Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 20-февраль, 2020 Бишкек убактысы 03:31

Кытайда догдурдун өлүмү бийликке сынды күчөттү


Дарыгер Ли Вэнлян өлгөндөн кийин Кытай бийлигине нааразылык күчөдү.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (3-10-февраль).

Коронавирус тууралуу коомчулукка биринчи болуп ачык айтып чыккан дарыгер Ли Вэнляндын өлүмү кытай бийлигине каршы маанайды күчөтүп жатканын дүйнөлүк басылмалар жазды.

"Financial Times" 34 жаштагы дарыгер өзү айтып чыккан вирустан өлгөндөн кийин Си Цзинпиндин бийлигин сындагандар кескин көбөйгөнүн маалымдады.

«Ли алгач жугуштуу ооруну айтканда, Кытай полициясы аны суракка алып, жазага тарткан. Ухандыктар азыр Ли иштеген оорукананын жанына гүл коюп, аны эскерүүдө. Социалдык медиада "Линин өлүмү бул ооруга каршы алсыз экенибизди көрсөттү. Бийлик Ухандын элинин жашоосун тозокко айлантты" дегендер да чыкты», - деп жазды басылма.

Коронавирус тууралуу алгачкы маалыматты Ли кесиптештеринин онлайн чатына жазгандан кийин полициянын кысымына кабылган.

"Economist" журналы Ли Вэлян Ухандын ооруканасында көз догдур болуп иштегенин, "WeChat" тармагына вирус байкалганда эле билдирүү жазганын баяндап, 6-февралда ал каза болгондон кийин коомчулукта бийликке каршы маанай күчөгөнүн белгиледи.

«Ал тургай кытай тилиндеги басма сөз да Линин өлүмүнөн кийин бийликтин тыйганына карабай, аны сындаган макалаларды чыгарууда. Кытайдын башкаруучулары азыр чоң сыноого кабылды. Эгер вирус тууралуу маалымат убагында берилбесе, коомдук толкундоолор болушу мүмкүн. 1989-жылы өкмөттөгү жаңычыл көз карашы үчүн иштен алынган Ху Яобанды Кытай эли түп көтөрүлө колдогон. Бийликке каршы демонстрациялар болгон. Азыр эми ооруну жугузуп алуу коркунучу алдында жашаган элди жазалоо, кысымга алуу, цензура менен тыйганга болбойт», - деди "Economist".

Жапония виза берүү жол-жобосун катаалдаштырат

Жапониянын миграция кызматы 2020-жылдын апрель айынан тарта билим алуу, эмгек визасы же иммиграцияга документ тапшырган чет элдиктерди кошумча текшере баштайт.

Жапондордун желеги.
Жапондордун желеги.

Бул тууралуу "Nikkei" гезити маалымдады. Мындай кошумча текшерүү жана талаптар 30 жылдан бери киргизиле элек болчу.

Мындан ары Жапонияга барган чет өлкөлүк студенттердин билим деңгээли, мигранттардын башкы максаты, ден соолугу кошумча көзөмөлдөн өтөт.

Айрыкча жети өлкөнүн атуулдары - Кытай (Гонконгдон тышкары), Вьетнам, Непал, Шри-Ланка, Мьянма, Бангладеш жана Монголия. Булар виза алуу үчүн кошумча документтерди топтоого милдеттендирилет.

Жапония 2019-жылы 4700 чет элдик адамга виза берүүдөн баш тарткан. 2015-жылы бул сан 2800ди түзгөн. Апрель айында өзгөргөн эрежелерде кошумча текшерүү киргизиле турган 80 өлкөнүн тизмесинде Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан бар. Казакстан менен Түркмөнстан бул тизмеге кошулган эмес. ​

АКШнын Борбор Азия стратегиясы - "эскинин жаңысы"

"Eurasinaet" журналына талдоочу Питер Леонарддын Кошмо Штаттарынын Борбор Азияга багытталган стратегиясына байланыштуу макаласы чыкты.


«Узап бара жаткан жумада АКШнын Борбор Азияга багытталган саясатына байланыштуу текст чыкты. Бирок, ал өтө эле кызыксыз экен. АКШнын аймакка багытталган саясаты дымактуу болгону менен бөлө турган каражаты, ресурстары Москва жана Бээжинге салыштырмалуу кыйла чектелүү.

2019-2025-жылга карата чөлкөмгө багытталган стратегиялык саясаттын алты негизги багыты бар.

Алар - Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн көз карандысыздыгы менен эгемендигин бекемдөө, террорчулукка каршы күрөш, Ооганстанга тынчтык жана бакубаттыкты орнотуу, Ооганстан менен Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнүн өз ара карым-катышын арттыруу, мыйзамдуулук жана адам укугун сактоого шарт түзүү, өлкөлөрдүн экономикалык байланышын ачык-айкын кылып, АКШдан ишкерлерди тартып, кызматташтыкты арттыруу.

Мунун баары ондогон жылдардан бери айтылып келе жаткан багыттар. Бирок 2016-жылы Өзбекстанда Ислам Каримовдун дүйнөдөн өткөнү жана былтыр Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин бийликтен чегиниши сыяктуу бурулуштар чөлкөмдү өзгөртүүдө.

Февралдын башында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео аймакка иш сапар менен чыгып, дал ушул башкаруусу өзгөргөн эки өлкөгө өзгөчө көңүл бурганынан эле калган үч өлкө "стратегиялык оюнга кошулбай" калганын байкаса болот.

2015-жылдан бери бул үч өлкөдө эмне өзгөрдү? Тажикстан барган сайын авторитардык бийликке чөмүлүп, келечеги бүдөмүк. Түркмөнстан дүйнөдөн бөлүнүүнүн чегине жетти.

Кыргызстан экономикалык жактан толугу менен Орусияга баш ийип баратат. Анан калса ири суммада карызы бар болгону үчүн Кытайга да көз каранды», - деп жазды Питер Леонард.

Автор Ооганстандагы олку-солку кырдаалдын башка өлкөлөргө коркунучу тууралуу да пикирин билдирген.

Путиндин жакыр пенсионерлери

Германияда чыккан "Frankfurter Allgemeine Zeitung" басылмасынын Орусияда социалдык жактан азап тарткан карыялардын жашоосу тууралуу макаласы жарык көрдү.

Журналист Катарина Вагнер орусиялык пенсионерлер өтө жакыр болгондуктан, керектүү дары-дармек алууга чама-чаркы жетпей жатканын билдирет.

"Москвадагы пенсионерлер айына 280 еврого жашашы керек. Бул башка шаарлардагы, аймактардагы пенсияга караганда 75 еврого көбүрөөк.

Буга кошумча карыялар музейге, айрым театрларга, бассейндерге акысыз кирип, коомдук транспортто жол кире төлөшпөйт.

Бирок аймактарда мындай жеңилдиктер улам кыскарууда. Орусиялык карыялардын басымдуусу менчик турак жайга ээ. Тамак-ашы да жетиштүү. Бирок дарыланууга, саякатка акчасы жетпейт. Муну Орусиядагы Социалдык анализ жана божомол институтунун окумуштуусу Елена Гришина да ырастады. Бул өлкөдө 2019-жылы жакырлардын саны 14,3% түзсө, анын 6,6% - пенсионерлер", - деп жазды гезит.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG