Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

Көмүскө экономиканын көмөгү


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (17-23-февраль).

«Eurasinet» аналитикалык басылмасынын автору Сэм Бхутия Борбор Азиядагы көмүскө экономиканын көлөмү тууралуу макала жазды.

Автор: «Аймактын экономикалык турмушун базарлар гана кармап турат. Ачык асман алдындагы соода-сатык көмүскө экономиканын кубаттуу күчүнө айланган. Мамлекеттик саясаттын ага алы жетпейт. Расмий текшерүүчүлөр же инспекторлор аны токтото албайт. Кыргызстандагы базарлар өлкө экономикасын артка тарткан да, алдыга сүйрөгөн да феномендей. Расмий эмес иш орундар ачылып, элге пайда болгону менен салык системасы жөнгө салынган эмес.

Эң өкүнүчтүүсү - көмүскө бизнес банктардан насыя ала албай убара. Өзбекстанда ар бир үч жумушчу орундун экөө катталбаган бизнесте. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча ушундан улам алардын эмгек укугу бузулуп, аз айлыкка иштешет.

2019-жылы Казакстандын Улуттук илимдер академиясынын маалыматына караганда, өлкөдөгү көмүскө экономика 22-27%, Өзбекстанда 29-33%, Кыргызстанда 17-19% деп белгиленген. Бирок эл аралык «Бертельсманн Стифтунг» аттуу трансформациялык индекс боюнча көмүскөдөгү экономиканын Ички дүң өнүмгө катышы Тажикстанда 43%, Казакстанда жана Кыргызстанда 39% деп эсептелген. Ошол эле маалда Германияда бул көрсөткүч 12% экени маалым.

Борбор Азиянын бийлиги азырынча эсеби жок базар бизнесинин бетин ачууга ашыккан жери жок. Бул багытта балким Өзбекстан алдыга озуп чыгат. Себеби президент Шавкат Мирзиёев экономиканы жаңы деңгээлге көтөрүү аракетин валюта алмаштырууну ачыкка чыгаруудан баштады», - деп жазды басылма.

Кыргызды жүдөткөн үй-бүлөлүк зомбулук

«Open Democracy» уюмунун сайтында Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулукка арналган эки макала жарыяланды. Анда үч жыл мурда үйдөгү зомбулуктан коргоо боюнча мыйзам күчүнө кирсе да, аялдарга кол көтөргөн эркектер баары бир жазасыз калып жатканы, бул акыркы мезгилде оор социалдык көйгөйгө айланганы баяндалат.

Диана аттуу келиндин тагдыры менен кыргыз аялдарынын зомбулукка туруштук бере албай кыйналган азап-тозогу сүрөттөлгөн.

«Ала качуу токтогон жок, ага каршы мыйзам 2017-жылы күчөтүлгөнү менен, 2018-жылы 895 ала качуу расмий катталып, 727си боюнча арыз түшпөй, 168 кылмыш иши ачылып, анын 33ү гана сотко жеткен. Зомбулукка туш болгондордун 92% аялдар, 8% эркектер.

2011-жылы 1 714 үй-бүлөлүк зомбулук катталса, 2018-жылы 6 522 учур белгиленди. Бул расмий гана сандар, кордук көргөндөрдүн көпчүлүгү укук коргоочуларга же тартип сакчыларына кайрылышпайт. Жаңы мыйзамдарга ылайык, токмок жеген аялды коргош үчүн мамлекеттен үч күндөн бир айга чейин коргоочу ордер берилет. Бирок аны алгандардын саны өтө аз. Аялын сабаган эркекке 15 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып салынып, беш суткага камалат жана 40-60 саат коомдук жумушту аткарууга тартылат. Мындай жеңил жаза «чоң муштумдарды» токтотпой жатат.

Кордук көргөн аялдар Бишкектеги «Сезим», Оштогу «Ак жүрөк» кризистик борборлорунан башка эч жакка бара алышпайт. Бул баш калка жайлар кайрымдуулук уюмдарынын көмөгү менен иштеп жатат. 2019-жылдын май айында эл аралык «Human Rights Watch» уюму Кыргызстанга зомбулукту токтотуу үчүн чара көрүүнү эскертип, атайын өнөктүк да өттү. Бирок 2020-жылдын январы кандуу башталып, эки аялды күйөөлөрү бычактап, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

2013-2018-жылдары өлкөдө 186 аялды күйөөсү сабап өлтүргөн. 2018-жылы 62 аял эркектин колунан ажал таап, 288и оор жаракат алган. Миңдеген кыргыз аялдары зомбулуктун торунан чыга албай, мамлекет аларга көңүл бурбай жатат», - деп баяндайт басылма.

Коронавирус дүйнө экономикасына сокку урду

«Foreign Policy» журналы коронавирус жайылган сайын дүйнө экономикасына тийгизген таасири улам күчөгөнүн баяндайт.

Муну алыс барбай эле «Apple» компаниясынын азайган соодасынан көрсө болот. Кытайда чыккан оору коңшулары Жапониядагы, Түштүк Кореядагы сооданы азайтып чектелбей, кесепети Германия сыяктуу Европа өлкөлөрүндөгү өндүрүшкө да тийүүдө. 18-февралда Түштүк Кореянын президенти Мун Чже-ин экономикалык өзгөчө кырдаалды жарыялады. Сингапурда, Тайландда, Малайзияда да өндүрүш азайгандыктан мамлекет ишкерлерге колдоо көрсөтүүчү программаларды колдой баштады.

Жапониянын «Toyota», «Nissan» сыяктуу ири корпорацияларынын ишмердиги солгундап, айрыкча Кытайдан түшкөн туризмдин кирешеси төмөндөдү. Кытайдын «Бир жол - бир алкак» долбоорунун Түштүк-Чыгыш Азиядагы иши солгундады.

Кытайдын өзүндөгү орто жана чакан бизнес чыгашага учурады. Ири корпорациялар оорудан улам иштей албаган жумушчуларына айлыгын төлөп жатканы менен, өлкө экономикасынын тиреги болгон орто жана чакан бизнес мындай марттыкка бара албай жатат. Ушундан улам АКШ дүйнөгө азык-түлүк, энергия, өндүрүш товарларын ири өлчөмдө экспорттоону пландап жатат.

Европалыктар да вирустан чочулап турган чагы. Кытайда фабрикалары жайгашкан «Volkswagen» компаниясынын иши да солгундашы ыктымал экенин белгилейт басылма.

Токио Олимпиадасы болобу?

Коронавирус жайылган сайын быйыл жайында Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары болбой калышы ыктымал деген кептер да таркап жатканын «Time» журналы жазды.

Вирустан улам дүйнө экономикасы 250 миллиард долларга чукул зыян тартары болжолдонууда. Ары-бери саякаттагандар да азайып, Кытайдын өзүндө эле 21 авиакомпания каттамдарды токтотту. Бул тармакта иштеген 27 миң жумушчу акы төлөнбөгөн эс алууга кетти.

Дүйнө вирустан кооптонуп турганда расмий Токио жай айларына пландалган Олимпиада оюндары өтөрүн 13-февралда жарыялады. Бирок төрт күндөн кийин эле Олимпиаданын баштапкы этабы болгон, 1-мартта өтө турган Токио марафону токтотулду.

Эл аралык Олимпиада комитети Жапониядагы вируска байланыштуу кырдаалды жакындан иликтеп жатканын журналга маалымдады. Кокус Олимпиада болбой калса Жапонияга тийгизген экономикалык зыянын эсептөө өтө кыйын болмокчу. Болжол менен 25 миллиард доллардай зыян тартары айтылууда.

2019-2021-жылдары Жапониядагы 80 миңдей мейманкана бөлмөлөрү 1 миллиард долларга оңдолмок эле. Олимпиада өтпөй калса, Жапониянын азыркы премьер-министри Синдзо Абеге да чоң саясий сыноо болорун божомолдойт басылма.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG