Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Коронавирус: Cузакта өзгөчө кырдаал жарыяланды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган үч адам аныкталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан келишкен. Учурда Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар аныкталды

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган адамдар аныкталганын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 18-мартта эртең менен чукул басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абаддын Сузак районунда үч адамдан жугуштуу илдет өткөн түнү аныкталган.

Оору жугузган 70, 62, 43 жаштагы үч киши Сауд Арабиясында умра сапарынан 12-мартта Кыргызстанга учуп келишкен.

«Сауд Арабиясына барып келген үч жаран катталды. Бул өлкө биздеги категорияга илинген эмес. Алар 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга келишкен. Анализдери алынып, үйлөрүндө медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушкан. 16-мартта алардын бири, Сузак районунун тургунунун дене табы көтөрүлгөн. Тастыктоочу анализдери андан жана дагы эки кишиден коронавирусту аныктады», - деди министр.

Министрдин маалыматы боюнча, умрадан келгендер үй карантинде кармалып турган. Алардын абалына жергиликтүү дарыгер көз салып жаткан. 16-мартта алар менен байланышта болгон адамдын дене табы көтөрүлгөнү белгилүү болуп, тиешелүү тест алынып, үч адамдан COVID-19 вирусу аныкталды. Алардын абалы жакшы, Жалал-Абад шаарындагы ооруканада дарыланууда.

Чолпонбаев вирус табылган адам менен бирге учакта 135 адам учуп келгенин, учурда алардын ичинен 90 киши обсервацияга жаткырылганын кошумчалады. Азыр ооруган адамдар менен байланышта болгондор жана учактын башка жүргүнчүлөрү аныкталып жатат.

Мындан сырткары, Жалал-Абад облустунан алынган расмий маалыматка караганда, облус боюнча умрага барып келгендер менен жолугушкан 1122 адам (айылдаштары жана туугандары) да такталып, тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Ошондой эле умрага барып келген Ысык-Көл облусунан 15, Баткен облусунан 8 кишинин тек-жайы аныкталып, коронавируска текшериш үчүн облустардагы ооруканаларга жаткырылды.

Парламент депутаты Алиярбек Абжалиев жалпы жыйында коронавирустун алдын алууда тоготпогон мамиле болуп жатканын билдирип, мындай мамиле жугуштуу илдеттин жайылып кетишине шарт түзөөрүн белгиледи:

«Менин жакын таанышым умрага барып, 12-мартта келген. Азыр телефондон сүйлөшсөм «12синде келип, үйүмө барып, бүт баары келип, сүйлөшүп, учурашканбыз» деди. Кечинде «Ак-Кемеге» барып жаткырышыптыр. Ошентип, баары аралашып кетти. Европада дагы тоготпогон мамиле кылып, бүгүн эң кооптуу аймак ошол жакта болуп жатат. Бизде дагы тоготпогондой мамиле болуп атат. Бул боюнча жакшылап карабасак болбойт».

Жогорку Кеңештин 18-марттагы жыйынында бир нече депутат коронавируска байланышкан чаралар боюнча өкмөттүн маалыматын парламентте угууну сунуш кылды. Эл өкүлдөрү өкмөттүн маалыматын 19-мартта угууну чечишти.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирусту аныктоо жана жайылтпоо боюнча бардык шарттар бар экенин билдирип, калкты дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Сузакта өзгөчө кырдаал жарыяланды

Бул маалымат белгилүү болору менен Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

Эрмек Омошев.
Эрмек Омошев.

Райондун акими Эрмек Омошевдин айтымында, жарандык коргонуу комисиясынын чечиминин негизинде райондун аймагына биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды. Тактап айтканда, коронавирус учуру катталган Благовещенка жана Бостон айылдарындагы үй-бүлөлөрдүн бири-бирине каттоосуна чектөө коюлуп, район боюнча үйдө той-аш өткөрүүгө жана чогулууга тыюу салынды.

Ал ортодо парламентте бул боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялоону сунуш кылды.

Учурда Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыялоо боюнча чечим кабыл алынат.

Кыргызстанда Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб 17-мартка карата негизги эки чечимди кабыл алган. Штаб эпидемиологиялык абалга жараша коронавирус катталган өлкөлөрдүн категорияларын кайра карап чыгып, мурдагыдай үчкө эмес, экиге бөлдү.

Ага ылайык, биринчи категорияга Кытай, Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, Германия, Франция, АКШ, Швейцария, Англия, Голландия, Норвегия, Швеция, Белгия жана Австрия кирет. Башкача айтканда, кайсы өлкөдө коронавирус жугузган 1000ден көп адам катталса алар биринчи категорияга киргизилет. Экинчи топко вирус катталган өлкөлөрдүн баары кошулат. Биринчи категорияга кирген өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктар атайын даярдалган ооруканаларда 14 күнгө чейин обсервацияда жатат. Экинчи категориядан келгендери эки жумага үй карантинге алынат.

Штаб андан тышкары Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын киришине убактылуу чектөө киргизүүнү сунуш кылганын штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 17-марттагы басма сөз жыйынында билдирген:

Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

«Көп мамлекеттер ушундай чара көрүп жатышат. Коронавирус дүйнө жүзүнө тез тарап, биздин коңшу мамлекеттерден да чыккандыктан ушундай жол менен вирусту алдын алууну туура көрдүк. Бул чектөө жүк ташуучу автоунааларга тиешеси жок».

Өкмөттүн маалыматы боюнча буга чейин Сауд Арабиясындагы умра сапарынан 651 адам келген. Алардын баары үй карантинге алынган.

Азыркы маалда жер жүзүндө башкы маселеге айланган COVID-19 вирусу 190 миңге жакын адамга жукту. Бул дарттан жети миңден ашык адам каза болду. Учурда илдет бир катар мамлекеттерге тездик менен жайылып жаткандыктан чек аралар жабылып, өзгөчө кырдаал киргизилет.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстанда 33 , ал эми Өзбекстанда 11 адам жуктуруп алды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG