Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Грекия олимп факелинин эстафетасын токтотту


Актёр Жерард Батлер олимп факелин көтөрүп баратат, Спарта шаары, 13-март 2020-жыл.
Актёр Жерард Батлер олимп факелин көтөрүп баратат, Спарта шаары, 13-март 2020-жыл.

Грекия Жапониядагы жайкы олимпиадага карата бир күн мурда башталган олимп факелинин эстафетасын коронавирус коркунучунан улам токтотууну чечти. Грекиянын олимпиада комитети мындай чечимдин кабыл алышына жума күнкү эстафетага эл көп келгени негиз бергенин билдирди.

Олимп отун күйгүзүү аземи бейшемби күнү Олимпия шаарчасында чакан адамдардын катышуусунда өткөн. Жума күнү факелди Мистра шаарынан Спарта шаарчасына чейин шотландиялык актёр Жерард Батлер алып келген. Грек бийлигинин эскертүүсүнө карабай бул иш-чарага жоон топ адам чогулган.

Грек бийлиги олимп факелин Токио олимпиадасынын уюштуруучуларына өткөрүп берүү аземи 19-мартта баш калаа Афиныда өтөрүн, ага көрүүчүлөр катышпай турганын билдирди.

Грекияда COVID-19 вирусунан бир адам каза таап, жугузуп алгандардын саны 120 кишиге чукулдады. Кытайдан чыккан бул илдет дүйнөнүн 114 мамлекетинде табылды. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 13-мартка карата дүйнө жүзүндө бул илдетти жугузуп алгандар 137 миңден ашты. Вирустан баш-аягы 5 миң киши көз жуумп, 70 миңдей адам айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG