Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Казакстанда дагы эки адамдан коронавирус табылды


Алматы аба майданындагы кызматкерлер жүргүнчүлөрдүн дене табын текшерип жатат.
Алматы аба майданындагы кызматкерлер жүргүнчүлөрдүн дене табын текшерип жатат.

Маалыматка караганда, 62 жаштагы эркек киши Москвадан Алматы шаарына, экинчиси, аял киши Варшавадан Нур-Султан шаарына учуп келген. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы жазды.

Ушуну менен Казакстанда коронавирусту жуктургандардын саны алты кишиге жетти.

Казакстанда коронавирус жуктурган биринчи бейтап 13-мартта аныкталган. Коңшу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов жума күнү жакында эле Германиядан келген эки казак жаранынан (бир аял, бир эркек) COVID-19 вирусу табылганын айткан. Ушул эле күнү Германиядан жана Италиядан учуп келген дагы эки адамдан вирус чыккан.

Былтыр декабрь айында Кытайдан чыккан жаңы коронавирус дүйнөнүн кеминде 114 мамлекетине жайылды. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнө жүзүндө вирусту жугузуп алгандардын саны 137 миңден ашты. Баш-аягы 5 миң киши көз жуумп, 70 миңдей адам айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG