореядагы кыргыздардын дени сак


Билимбек Зымчыбеков.
Билимбек Зымчыбеков.

Түштүк Кореянын коронавирусту жугузуп алгандар эң көп катталган Тэгу шаарында 20дай кыргызстандык студент бар. Учурда алардын саламаттыгы жакшы. Бул тууралуу «Азаттыкка» Түштүк Кореядагы кыргыз студенттер ассоциациясынын лидерлеринин бири Билимбек Зымчыбеков билдирди.

Билимбек Зымчыбеков Түштүк Кореядагы вирус эң көп катталган Тэгу шаарында окуйт. Ал Тэгу университетинин студенти. Жугуштуу илдет шаарда жайыла баштаганда Билимбек экзамендерин берип жаткан. Баарын тапшырып бүтөрү менен өткөн жумада шаардан чыгып кеткенин айтты:

«Кабарларда биздин көзүбүзчө эле вирусту жугузуп алгандар көбөйө баштады. Алгач алардын саны 100гө жеткени кабарланды. Анан тез эле 150-180ге чамалады. Башында көп деле кооптонуу болгон жок. Бирок вирус тездик менен жайыла баштаганда сыртынан билгизбегени менен баары эле корко баштады окшойт. Мен жума күнү Сеулга кеттим. Вируска чейин эле барып келүүнү пландап жаткам. Ошентсе да жолго чыгарда корктум. Анткени эл көп топтолгон вокзалга барып, анан үч жарым саат автобуста жол тартышым керек эле. Тескерисинче ошол жактардан жугузуп аламбы деп корктум. Кудайдан тиленип, эки ирекет намазымды окуп алып эле жолго чыктым».

Билимбектин айтымында, ушу тапта Тэгу шаарында 21 кыргызстандык студент бар. Ал «Түштүк Кореядагы кыргыз студенттер ассоциациясынын» лидерлеринин бири катары алардын баарынан кабар алып турат.

«Биздин жалпы чатыбыз бар. Мен алар менен такай байланышып турам. Буга чейин деле ден соолугун сурап, кабар алып турчумун. Эми күндө сурап тажатып жибердим окшойт. Азырынча баарынын саламаттыгы жакшы. Алардын көбү дагы эле Тэгу шаарында».

Билимбек Зымчыбек жана Эмилбек Калилов.
Билимбек Зымчыбек жана Эмилбек Калилов.

Тэгу шаары Түштүк Кореяда төртүнчү чоң шаар болуп эсептелет. Калкы 2,5 миллиондун тегерегин түзөт. Соңку маалыматтарга караганда, аталган калаада жана ал жайгашкан Кенсан-Пукто провинциясында эле 900дөй киши жугуштуу илдетке кабылды. Алардын көбү «Синчхончжи» сектасынын мүчөлөрү. Айрым кабарларга караганда, вирус дал ушул сектанын өкүлдөрү сыйынган чиркөөдөн жайыла баштаган. Учурда аймакка өзгөчө эпидемологиялык көзөмөл киргизилди. Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин кырдаалды «абдан олуттуу» деп баалады. Баш калаа Сеулда көп мекемелерде иш токтоп, окуу жайлары убактылуу жабылды. Түштүк Кореядагы кыргыз диаспорасынын активисти, «Seoul Venture Information University» окуу жайынын докторанты Эмил Калилов да үйдөн иштеп жатканын айтып берди:

«Бийлик 24-февралдан баштап эки жумага окуу жайларын жапты. Мекемелерде да убактылуу жумуш токтоду. Көбү үйдөн иштеп жатышат. Мен да үйдөн иштеп атам. Зарыл учурда гана сыртка чыгып жатабыз».

Жалпысынан Түштүк Кореяда беш миңдей кыргызстандык бар. Азырынча журтташтар арасында коркунучтуу вирусту жугузуп алгандар жок. Учурда Кытайдан тышкары Иран, Италия, Түштүк Корея жана Жапония мамлекеттеринде вирусту жугузуп алгандар эң көп катталды.

26-февралга карата Евробиримдик өлкөлөрүндө өпкөнү сезгентчү бул илдетке кабылгандардын саны 400гө чукулдады. 12 киши көз жумду. Ал эми дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 80 миңден ашты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG