Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:00

Казакстанда төртүнчү адамдан коронавирус табылды


Алматы аба майданындагы кызматкерлер жүргүнчүлөрдүн дене табын текшерип жатышат, 21-январь 2020-жыл.
Алматы аба майданындагы кызматкерлер жүргүнчүлөрдүн дене табын текшерип жатышат, 21-январь 2020-жыл.

Казакстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны төрт кишиге жетти. Бул тууралуу 13-мартта кечинде Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшарип билдирди.

Анын айтымында, коронавирус Алматы шаарынын 44 жаштагы тургунунан табылды. 13-мартта Германиядан учуп келген бул эркек киши Алматыдагы атайын ооруканага жаткырылды.

Мунун алдында Германиядан келген эки казак жараны жана Италиядан келген бир казакстандык коронавирусту жугузуп алганы ырасталган. Алар менен учакта чогуу учуп келген ондогон жүргүнчүлөр карантинге алынган.

Кытайда декабрь айынын соңунда коронавирустун жаңы түрү чыккандан бери Борбор Азияда бул илдетке чалдыккандар каттала элек болчу. Кыргызстанда 13-мартка карата текшерүүдөн өткөн кишилердин саны 1545 кишини түздү. Алардан COVID-19 вирусу аныкталган факт жок.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөнүн 114 мамлекетинде бул илдетти жугузуп алгандар 137 миңден ашты. Вирустан баш-аягы 5 миң киши көз жуумп, 70 миңдей адам айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG