Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Ара жолдо калган мигранттар


Омск. 17-март, 2020-жыл.
Омск. 17-март, 2020-жыл.

17-мартта Орусиядан Кыргызстанга женил машинелер менен кетип бараткан 200дөй кыргызстандык Казакстандын чек арасынан өтө албай калды. 

200дөн ашуун жаран 87 жеңил автоунаада Оренбург облусундагы «Сагарчин» пункутунда Казакстанга кире албай турганы жөнүндө кабар алгач маалымат социалдык тармактарда таркаган.

Бул аймактагы Кыргызстандын ардактуу консулу Таалайбек Жандарбек уулу аларга жолугуп, Орусияга кайтууну сунуш кылганын айтты:

«Чек ара пунктуна бардык. Мекендештер менен жолугуп, «Орусияда жашаган жерлериңерге кайткыла» дедик. Бул окуя тууралуу Москвадагы кыргыз элчилигине кабар берилген. Бишкек менен Астананын дипломаттары сүйлөшкөн. Бирок кыргыз жарандарына Казакстан аркылуу өтүп кетүүгө уруксат берилген жок. Сүйлөшүүлөр уланып жатат. Айрым мекендештер кайтып кетишти. Азыр 150дөй кыргызстандык калды. «Москвага келип учак менен кеткиле» деп сунуш кылдык. Азырынча башка жол жок».

Казак өкмөтү коронавируска байланыштуу Орусия менен Кыргызстандын чек араларынан өтүүгө 14-мартта чектөө киргизген. Алматы жана Нур-Султан шаарларында карантин жарыяланды. 17-мартта COVID-19 илдетин жугузуп алгандар Казакстанда 32 кишиге жетти.​

Бул кезде Кыргызстанда Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстанга киргизүүгө убактылуу чектөө коюуну сунуш кылганы маалымдалды.

Мындай кабар жалпы кырдаалдан жана жер-жерлердеги өкмөттүк түзүмдөрдүн чечимдеринен улам чет жерде арсар абалда турган мекендештерди да беймазага салууда.

«Мен - Кыргызстандын жаранымын, күйөөм менен балам - Орусиянын жарандары. Абал кандай болуп кетет деп мекенге кетели десек, Кыргызстанга барганда эми мени киргизип, күйөөм менен баламды киргизбей коюшабы деп коркуп турабыз. Бул жакта абал кандай болоору белгисиз. Көчөдө кишилердин саны азайды. Дүкөндө баары азык-түлүк сатып алып жаткандар», - дейт Аймира.

17-марттан Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы темир жол каттамдары убактылуу токтотулду.

«Манас» эл аралык аэропортунун расмий маалыматына караганда, 18-марттан тарта «Азимут», «Урал аба каттамдары», «Авиа Траффик Компани» компанияларынын Бишкектен Орусиянын Ростов-на-Дону, Екатеринбург, Санкт-Петербург шаарларына жана каршылыш багыттагы айрым аба каттамдары токтотулду.

Кайтууга камынган журтташтар

Орусияда ушу тапта коронавирус жуккан адамдардын саны 114кө жетти. Москвада иштеген кыргызстандыктар айрым мекемелерде иш сааттары кыскартылып, жумушсуздук коркунучу пайда болгонун кабарлап, мекенине кайтууга камынып турушат.

Москвада соодада иштеген Нурия Малабекова - азыркы кезде Кыргызстанга кетүүгө камынып жаткан мекендештердин бири. Жумуш берүүчү ишкана кызматчыларын эки жумага эс алууга таркатып жиберген.

«Азыр эки жумага деп таркатышты, - дейт ал. - Бирок андан кийин эмне болору белгисиз, эч кандай кепилдик жок. Москвада батирди ижарага алып жашайбыз. Айына 50 миң рубль төлөйбүз. Бул жактан тамак-аш менен өзүбүздү камсыз кыла алабыз. Бирок шаарда карантин жарыялап, метрону жаап салса, ишибиз жок эмне кылмак элек? Андан көрө эмнеси болсо да Кыргызстанга барып туралы деп жатабыз».

Марттын башында кыргыз өкмөтү чет жактан ID-карта менен келген кыргызстандыктар кошумча текшерүүдөн өтөрүн эскерткен. Колунда ID-картасы гана бар мекендеш кандай болгон күндө да мекенине кайтууну туура көрөт.

«Жалпы жарандык паспорт алган эмесмин. Билетти ID-карта менен алдым. Бул жактагы миграциялык картамды, каттоого турган документтин көчүрмөсүн алып алдым. Эки жумалык карантинге алышса деле үйгө барганыбыз туура болот», - деди ал.

Москвадагы кыргызстандыктар азыртадан кафе-ашкана, соода түйүндөрүндө кардарлар азайып, жумуш берүүчүлөр мигранттардын иш сааттарын кыскартып жатканын кабарлашууда. Анткен менен мындай көрүнүш жапырт байкалууда деп айтууга болбойт.

Орусияда коронавирус 114 кишиде аныкталды. Алардын 53ү Москвада. Өпкөнү сезгенткен вирустун жайылуу коркунучунан улам Москванын мэри Сергей Собяниндин буйругу менен 10-апрелге чейин эл көп катышчу иш-чараларга тыюу салынган. Жабык жайлардагы жыйын-чогулуштарга катышкандардын саны 50 кишиден ашпоого тийиш. 21-марттан тартып бардык мектептер жабык болот. Театр, кинотеатрлардын ишине чектөө коюлуп, футбол оюндары токтотулган. Ал эми Европадан, АКШдан, Украинадан, Беларустан келген орусиялыктар 14 күнгө үй карантинге алынууда.

Орусияда расмий маалымат боюнча 750 миңден ашуун кыргызстандык иштеп жүрөт. Буга кошумча орус жарандыгын алган жарым миллиондон ашуун мекендеш бар.

Соңку маалыматтар боюнча коронавирус дүйнөдө 151 өлкөгө тарап, 180 миңге чукул адамда аныкталды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG