Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Коронавирустан коргонгон Прага

Коронавируска байланыштуу Чехияда 12-мартта чукул кырдаал киргизилгенден бери өлкөнүн туристтердин чордону саналган баш калаасы - Прага шаарында жашоо кандай?

Чех өкмөтү коронавирустун жайылышына бөгөт коюуга байланыштуу чектөөлөрдү Батыш Европадагы башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө караганда ыкчамыраак кабыл алып, 12-мартта өлкө аймагына “чукул кырдаал” жарыялады.
Жума күнгө (13-мартка) карата COVID-19 вирусун жуктургандар Чехияда 170тей кишиге жетти, алардын баары дарыланууда.

Коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында Чехия 16-марттан тарта бардык чек ара бекеттерин жапмай болду.
Чех жарандары чет өлкөлөргө убактылуу чыгарылбайт. Туруктуу же убактылуу жашоого уруксаты бар чет өлкөлүктөрдөн башка болжолдуу келгиндер жакынкы мезгилде Чехия аймагына киргизилбейт.


Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG