Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Ала-Тоо аянтында быйыл Нооруз майрамы уюштурулбайт

Ала-Тоо аянты. Архивдик сүрөт.
Ала-Тоо аянты. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда Нооруз майрамына карата Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында жылда өтчү майрамдык иш-чара быйыл болбойт. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Коронавирусту алдын алуу максатында көрүлүп жаткан мындай чара жер-жерлерде уюштурулчу майрамдык иш-чараларга да тийиштүү болот.

9-мартка карата Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу иштеринин алкагында 286 адам 14 күндүк обсервацияда жатат, эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 3100 адам каза болду, 58 миңдейи айыгып чыкты. (RK)

​
XS
SM
MD
LG