Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 06:47

Токио Олимпиадасы өтпөй калышы ыктымал


Жапониянын тургуну

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама.

Токиодо июлда баштала турган Олимпиада оюндары коронавирустун айынан болбой калышы мүмкүн экенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Forbes" журналынын экономикалык талдоочусу Уильям Песек ансыз да экономикасы соода согуштарынан, салыктын жогорулашынан, табигый кырсыктардан улам былтыркы жылдын акыркы кварталында ИДПсы 6,3 пайызга төмөндөп кеткен өлкө менен өкмөт башчы Синдзо Абе үчүн жугуштуу оору чоң сокку урганын баяндайт.

"2020-жылы өтчү Токио Олимпиадасына бийлик 30 миллиард доллар салып жаткан. Туристтердин эсебинен бул акча өзүн актайт деп өкмөт катуу ишенген эле. 2013-жылдан бери Токио бул олимпиаданы өткөрүүнү эңсеп, жарышка түшүп келген. Жапония АКШ менен Кытайдан кийинки эле экономикасы күчтүү өлкө экенин дал ушул Олимп оюндарын өткөрүү менен далилдемек.

1964-жылы Токиодо биринчи жолу бул оюндар өтүп, согуштан кийин күлгө айланган Жапония кандай өнүккөнүн дүйнөгө жар салган. Мунун баарын азыркы преьмер-министр Синдзо Абенин чоң атасы, ошол кездеги өкмөт башчы Нобусуке Киши ишке ашырган. Ушундан улам Абе үчүн 2020-жылдагы Олимпиада оюндары өзгөчө мааниге ээ. Оюндар болбой калса, же мөөнөтү жылса жапон бийлиги 6,3 пайызга төмөндөй түшкөн ички өндүрүшүн жогорулатууга катуу киришкени дурус", - деди автор.

Ал эми "New York Post" гезити Олимпиада оюндары көрүүчүлөрсүз эле өтөт деп божомолдойт. 24-июлда башталчу оюндар тууралуу так маалымат май айында берилет. Жапонияда коронавирустан 12 киши каза тапты.

Кытай бизнесин токтоткон вирус

"Eurasinet" басылмасы Борбор Азияда коронавирустун бир да учуру катталбаганы менен оору аймактын экономикасына терс таасирин тийгизип жатканын баяндайт.

Чөлкөмдөгү Кытайдын соодасы солгундоодо. Борбор Азиядагы беш өлкө Кытайда оору чыгары менен эле чек араларын жапкан. Дүйнө вирус менен алышып жатканда Борбор Азияда вирус бир да адамда табылбаганы таң калтырат. Ошентсе да күнүмдүк буюмдардын, тамак-аштын баасы кымбаттап, айрымдары арзандап жатат.

Маселен Өзбекстанда банандын баасы 60 пайызга арзандады. Бишкектеги "Жунхай" базары 29-февралдан бери жарым-жартылай жабык турат. Түркмөнстан жарандарына чет жакка чыгууга тыюу салды. Ташкентте өтчү ири инвестициялык форум кийинкиге жылдырылып, Кытай менен аба каттамдар токтоп, Хубей провинциясынан келчү темир жол каттамы 26-февралда жабылды. Кыргызстанда жүк ташуучу машине менен Кытайга каттагандар ишсиз отуруп калды. Жергиликтүү өндүрүшчүлөр башка соода булактарын издөө менен алек.

29-февралда Кытайдын Саясий бюросунун мүчөсү Янг Цзечи Казакстанга, Тажикстанга, Өзбекстанга беш күндүк иш сапары менен бармак. COVID-19 вирусунан улам бул сапар да болбой калды. Янгдын иш сапары учурунда ири инвестициялык, соода байланыш келишимдери түзүлмөк".

"Жаңы осмончул" саясат пантүркизмди сүрүп чыгарууда

"Jamestown Foundation" уюмунун "Eurasia Daily Monitor" басылмасынын 17-санында талдоочу Пол Гоблдун Түркиянын түрк тилдүү өлкөлөргө багытталган саясаты тууралуу макаласы жарык көрдү.

Стамбул
Стамбул

Анда Гобл: "Мурда Советтер Союзунун курамына кирген түрк тилдүү мамлекеттер азыр пантүркизм саясатынан алыстап, "жаңы осмончул" күчтөрдүн таасиринде калды. Батыштагы байкоочулардын көбү пантүркизм менен жаңы осмончулукту бир саясат катары кароодо. Бирок экөө бири-бирине коошпогон эки башка багыт. Пантүркизм - секулярдуу, демократиялык жана батышчыл көз карашта.

"Жаңы осмончулдук" - исламдашканы, авторитардык бийликти жактаганы, Батыштын көз караштарын четке какканы менен айырмаланат. Отуз жыл мурда Советтер Союзу ураганда Европа менен АКШнын байкоочулары Туркиянын постсоветтик дүйнөгө болгон кызыгуусун оң көрүнүш катары кабыл алган. Азыр Түркиянын чөлкөмдөгү таасирине оң карагандар азайып барат.

Пантүркизмден "нео-осмончулукка" өтүү орус эксперттеринин пикиринде эки себептен улам ишке ашкан. Биринчиден, Москва соңку кездери өз аймагындагы көйгөйлөр менен алек болуп, Борбор Азиядагы пантүркизмге астейдил мамиле жасап, көп көңүл бурган эмес. Ал эми жакында пайда болгон "жаңы осмончулук" Орусия менен Борбор Азиянын талдоочуларынын кызыгуусун жаратты.

"Sodrugestvo.info" басылмасында чыккан макаласында талдоочу Гүлшат Абдуллаева Түркия акыркы жылдары эл аралык саясатта көз карандысыз болуп, "жаңы осмончул" багыты менен глобалдык аренада маанилүү өкүлгө айланууну көздөйт деп белгилейт. Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрү мындан ары Түркиянын ичиндеги саясий көз караштар эл аралык деңгээлге чыгууга аракеттенип жатканын унутпашы керек. Себеби "жаңы осмончулук" - азыркы Түркиянын идеологиясы. Ал кайсы бир деңгээлде мурда Осмон империясынын курамына кирген өлкөлөргө өз көз карашын жайылтууну көздөйт.

Учурда жаңы осмончулук тренди улам курчуп, Түркия саясатында Осмон дөөлөтүнүн саясий маданиятын кайтарып келүү демилгеси байма-бай айтылууда. Түркия Республикасынын биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн секулярдык, батышчыл идеологиясы басаңдап барат. Талдоочу Станислав Тарасов "Regnum" агенттигине "Эрдоган Ататүрк эмес, Путин Ленин боло албайт", - деген.

Анкара ар түрдүү эл аралык уюмдарды каржылоо менен жаңы осмончулукту болушунча илгерилетүүдө. Буга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы уюму кирет. 2009-жылы түзүлгөн бул уюм экономикалык карым-катышты өнүктүрүүгө багытталган.

Көркөм адабияттын мээге таасири

Ар кандай мотивациялык китептерге караганда көркөм адабиятты окуу менен мээнин иштөө мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтсе болот. Бул тууралуу Британиядагы "Daily Mail" гезити маалымдады. Ар кандай психологиялык, шыктандыруучу, ийгиликтин ачкычын аныктаган тарбия-таалим китептерине караганда адамдын мээсине классикалык көркөм адабий чыгармалар көбүрөөк таасир этет.

Айтматовдун түрк тилиндеги адабий китептери
Айтматовдун түрк тилиндеги адабий китептери

Депрессия, өнөкөт оорулар, ал тургай эс тутумун жоготкон деменция оорусуна чалдыккан адамдарга англис жазуучулары Чарльз Диккенс менен Жейн Остиндин китептерин сунуш кылышууда.

Ливерпул университетинин профессору Филипп Дэвис "эмоцияга жык толгон" классикалык көркөм адабиятты окуган адамдардын маанайы көтөрүлүп, бир топ оорунун белгиси басаңдаганы байкалганын айтат.

"Маалымат алуу үчүн окуган китептерге адамдар абдан аз убакыт жумшайт. Автоматтык түрдө эле окуп кете беришет. Бирок көркөм адабиятты окуганда мээ көбүрөөк иштейт. Эмоциялар, сезимдер курчугандыктан адамдын мээсинин иштөөсү жакшырат", - деген профессор Дэвис көркөм адабиятты көп окууга чакырды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG