Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 21:33

NYT: Орусиянын «түшпөс ханы»


Владимир Путин.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (9-15-март).

«New York Times» гезити Орусиядагы Баш мыйзамдын өзгөрүүсүнө байланыштуу макала жарыялады. Анда Орусиядагы бай адамдардын бири, Кремлге жакын улутчул финансист Константин Малофеев 2036-жылга чейин Владимир Путиндин бийликте калуусун «квазимонархия» деп атап, эми Путинди президент эмес, «император» десе деле болорун айткан.

Басылма «Кремлдеги жакшы даярдалган саясий спекталь 67 жаштагы Путинге бийликте дагы эки мөөнөткө калууга жол ачты. Эми орусиялыктарды жаңы падышаны кабыл алууга көндүрүш керек. Москванын кубаттуу үгүт машинеси өз ишине билек түрө киришип, «бул референдум Орусиянын коопсуздугу үчүн керек» деп чыгышты.

Айрым орусиялыктар 2024-жылы бийлик жаңырат деп үмүт артып келген. 22-апрелде референдум болуп, бийлик эски бойдон калары чечилет. Ошентсе да Путин экономикалык каатчылыктын, коррупциянын, коомчулуктагы теңсиздиктин айынан бир топтордун ачуусуна тийип келет. Анткен менен оппозициянын лидери Алексей Навальныйдын кеңешчиси Владимир Милов референдумдун алдында кандайдыр бир кыймыл байкалбаганын, добуш берүүгө каршы ири митингдер болбой турганын айтты» деп жазды.

«Комсомольская правда» гезити 2024-жылы Путин бийликтен кетсе, 1980-жылдардагыдай «кайра куруу» башталышы мүмкүн деген сөздөр айтылганы менен орус президентинин референдум тууралуу чечиминен кийин «Кайра куруу болбой калды, жашообуз улана берет, кудайга шүгүр!», - деген комментарийин да «New York Times» макалага кошту.

Ал эми Кремлди кескин сындап жүргөн Сергей Удальцов «Ютубдагы» баракчасына: «Путин менен түбөлүккө калгың келеби? Путиндин кол алдындагы Кремлдин башкаруусунда өлгүң келеби?», - деген суроо салып, апрелдеги референдумда «Жок» деп добуш берүүгө чакырарын билдирди.

Кытай АКШ армиясын айыптады

«Asian Nikkei Review» басылмасы Кытайдын тышкы иштер министринин басма сөз катчысынын «Уханга вирусту АКШнын аскер күчтөрү алып келди» деген айыптоосун жарыялады.

12-мартта басма сөз катчы Чжао Лицзян «Твиттердеги» баракчасына англис тилинде: «АКШда канча киши коронавирус болду? Канчасына жукту? Алар жаткан ооруканалар эмне деп аталат? Бул эпидемияны Уханга АКШнын армиясы алып келген болушу мүмкүн. Баарын ачык айтпайсыңарбы! АКШ бизге түшүндүрүшү керек!», - деп жазган.

Чжао социалдык баракчаларда көбүн эсе ачуулуу, кызуу кандуу постторду жазганы менен белгилүү. Акыркы постуна байланыштуу далилдерди келтирген эмес.

Мындан бир нече күн мурда да Кытай Тышкы иштер министрлигинин дагы бир кызматкери “Бээжин вируска каршы жоопкерчиликсиз аракет кылды” деп айтканы үчүн АКШ бийлигин «адепсиз» деп сындап жазган.

11-мартта АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О’Брайен Кытай бийлиги коронавируска “эки айдын ичинде чукул чара көрбөй, дүйнөгө жайылуусуна шарт түздү” деп сындаган. Макалада Вашингтон менен Бээжиндин кайым айтышуусу улам күчөп жатканы баяндалат.

Ушул эле басылма азиялыктар АКШда расалык дискриминацияга, кысымга учурап жатканына токтолду. Кытайда чыккан вирус дүйнөнү каптаган сайын Батыш өлкөлөрүндө, айрыкча Кошмо Штаттарында азиялыктарга, кытайларга багытталган агрессия да күчөдү. Буга беткаптын тартыштыгы да кошулуп, аны таппаган азиялыктар кээде көчөдөн кысымга учурап жаткан учурлар болууда. Жергиликтүү басылмалар беткап кийбей жүргөн кытайларды тээп, чаап, сөз менен кемсинткен учурлар көбөйгөн. Журнал АКШда жашаган азиялыктар беткап издеп жатканын белгилейт.

Пандемия экономиканы калчайт

Британиянын «Economist» журналы пандемиянын дүйнөлүк экономикага тийгизген таасирин мурда жайылган ооруларга салыштырып талдады.

Басылма мындай деп жазды: «Кара тумоо», «испан тумоосу» деп аталган вирустарга салыштырмалуу COVID-19дун экономикага тийгизген таасири өзгөчө болот. Бардык эле жугуштуу оорулар күчөгөн учурдагыдай жакырлардын финансылык абалы ого бетер начарлайт. Пандемия экономикага узак мөөнөттүү сокку урат. Маселен, 1918-1920-жылдары «испан тумоосунан» 100 миллиондой адам өлгөн. Ушундан улам Европада жумушчу күчү азайып, миграциялык агым күчөгөн.

Молдовадагы дүрбөлөң
Молдовадагы дүрбөлөң

Ал эми 1347-1351-жылдары Европаны «кара тумоо» каптаганда, тескерисинче, экономикалык өсүш катталган. Себеби эпидемиянын экономикага тийгизген таасирине байланыштуу «Мальтузиан» эрежесине ылайык, адам башы азайган сайын коомдун байгер катмарынын байлыгы да көбөйөт. Бирок пандемиянын жалпы адамзаттын финансылык абалына тийгизген таасири көп учурда негативдүү. Соода алакалары токтоп, байланыш буулат.

Оору күчөгөн маалда керектүү товарлардын баасын көтөрө коюу Рим империясынан бери болуп келген көрүнүш. Пандемиялар кылым тогошкон учурларга туш келип, адамзаттын жалпы тагдыры үчүн олуттуу бурулуштарга жол ачат. Маселен 17-кылымда Европаны, Британияны каптаган «кара тумоо» бул аймактардагы калктын санын кескин азайткан. COVID-19 вирусунун таасири бир нече жылдан кийин гана толук изилденип бүтүшү мүмкүн», - деген тыянак чыгарган.

Банкрот кылган коронавирус

«Independent» гезитине экономист Омар Хассан коронавирус адамдын ден соолугуна гана эмес, анын капчыгына да катуу таасирин тийгизерин жазды. Бул вирустун айынан жумушка бара албай, айлыгы кыскарып же бизнеси артка кеткендер көбөйүүдө.

Соодада триллиондогон доллардык чыгымдар эсептелип жатат. Беш миңден ашуун кишинин башын жуткан оорунун чыгымы миллиондогон долларга айланды.

Орусия менен Сауд Арабиясынын ортосундагы мунай согушу кызып, Сириядагы абал оорлоп, миграциянын жаңы толкуну дүйнөнү каптайт. Кытайдагы фабрикалар жабылып, алып-сатууга да терс таасирин тийгизди. Кытай дүйнөдөгү эң ири экспортер болгондуктан, анын башына түшкөн мүшкүл глобалдык мааниге ээ. Ошондой эле АКШ менен Европадагы өзгөчө кырдаалдын экономикалык таасирин да болжолдоо кыйын болуп турат.

АКШда айрым жумушчуларды салыктан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынды. Британияда «коронавирус бюджети» түзүлдү деген ойдо автор.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG