Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:51

Кытай Италияга коронавируска каршы күрөштө жардам берет


Италиянын туристтик жайлары ээнсиреп калды.
Италиянын туристтик жайлары ээнсиреп калды.

Кытай бийлиги коронавируска каршы күрөшкө байланыштуу Италияга гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин белгилүү болду.

Европа өлкөлөрүнүн ичинен Италияда оору тез жайылып жатат. Коронавирус жугузуп алгандардын саны тогуз миң адамдан ашты жана 400дөй киши ажал тапты. Бүтүндөй өлкөдө карантин жарыяланды.

Карантинден улам Молдовада, Чехияда, Словакияда жана Грекияда мектептер, окуу жайлары жабылып жатат.

Орусиянын Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 10-апрелге чейин эл көп катышкан иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды.

Түркияда коронавирус жугузуп алган алгачкы адам катталды.

Кытайда болсо бул ооруга кабылгандар кескин азайды - соңку бир күндүн ичинде илдет 19 гана адамдан аныкталды. Бул өлкөдө коронавирус 80 миңден ашык адамга жугуп, алардын көбү айыгып чыкты.

Дүйнө жүзү боюнча оору жугузуп алгандардын саны 120 миңге чукулдап калды, оору төрт миңдей адамдын өмүрүн жалмады.

XS
SM
MD
LG