Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Опера жана балет театрында спектаклдер убактылуу токтотулду


Опера жана балет театры.
Опера жана балет театры.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында спектакль коюу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна театрдын директорунун орун басары Елена Смирнова билдирди.

Анын айтымында, мындай чектөө өкмөттүн коронавирусту алдын алуу иш-чараларынын алкагында киргизилди:

"Коронавирустун Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө максатында билим берүү жана маданий мекемелерде иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө буйрук чыккан".

Спектаклдер 31-мартка чейин коюлбайт. Билет сатып алгандар кайра кассага тапшырып же кийинки айларга алмаштырса болот.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 70 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 3 миңдей адам каза болду, 52 миңдейи айыгып чыкты.

Кыргызстанда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирусту алдын алуу максатында 275 чет өлкөлүк жаран учурда 14 күндүк обсервацияда жатат. Ооруну жуктургандар жок. (RK)

XS
SM
MD
LG