Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 05:40

ТИМ: «Grand Princess» кемесинде эки кыргызстандык бар


Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Калифорния штатындагы «Princess Cruises» компаниясына таандык «Grand Princess» лайнеринде кыргызстандык эки жаран бар. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий нотасына таянып, Кыргызстандын АКШдагы элчилиги 6-мартта билдирди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын жарандары «өздөрүн жакшы сезип жатышканын, экипаж мүчөлөрү үч маал тамак берип турарын, бардык жүргүнчүлөрдү каютада кармап турушканын» элчиликке айтышкан. Маалыматта айтылганга караганда элчилик «Grand Princess» кемесиндеги кыргызстандык эки жаран менен тынымсыз байланышта болуп, жагдайды көзөмөлдөп турат.

Элчилик ошондой эле саякат кемеси 9-мартта чукул дарылоого жана ооруканага жаткырууга муктаж жүргүнчүлөрдү түшүрүш үчүн Калифорния штатынын Оклеанд портуна барарын билдирген. «Grand Princess» саякат кемесинде 21 кишиден коронавирус аныкталганы мурда кабарланган.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында кыргызстандык эки жаранга карата коронавируска байланышкан тобокелчилик бар-жогу айтылган эмес.

3-февралда Жапонияда карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесинде коронавируска кабылды деген бир кыргызстандык 15-февралда Токиодогу Аскердик госпиталда текшерилип, коронавирус жукпаганы аныкталды деген негизде 29-февралда госпиталдан чыгарылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин 9-марттагы маалыматына караганда ал жаран Кыргызстанга кайтып келип, 14 күндүк обсервацияга жаткырылды, абалы туруктуу. Анализдери текшерилип жатат.

Расмий маалымат боюнча 9-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жугузгандар жок.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG