Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 29-март, 2020 Бишкек убактысы 17:27

Коронавирус: Ноорузга арналган көк бөрү оюну өтпөй турган болду


Иллюстрациялык сүрөт. Талас облусу менен Чүй облусунун көкбөрү командалары Улуттук көчмөндөр оюндарынын жарым финалдык беттешинде. 20-сентябрь, 2019-жыл. Талас шаары.

Кыргызстанда коронавирусту алдын алуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга байланыштуу быйылкы Нооруз майрамына карата көк бөрү мелдеши өтпөй турган болду.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги ушундай чечим чыгарганын “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова билдирди:

“Ысык-Көл облусунда, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында Нооруз майрамына карата ат оюндары боюнча чоң спорттук мелдеш өткөрмөкпүз. Көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш, салбуурун жана башка спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер болмок. Шартка байланыштуу убактылуу өткөрүлбөй калды”.

Мындан тышкары, алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты да өтпөй калды. Бул иш-чараны уюштурууга 222 миң сом бөлүнгөн.

Жалпысынан, спорт агенттиги март айына пландаган төрт мелдеш (хоккей боюнча төртүнчү дивизиондогу дүйнө чемпионаты, спорттук күрөш боюнча лицензиялык мелдеш, алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты жана Нооруз майрамына арналган ат оюндары) убактылуу токтотулду.

9-мартка карата Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу иштеринин алкагында 286 адам обсервацияда жатат, эпидемиологиялык абал туруктуу экенин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 3100 адам каза болду, 58 миңдейи айыгып чыкты. (GT)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG