Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Коронавирус көп катталган беш өлкөдө Кыргызстандын 3000ден ашуун жараны бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

«Кытайда 280, Италияда 352, Түштүк Кореяда 2348, Иранда 67, Жапонияда 64 жараныбыз бар. Булар консулдук каттоого тургандар», - деди Абдрахманов.

Сөз болуп жаткан мамлекеттерде акыркы 30 күн ичинде болгон кыргызстандыктар өлкөгө келгенден кийин 14 күн карантинде болот.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда баш-аягы 1500 адамдан анализ алынып, бардыгы таза чыккан. Учурда 300дөн ашык киши обсервацияда жатат.

Өпкөнү сезгенткен коронавирус эң көп Кытайда, Түштүк Кореяда, Иранда, Италияда жана Жапонияда катталды.

28-февралда Кыргызстан аталган өлкөлөрдүн жарандарынын өлкөгө келишине убактылуу чектөө киргизген. (BTo)

XS
SM
MD
LG