Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Вирус: беткап тартыш, аба тазарды


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (24-февраль - 1-март).

"Time" журналы дүйнөдө медициналык беткап абдан тартыш болуп жатканын жазды. Кытайда коронавирус башталганга чейин күнүнө 20 миллион беткап өндүрүлчү. Кытай башка мамлекеттерге беткапты импорттогон өлкөлөрдүн сап башында турчу.

Вирус жайылган сайын беткап тартыштыгы глобалдык деңгээлге чыкты. Баасы кымбаттап, атүгүл машина өндүргөн, телефон чыгарган компаниялар эми беткап чыгарууга өттү. Кытайдагы "Apple" компаниясынын "Foxconn" заводу марттан баштап күнүнө 2 миллиондон беткап чыгара баштайт. Кытайдын өзүндө эле бир күндө 400 миллион беткап талап кылынууда. Түштүк Корея менен Иранда да беткап өтө тартыш болуп, баасы кымбаттады.

Вирус башталганда Кытай коңшу Индонезиядан, Вьетнамдан жана Индиядан беткап сатып алып жаткан. Эми Кениядан жана Танзаниядан да сатып алууга мажбур болууда.

Лондондо беткаптын баасы 3 доллар 25 центке чыкты. АКШнын Техас штатында медициналык бир ирет колдонуучу каражаттарды чыгарган заводдун ээси Майк Боуэн ага күнүгө жүздөн ашуун компания беткап сурап чалып жатканын айтты. АКШ беткапты Мексика, Кытайдан сатып алчу. Тайланд, Тайван, Индия беткапты чет мамлекетке сатууга тыюу салды.

Гонконгдо кино тарткан студиянын ээси Индиядан беткап чыгаруучу жабдуу алып барып, өндүрүштү жолго салды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебреем коронавирус башталганда эле беткапты максатсыз пайдаланууну токтотуп, сарамжал болууга чакырган. Учурда медициналык маскага талап мурдагыдан 100 эсе жогору болууда. Мындан тышкары дарыгерлер үчүн вирустан коргогон кийимдер да тартыш болуп жатканын баяндайт басылма.

Паспорт оңолбосо, кыргызстандыктар кыйналат

Америкалык талдоочу Кристен Черигейт "Diplomat" журналына Кыргызстан менен АКШнын алакасын талдаган макала жарыялады. Анда автор: "АКШ Кыргызстандын жарандарына визалык чектөөлөрдү паспорттун чабалдыгынан улам киргизди.

Кыргыз коомчулугу муну күтүүсүз жаңылык катары кабыл алып, АКШны меймандос эмес деп сындагандар да чыкты. Бирок биометрикалык талаптарга жооп берген паспорт азыр дүйнөлүк стандарттардын башкы сабында турат.

АКШ чет элдиктердин ким экенин изилдеп, террордук аракеттердин алдын алып, кылмыш топторунун мүчөлөрүн аныктап, коопсуздукту сактоону көздөп жатат. Бул маселе тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу январда жолукканда да козголду.

2015-2017-жылдар аралыгында Кыргызстанда паспорт коопсуздугуна байланышкан, жогорку бийликтин өкүлдөрү катышкан бир нече кылмыш иши катталды.

АКШнын бул чектөөсү убактылуу. Борбор Азияга карата саясатынын алкагында Кошмо Штаттары Кыргызстан менен мамилесин жакшыртууну көздөйт. Эки тараптуу мамилени оңдоо үчүн эми Кыргызстан талап кылынган беометрикалык паспорт бере баштаса, жеке документтерди ыйгарууда коррупцияны токтотсо абал өзгөрөт", - деген оюн билдирген.

Талкаланган орус темир жолу

Серепчи Пол Гобл "James Town Foundation" уюмунун басылмасына Орусиянын талкаланып жаткан темир жолдору тууралуу макала жазды. Москва өлкөдөгү темир жол тармагына көңүл бурбагандыктан Кытай азыр Европага товар ташууда Орусияны кыйгап өтчү жолдорду караштыра баштаганын баяндайт автор.

