Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Орусияда «Путинге тойдум!» дегендер


Путинге каршы чыккан орусиялыктардын бири.
Путинге каршы чыккан орусиялыктардын бири.

Москвада «Путинге тойдум» дегендер Кызыл аянтка жалгыз пикетке чыгууда. Алар Путин менен Медведевдин буга чейин өтөгөн президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылганына нааразы.

Анткени Орусиянын Баш мыйзамына жаңы өзгөртүүлөр киргизилип, Владимир Путин менен Дмитрий Медведев дагы эки жолудан президент болууга укук алганы турат.

«Путин кетиши керек» деген транспарантты көтөрүп, пикетке жалгыз чыккан жаран - ондогон нааразы тургундардын бири гана. Ал Кремлден анча алыс эмес жердеги князь Владимирдин эстелигинин жанында жүрдү. Акциянын катышуучулары Орусиянын Конституциясына алымча-кошумчаларды киргизүүгө жана президенттин мурунку мөөнөттөрүн жокко чыгарууга нааразы экенин айтышты.

Анткени Орусиянын Мамлекеттик Думасы 10-мартта президенттин мурунку мөөнөттөрүн жок кылуу боюнча демилгени колдоду. Эми Путин президенттик орунда 2036-жылга чейин отура алат. Нааразылык акциясына жалгыз чыккан Алиса Конеева Путин калса жаштар өлкөдөн чыгып кетет деген оюн айтты:

«Путин ордунда отура берсе жаштар бул өлкөдө калууну каалашпайт. Эгерде коронавирус болбогондо көбү башка өлкөгө кетиш үчүн түйүнчөгүн түйө баштамак. Путин өмүр бою президент болууну каалап жүргөнүн биз баарыбыз түшүнчүбүз. Бирок ал президенттикте калуу ниетин бул жолу ушунчалык бетпактык менен, ушунчалык ачык билдирди. Буга чыдоого болбойт».

Пикетке жалгыз чыккан Сергей аттуу киши да Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү Владимир Путинге өмүр бою президент болуп кала берүүгө жол ачарын айтты:

«Спектакль ойноп жатышат. Мен бул президенттин бийлиги алдында дагы 12 жыл жашагым келбейт. Ошондуктан өз оюмду айтыш үчүн келдим. Мен бул президенттин кетишин каалайм. Мен плакатыма да «Путин кетсин!» деп жазганмын. Мына!»

10-мартта алгачкы аял-космонавт, учурда «Бирдиктүү Орусия» партиясынан шайланган депутат Валентина Терешкова Орусиянын Баш мыйзамынан президенттик мөөнөттү чектеген жобону алып салууну жана Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарууну сунуш кылган:

Валентина Терешкова.
Валентина Терешкова.

«Көбүнчө анын атын да аташпайт. Бирок Путин тууралуу сүйлөшөт. А чынында маселе ал жөнүндө эмес, биз жөнүндө, Орусиянын жарандары жана анын келечеги тууралуу болуп жатат. Путин бизди дайыма жөлөп, оор кырдаалдан алып чыгып кетет. Ошондуктан анын буга чейинки президенттик мөөнөтүн жокко чыгарууну же президенттик мөөнөттү чектеген беренени алып салууну сунуш кылам».

Арадан бир жарым саат өтүп, Путин парламентке келип билдирүү жасады да, президенттик мөөнөттү такыр алып салууга каршы чыкты. Ал эми өзүнүн буга чейинки мөөнөттөрүн жокко чыгарууга каршы эмес экенин айтты.

«Эгерде мындай толуктоону 22-апрелде бүткүл элдик добуш берүүдө эл колдосо, «ооба» десе жана Конституциялык сот Баш мыйзамдын негизги принциптерине каршы келбейт деп тапса, мындай вариант болушу мүмкүн».

Ал кетери менен Терешкованын сунушу добушка коюлду. Парламент Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, анын дагы эки жолу президент болушуна жол ачты.

Талкуу учурунда Мамдума Баш мыйзамга 400дөй өзгөртүүлөрдү сунуш кылган. Бирок алардын баары эле колдоо тапкан жок. Жаңы Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бүткүл элдик референдум 22-апрелге белгиленген. Ошол эле учурда Кремль бул иш-чараны референдум катары карабайт.

68 жаштагы Владимир Путин президенттик кызматты мурунку президент Борис Ельцинден 1999-жылы мурастап калган. Алгач 2000-жылдан 2008-жылга чейин катары менен эки ирет Орусиянын президенти болуп шайланган. 2008-жылдан 2012-жылга чейин Орусиянын премьер-министри болуп турган. 2012-жылы президенттик кызматка кайрадан шайланган. Бул ирет Орусияда президенттик мөөнөт алты жылдык болуп узартылган. 2018-жылы Путин кайрадан президент болуп шайланган. Анын акыркы мөөнөтү 2024-жылы аяктайт. Эми Конституцияга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр ага дагы эки ирет, тагыраагы 12 жыл бою президент болуп иштөөгө жол ачат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG