Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

COVID-19: токтогон окуу, дүкөндөгү дүрбөлөң


Бишкек.
Бишкек.

16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат.

Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.

Жыйында коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана анын жайылышын болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө маалыматты вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, билим жана илим министри Каныбек Исаков берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска байланыштуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги жөнүндө эскертип, зарыл иштер тиешелүү деңгээлде аткарылбаса, эң катуу чаралар көрүлөрүн айтты.

Ал экономикалык кыйынчылыктар болоруна карабай, ар бир мамлекет жарандарынын саламаттыгы үчүн чек араларды, каттамдарды жаап жатканын белгиледи.

«Биз да, Кыргызстан, ошол багытта иштеп жатабыз. Ачыгын айтышыбыз керек, экономикага терс таасири тиет. Республикалык бюджеттен чыгашаларды үнөмдөөгө өтүп, чакырыктарга, кыйынчылыктарга даяр болушубуз керек. Албетте, эл болгон соң ар кандай кептер айтылууда. Санарип заманында такталбаган маалыматтар социалдык тармактарга да тарап жатат. «Коронавирус Кыргызстанда жок» дегенден күмөн санап, шек санаган пикирлер айтылууда. Коңшу мамлекет Казакстанда бул илдет катталды дегенден кийин, бизде да кооптонуу күчөйт», - деген президент коомчулукка маалыматты ачык, ыкчам берип туруу керектигин билдирди.

Ал арада социалдык тармактарда чек аралар жабылып, коомчулукта тамак-аш тартыштыгы болору тууралуу маалыматтар тарап жатат. Базарларда, дүкөндөрдө ун, кумшекер, суу май алган адамдар көбөйгөнү байкалды.

Мисалы, Талас шаарында бир кап ундун баасы 2000 сомго чыкканы айтылууда. Ал Бишкекте 1 килограмм ундун баасы 30 сомго кымбаттаган.

Бирок Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөдө азык-түлүккө болгон тартыштык жок экенин айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

«Кампаларда жок эле дегенде үч айга жете турган азык-түлүк бар. Он бир эң көп керектелүүчү тамак-аш жана керектүү буюмдардын тизмеси түзүлгөн. Казакстанда коронавирус табылгандан кийин да элдин дүрбөлөңгө түшкөнүнө себеп болуп кетти. Өкмөт Кыргызстандагы ишканалар, өндүрүүчүлөр менен ар дайым байланышта болуп продукцияны өндүрүүнү көбөйткөнгө аракет кылып жатат», - деди Өмүрбекова "Азаттык" радиосуна курган маегинде.

Вице-премьер-министрдин маалыматына караганда, эл эң көп талап кылган азыктар-түлүктөргө ун, суу май, кумшекер, эт, жумуртка, чай жана туз кирет. Вице-премьер министр абалдан пайдаланып бааны көтөрүп жибергендерге Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик чара көрө турганын, мындай фактылар аныкталса, айып пул салынарын кошумчалады.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев да кырдаал боюнча маалымат берип, ашыкча киреше табууну көздөгөндөрдүн айынан тамак-аш баасы кымбаттап жатканын белгиледи.

Асрандиев калк керектөөчү негизги товарлар, тамак-аш жетиштүү экенин, тынчсызданууга, бааларды көтөрүүгө негиз жок экенин айтты. Ошондой эле тамак-аш жана товарларды өндүрүү, ташуу үзгүлтүксүз, кадимки тартипте жүрүп жатканын кошумчалады.

«Тилекке каршы, кырдаалдан пайдаланып, ашыкча киреше табууну көздөгөн жактар чыгууда. Биз бул аракеттерди туура эмес деп эсептейбиз, бул коомго жана мамлекетке зыян келтирет. Азык-түлүктөрдүн, калктын күнүмдүк керектөөсүндөгү негизги товарлардын, эң биринчи кезекте керектүү тамак-аштын запасы жетиштүү», - деди Эркин Асрандиев.

Вице-премьер-министр унга байланыштуу такталбаган маалыматтар да тарап жатканына токтолду.

Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

«Айрымдар Казакстанда чек ара жабылды, унду ташып келүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген ушактарды таратууда. Казакстан менен чектеш чек ара жабылган жок. Вируска байланыштуу болгону эки өлкөнүн жарандарынын чек арадан өтүү тартиби өзгөрдү. Жүк жана товарларды ташуу мурдагыдай эле штаттык тартипте жүрүүдө».

Тойду токтото туруңуз

Учурда Кыргызстан коронавируска байланыштуу вирус катталган өлкөлөрдөн келгендерди үч категорияга бөлүп көзөмөлдөп жатат.

Биринчи категорияга Германия, Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция жана Испания кирет. Бул өлкөлөргө каттаган кыргызстандык жарандар 14 күнгө карантинге алынат. Сауд Арабиясы үчүнчү категориядагы өлкөлөрдүн катарына киргендиктен бул өлкөдөн келгендер үй карантинге алынган.

13-мартта Жапониядан Кыргызстанга келип обсервацияда жаткан Бактыяр Жакыпов коронавируска тапшырган анализи кечигип жатканына жана карантинде кармоо шартына нааразы болуп «Азаттык» радиосуна кайрылды.

Анын сөзүнө караганда, вирус көп катталган өлкөлөрдөн келген 20 чакты адам АКШнын Кыргызстандагы мурдагы авибазасынын имаратында обсервацияда жатат.

«Карантин деген менен бул жактан эч нерсе көргөн жокмун. Колдоно турчу медициналык каражаттар жок. Обсервацияда жаткандар эшикте эле сүйлөшүп отурат. Бирөө да медициналык маска тагынган эмес. Негизи карантин кылыштын кереги деле жок экен», - деди Жакыпов.

Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Нурила Алтымышева «анализдердин жыйынтыгын чыгарып жатканын, ал даяр болгондо дароо айтышарын» билдирди.

Андан сырткары 13-март түнү Германиядан иш сапардан кайтып келген Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутат Абдыбек Дүйшалиев жана парламенттин жети кызматкери 14 күнгө үй карантинге алынган. Вице-спикер коронавируска тапшырган анализи таза чыкканын «Азаттык» радиосуна билдирди.

«Дарыгерлер үйгө да келип текшерип турат экен. Биз аэропортко келгенде эле үй карантинде эмне кылыш керек экенин айтып, кагазга жазылган эрежелерди да беришти. Анализдин жыйынтыгын 13-мартта түштөн кийин берип баарыбыздыкы таза чыкты», - деди депутат Абдыбек Дүйшалиев "Азаттык" радиосуна.

Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 1 миң 545 киши жугуштуу вируска карата текшерүүдөн өтүп, алардан илдет аныкталган эмес.

14 күндүк обсервацияга алынган 303 жарандын 181и өзү жашаган жеринде медициналык көзөмөлдө турганын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 13-мартта "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. Андан сырткары министр ооруканаларда жана санитардык карантиндик пункттардагы техникалык базаны жакшыртууга басым жасалып жатканына токтолду.

Космосбек Чолпонбаев
Космосбек Чолпонбаев

“Бүгүнкү күндө Бишкекте убактылуу 160 жасалма дем алдыруучу вентиляциялык аппарат бар. Андан сырткары ар бир ооруканадагы операция бөлүктөрүндө, инфекциялык ооруканада да интенсивдүү терапия палаталары бар. Биз дагы жасалма дем берүүчү аппараттарга буюртма берип жатабыз. Биринчи жардам берүүнү жана санитардык пункттардын техникалык базасын жакшыртууга басым жасап, дагы 40 интенсивдүү терапия палаталарын түзүүгө аракет кылып жатабыз. Ошондой эле медициналык автоунааларды алабыз. Коронавирус бизге келбей эле койсун, бирок эгер вирус жуктургандар каттала турган болсо, биз аларды дарылаганга даярбыз”.

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб 12-марттагы жыйындын чечими менен Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коронавирус боюнча кырдаал жөнгө салынгыча, башка өлкөлөргө иш сапарларына барууну токтото турууну сунуш кылды.

Коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам Иранда калган 76 айдоочунун 19у Азербайжандын аймагына чыгарылды.

Калганы Иран-Түркмөнстан чек ара бекетинде турат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын логистика жана транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу "Азаттык" радиосуна билдирди. Айдоочулар келери менен карантинге алынары айтылууда.

Талантбек Маткерим уулу.
Талантбек Маткерим уулу.

"19 жүк ташуучу автоунаа Азербайжандын аймагына өттү. Алар калгандарын күтүп жатат. Иран менен Түркмөнстан чек арасындагы бекетте тургандарда документ жана акча каражаттарынан көйгөй болуп, Ирандан чыга элек. Алар дагы Азербайжандын аймагына өткөндөн кийин бул өлкөнүн өкүлдөрү коштоп жүрүп, Орусияга тапшырат. Орусия кербенди коштоп келип, Казакстанга өткөрүп берет. Казакстан болсо Кыргызстандын чек арасына чейин коштоп келет. Эгер жолдо тоскоолдуктар болбосо, Кыргызстанга бир жуманын ичинде келип калышат", - деди Талантбек Маткерим уулу.

18-февралдан бери 76 кыргызстандык айдоочу Иранда карантинде кармалып турган. Алар Иранда коронавирус тез жайылып, Түркмөнстан бул өлкө менен чек арасын жапканга байланыштуу өтө албай калган.​ Түркмөнстан айдоочуларды өткөрүүдөн баш тарткандан кийин кыргыз өкмөтү Азербайжанга кайрылган.

Ал арада Сауд Арабиясына умрага барып, ал жактан чыга албай калган 651 жаран Кыргызстанга кайтып келип, үй карантинге киргизилди.

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда илдетке чалдыккандар катталган жок. Бардык чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Ал арада коңшу Казакстанда Германиядан келген үч жаранынан жана Италиянын Милан шаарынан учуп келген дагы бир тургунунан коронавирус табылганы кабарланды. Алар менен кошо келген учактагы 100дөн ашуун жүргүнчү карантинге алынды.

Соңку маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирусту 134 миңден ашуун адам жугузуп алды. Каза болгондордун саны 4 миңден ашты. Жаңы вирус кеминде 110 өлкөдө табылды. Илдеттен 68 миңдей адам айыгып чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG