Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Өмүрбекова: Бааны көтөргөндөр айып төлөйт


Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коронавируска байланыштуу өлкөдөгү абал боюнча «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берди.

«Азаттык»: Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн Коопсуздук кеңешинде мектептер менен жогорку окуу жайларын үч жума карантинге жабуу чечими кабыл алынды. Мына ушул чечим жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу айтып берсеңиз?

Алтынай Өмүрбекова: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, өлкөдө коронавирус инфекциясы катталган жок.

Айрымдар мектептерге карантин киргизилсе, абал курчуп кеткен тура деп кабыл алышы мүмкүн. Негизи окуучулар март айында жазгы каникулга чыгышмак. Бирок коронавируска байланыштуу билим берүү мекемелерин карантинге жабуу боюнча сунуштар көп болду. Бул Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланып, мектептер менен жогорку окуу жайларын үч жума карантинге жабуу чечими кабыл алынды. Алгач, жазгы каникул болот андан кийин бир жума карантин уланат. Мектеп окуучулары жетишпей калган сабактарды кийин апрель, май зарыл болсо июнь айында окуп бүтүшөт.

Жогорку окуу жайлары аралыктан жана онлайн окуу системасына өтөт. Карантин аларга жөн гана эс алуу эмес, үйдөн окуганга шарт түзөт. Ошондуктан ар бир жогорку окуу жайында аралыктан окуу боюнча программа болушу керек.

«Азаттык»: Бул карантин бала бакчаларга да тиешелүүбү?

Алтынай Өмүрбекова: Жок. Бул чечим мектептер менен жогорку окуу жайларына гана карата кабыл алынды. Ата-энелер баласынын ден соолугуна кабатыр болуп бала бакчага жибергиси келбесе, үйүндө караса болот. Бирок өзү жумушка барып, баласын үйүнө калтырганга шарты жок болсо, бала бакчаларга алып келе алат. Бала бакчалар иштей берет.

«Азаттык»: Коңшу Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны алты кишиге жетти. Бул өлкө менен чектеш чек араларды жабуу же андан башка чараларды колдонуу боюнча чечимдер кабыл алындыбы?

Алтынай Өмүрбекова: Бул маселе боюнча биздин тиешелүү мамлекеттик органдар, Тышкы иштер министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Албетте, кандайдыр бир чектөөлөр киргизилет деп ойлойм.

«Азаттык»: Коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан өлкөдө азык-түлүк тартыш болот экен деп айрымдар ун, кумшекер, чай, майын камдап жатат. Кооптонууга негиз барбы?

Кайсы бир продукциянын баасы кескин жогорулап кетсе, мыйзам чегинде чара колдонулат. Мисалы, үч сомго алган нерсени 15 сомго сата турган болсо, айыппул салынат.


Алтынай Өмүрбекова: Өкмөт бир нече күндөн бери азык-түлүктү шашылыш сатып алууга, дүрбөлөң түшүүгө себеп жок экенин айтып келет. Бирок эл деген эл экен, аларды токтото албай жатабыз. Биз кампаларда эмне бар, тамак-аш канча убакытка жетерин тактап чыктык. Кампаларда жок эле дегенде үч айга жете турган азык-түлүк бар.

Он бир эң көп керектүү тамак-аш жана керектелүүчү буюмдардын тизмеси түзүлгөн. Алар: ун, суу май, кумшекер, эт, жумуртка, чай жана туз. Андан тышкары күнүмдүк керектөөчү каражаттар да бар. Өкмөт Кыргызстандагы ишканалар, ишкерлер менен ар дайым байланышта болуп продукцияны өндүрүүнү көбөйткөнгө аракет кылып жатат.

Казакстанда коронавирус табылгандан кийин да эл дүрбөлөңгө түшкөнү байкалды. Андан тышкары мектеп, окуу жайлардын жабылганы да таасир этти. Мен кыргызстандыктарга бул убактылуу гана көрүнүш экенин, камсаноого негиз жок экенин айткым келет. Кыргызстанга чет өлкөдөн келгендердин да саны анча көп эмес. Тескерисинче, азайып жатат. Алардын баарын тең көзөмөлдөгөнгө күчүбүз жетет.

«Азаттык»: Абалдан пайдаланып азык-түлүктүн баасын көтөрүп жибергендерге кандай чара көрүлөт?

Алтынай Өмүрбекова: Бул боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик иш жүргүзөт. Кайсы бир продукциянын баасы кескин жогорулап кетсе, мыйзам чегинде чара колдонулат. Агенттик кайсы продукция канча баага сатып алынган, канчага сатылып жатканын териштирет. Мисалы, үч сомго алган нерсени 15 сомго сата турган болсо айыппул салынат. Эгерде баа 20 пайызга көтөрүлүп кетсе, аны көзөмөлдөш керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG