Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Чехия коронавирустан улам чек арасын жабат


Чехиянын Прага шаары, 12-март 2020-жыл.
Чехиянын Прага шаары, 12-март 2020-жыл.

Европа Биримдигине кирген Чехиянын өкмөтү коронавирустан улам дүйшөмбү күнү өлкөнүн чек аралары жабыла турганын билдирди. Ага ылайык, жекшембиде түн жарымынан тарта Чехияда туруктуу же убактылуу жашоого уруксаты бар адамдардан башка бардык чет элдик жарандар өлкө аймагына кире алышпайт.

Ошондой 30 күндүк өзгөчө кырдаалдын алкагында бардык чех жарандарына жана чет элдик атуулдарга Чехиянын аймагынан чыгууга уруксат болбойт. Бирок айдоочуларга, пилотторго жана чех чек арасынан 50 чакырымдай алыс аралыктагы Германия, Австрия сыяктуу өлкөлөрдө иштегендерге жеңилдик берилет. Ушуга окшош чечимди Чехиянын коңшусу Словакияда да кабыл алган болчу.

Борбордук Европадагы Чех республикасында COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 117 кишиге жетти.

XS
SM
MD
LG