Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 03:39

Көтөрүлгөн доллардын көйгөйү


Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлардын бири.

Улуттук банк жана Экономика министрлиги валюта рыногундагы жагдай тууралуу билдирүү жасап, коомчулукту дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Башкы каржы көзөмөл мекемеси суроо-талапка ылайык долларга 73 сомдук курс койгонун жарыялап, чет элдик валюта мындан ары көтөрүлбөй турганын кабарлады. Ага карабай калк арасында кабатырлануу жаралды.

Расмий түшүндүрмө

Соңку кырдаал жөнүндө расмий түшүндүрмөнү Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов берди. 11-мартта журналисттер менен жолугушуусунда ал мекеменин расмий сайтында жарыяланган позицияны кайталап, жагдайды өнөктөш өлкөлөрдөгү кризистерге байланыштырды.

Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

«Бир жумадан бери биздин соода өнөктөш мамлекеттердин базарларында чайпалуу болуп жатат. Бул арада мунай жана кара металл сыяктуу экспорттук товарларын арзандап кеткенине байланыштуу болуп жатат. Натыйжада алардын экономикасында, улуттук валютасында өзгөрүү болду. Бул Кыргызстанга түз таасири жок, бирок биздин экономикабызда соода кылып жатканда Казакстан жана Орусия менен түздөн-түз транзакцияларды жасайбыз. Ошондуктан аларда бир нерсе болсо бизге кыйыр каналдар аркылуу таасирин тийгизет. Биздин рыноктогу дүрбөлөң жана элдин күтүүлөрүнөн улам кечээ бизде чоң талап жаралды. Ошол себептен Улуттук банк бул күнү интервенция жасап, керектөөнү канааттандырдык», - деди ал.

Орусияда рублдун жана Казакстанда теңгенин куну түшкөн абалда 10-мартта Кыргызстанда сомдун да куну түшкөн. Тагыраагы, доллар үч сомго кымбаттаган. Ал күнү эртең менен 1 АКШ доллары коммерциялык банктарда 69,85-69,95 сомдун тегерегинде сатылып жаткан болсо, кечке маал 72,85-73 сом болду.

Мунун артынан эле Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 53,7 миллион АКШ долларын (анын 4,0 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарганы кабарланды.

Толкунбек Абдыгулов ушул сатык аркылуу Улуттук банк жаңы курс койгонун жарыялады.

Улуттук банк.
Улуттук банк.

«Улуттук банк түзүлгөндөн бери биз эркин калкуу режимин тандап, ошондо иштеп келатабыз. Кечээ рыноктогу талап менен сунуштун көлөмү 73 сомго так келип калды. Ошондуктан биз интервенция жасаганда максималдуу чыгып, талапты канааттандыралы деди. Натыйжада бир долларды 72 сом 90 тыйындан саттык. Туура түшүнүш керек, мындай нерселер биздин экономикабызда бир нече жолу болгон. Биз интервенцияларды эл аралык резервдер фондунун эсебинен жүргүзөбүз, анын көлөмү 2020-жылдын 9-мартына карата 2 428,26 млн. долларды түзөт. Ошол себептен азыр көйгөй жок деп айта алам. Курстун белгиси азыр тең салмактуу деңгээлге жетти деп ойлойбуз», - деди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

Коммерциялык банктарда учурда бир доллардын наркы 72,85-72,90 сомдон болуп жатат. Бирок акча алмаштыруучу жайларда анын көрсөткүчү 73-74 сомго чейин жетүүдө.

Бул тармактагы ишкерлер курс көтөрүлгөнүнөн алар деле жабыр тартканын белгилешет. Акча алмаштыруу менен алектенген Максат Мамбеталиев буларга токтолду:

«Улуттук банктын мурдатан бери келаткан «доллар аз-аздан көтөрүлүш керек» деген позициясы бар эле. Аны керек болсо биз менен жолуккан кезде да айтып келишкен. Бул жолу эмне үчүн ошону карманышкан жок, бизге түшүнүксүз болуп калды. Үч сомго дароо көтөрүлүп кеткенде биз деле жетишпей калдык. Көп ишкерлер долларды сатып жиберип, кайра ала албай калышты. Күйүп кеткендер көп болду», - деди ал.

Камтамачылыктын эпкини

Улуттук банк 9-10-марттарда коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда чет элдик валюта көп сатылбай, азыраак дүрбөлөң пайда болгонун, бирок азыр дефицит жоюлганын кабарлоодо. Муну ишкерлер да ырастап бул күндөрү доллар сатып алгандар өтө деле көп эместигин айтышууда.

Бул ортодо Кыргызстандын Экономика министрлиги да билдирүү таратып, доллардын курсунун өзгөрүшү күтүлгөн жыйынтык болгонун кабарлады. Мекеме эми мындан ары кабатырланууга негиз жоктугун белгилейт.

Доллар баасы: Улуттук банктын убадасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:03 0:00


Ошентсе да сомдун куну түшүшү коомчулукта камтамачылыктарды жаратууда. Бул жөнүндө Бишкек шаарынын айрым тургундарын угуп көрдүк.​

Улан Иманакунов: «Ырас, доллар бир күндө 73 сомго чыгып кеттиби, эртең деле көтөрүлүп кетиши мүмкүн экен. Балким 80 сомго, же 100 сомго чыгып кетсе кандай болот? Доллар менен асыя алгандар, же бирөөдөн карыз алгандар кантет? Маселен 1000 доллар карызың болсо, 70 миң бересиң, бирок доллар 100 сом болуп кетсе, 100 миң сом карыз болуп кетип атпайсыңбы. Ошого Улуттук банкпы, же өкмөтпү доллардын кескин көтөрүлүп кетишин көзөмөлгө алыш керек»

Гүлай Жусупбекова: «Доллардын көтөрүлгөнү элге кыйынчылык эле жаратат. Биринчиден азык-түлүк, же кийим-кечек сыяктуу товарлар кымбаттап кетиши ыктымал. Экинчиден, үч-төрт миң сом пенсия алгандар бар, же 5-10 миң сом айлык алгандар бар… Доллар кымбаттаса ошондой сом менен акча алгандардын кирешеси да күчүн жоготуп калып атпайбы».

Негизи кыргыз сомунун долларга карата катышы соңку он жылда ушуну менен үчүнчү жолу көтөрүлдү. 2009-2011-жылдары 39 сомдом 46 сомго чейин секирсе, 2014-2016-жылдары 48-50 сомдон 67-69 сомго чейин чыккан. Эми, 2020-жылы 73-74 сомго чыгып отурат.

Алдыда дагы ушинтип көтөрүлүп кетүү коркунучу жокпу? Же курс Улуттук банк менен Экономика министрлиги билдиргендей, туруктуу кармалып турушу мүмкүнбү?

Буга каржы, банк жана насыя маселелери боюнча эксперт Кубан Чороев жооп берүүгө аракет кылды.

Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

«Жапония же башка өлкөлөрдө валюталык рынок чындап эркин сүзүүчү режимге ээ. Алардын улуттук валютасы төмөндөп же кымбаттап кетсе ага киришпейт, интервенция жасабайт. Бизде эркин жүгүртүү режими деген менен Улуттук банк курсту көзөмөлдөп, утуру доллар сатып же сатып алып турат. Мындай аралаш режимде дайыма коркунуч боло берет. Анткени Кыргызстандын экспорту менен импорту өлкөбүздүн ички дүң өнүмүнүн 60% жетет. Башкача айтканда, башка өлкөлөрдөгү жагдайлар бизге сөзсүз түрдө таасир этип турат. Ошону үчүн Улуттук банктын интервенция жасоодон башка аргасы жок болот. Бирок биздей мамлекеттер чет элдик «валюталык башкаруу» системасын киргизсе болот. Чет элдик валютаны, айталы долларды сомдун бир гана курсуна байлап коет. Маселен, мамлекет доллар 70 сом деп мамлекет бекитет, андан көтөрүлбөйт да, түшпөйт да. Ошондо коркунуч жоюлат», - деди Чороев.

Кеп болуп жаткан чет элдик валюта 2015-жылдары көтөрүлгөн учурда өкмөт насыялоону жана депозитке акча салууну долларлаштыруудан оолактатып, улуттук акча менен берүү милдетин коммерциялык банктарга жүктөгөн. Ошол учурда бул азыраак эффект берип, кийин солгундап калганы байкалган.

Улуттук банктын эсебинде, учурда банктардагы депозиттердин 38%, насыялардын 35% доллар менен турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (9)

XS
SM
MD
LG