Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

Коронавируска байланыштуу Улуттук филармонияда өтчү иш-чаралар токтотулду


Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы.

Коронавирус илдетине байланыштуу Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтчү иш-чаралар токтотулду. Бул тууралуу филармониянын көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтов кабарлады.

Анын сөзүнө караганда, тиешелүү чечимди өкмөт кабыл алган. Ал эми алдыда болчу концерттерге билет алгандардын акчасы кайтарылып берилет.

Коронавирустун алдын алуу иш-чараларынын алкагында 5-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында спектакль коюу убактылуу токтотулган.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөгөн республикалык штаб кыргызстандыктарды массалык иш-чараларды өткөрүүнү чектөөгө жана эл көп жыйналган жерлерден оолак болууга чакырып жатат. Учурда Кыргызстанда вирус жуккан учур катталган жок.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков 6-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында азырынча мектептерде жана жогорку окуу жайларында окууну токтотууга негиз жок экенин айтты. (BTo)

XS
SM
MD
LG