Автор орус бийлиги Кытай менен Европаны туташтырып турган темир жолдорду оңдоого, ылдам поезддерди сатып алууга каражат бөлбөй жатканы буга себеп болгонун айтты.

"Транс-Сибирь каттамындагы жолдо жүк ташуучу поезддер кырсыкка учурап, же жолдор бузулуп токтоп калганы, андан улам жүк таптакыр жоголуп кеткен, же башка жакка барып калган учурлар кездешет. Ушундан улам Бээжин өз товарын Орусияны кыйгап өтүп, Европага деңиз, океан аркылуу ташуунун оңой ыкмасын издөөдө.

Кытайдын өзүнүн жүк, жүргүнчү ташыган поезддери саатына жүздөн бир нече жүз чакырымдык ылдамдыкта жүрүп, өтө заманбап болсо, Орусиядагы карго вагондордун ылдамдыгы саатына 35-40 чакырым болуп жатат.

Москва өз экономикалык пайдасын ойлосо темир жол тармагына каражат салып, абалдан чыкса болот. Бирок азырынча бийлик мындай кадамдарга бара элек. Жылдан жылга жараксыз болгон поезддер көбөйүүдө. 2014-жылдан 2018-жылга чейин орто эсеп менен күнүнө 666 карго вагон бош турса, 2019-жылга чейин бул сан эки эсе көбөйүп, 1246га чыкты. Учурда жүк салган 2 миңден ашуун вагон ишсиз турат.

Орусиянын Темир жол министрлиги абалды оңдош үчүн эмне кылды дебейсизби? Системаны компьютерлештирип, тейлөөнү жакшыртуунун ордуна жаңы вагондорду сатып алды. Орустарда "Өлкөнүн өнүкпөй жатканына келесоолор жана жаман жолдор күнөөлүү" деген учкул сөзү бар, эми ага шалдыраган темир жолду да кошсо болот", - деп жыйынтыктайт автор.

Вирус абаны тазартты

НАСАнын окумуштуулары космостон алынган сүрөттөрдү талдап чыгып, коронавирус күчөгөн маалда Кытайдын абасы кыйла тазарып калганын аныкташты. Бул тууралуу "The Independent" гезити кабарлады. Кытайдын январдагы жана февралдагы абасын салыштырган климатологдор бул өлкөнү каптаган кара туман азайганын байкашкан. Фабрикалар жабылып, жолдо машинелер азайгандыктан абага бөлүнүп чыккан кара түтүн кескин төмөндөгөн.

Февралдын акыркы эки жумасында Ухан баштаган өндүрүш шаарлардын үстү таптаза болуп калган. НАСА чыгарган картада 2019-жылдын 10-25-февралы менен 2020-жылдын ушул маалы салыштырылды. "Goddard Space" борборунун илимпозу Фей Лиу 2008-жылы экономикалык каатчылык башталгандан бери биринчи жолу Кытайдын абасы тазарып, асманы ачылганын билдирди.

Ал арада "Washington Post" гезитинин талдоочусу Ишан Зарур коронавирус глобалдык саясатка жана туризмге терс таасирин тийгизип жатканын жазды.

Автор: "Coca-Cola" сыяктуу ири ишканалардын соодасы солгундады. Европада да кыйынчылыктар башталды. Миландагы Боккони университетинин окумуштуусу Роберто Перотти Италиянын экономикасы олуттуу зыянга учурай турганын жар салды.

Европа өлкөлөрүнүн айрым улутчул, популист лидерлери абалды өз пайдасы үчүн колдонуп, Шенген зонасына саякатты катуу чектөөнү сунуш кылууда. Кытайда авторитардык бийликтин абалы улам начарлап барат. Апрелдин аягына чейин вирус токтобосо, Бээжиндеги абал курчушу ыктымал", - деп жазды автор.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG