Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Кыргызстан өзгөчө кырдаалда жашай баштады


Ош шаары. 22-март, 2020-жыл.
Ош шаары. 22-март, 2020-жыл.

Кыргызстанда 22-марттан тарта коронавирусту жайылтпоо максатында өзгөчө кырдаал режими иштей баштады.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жалпысынан 14 адам жугузуп алган. Сузак районунда сегиз, Ноокатта үч, Бишкек шаарында эки жана Баткен районунда бир адам катталган. Бейтаптардын алтоо эркек, сегизи аял. Жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейин, алар учурда тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Ал эми коронавирус жугузгандар менен байланышта болгон 2628 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

22-мартка карата Кыргызстанда коронавирусту жаңыдан жугузуп алгандар катталган жок.

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими кирди

Анын алкагында өлкө аймактарында 14 санитардык-карантиндик пост орнотулууда. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган посттордо милиция кызматкерлери, дарыгерлер туруп, облус аймактарына кирип жаткан жарандарды текшерет.

Баткен облусунда – 1 пост (Караван айылы);

Ош облусунда – 4 пост (Кара-Суу районунун Жапалак жана Мады айылдары, Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылы);

Жалал-Абад облусунда – 1 пост (Чычкан посту);

Талас облусунда – 1 пост (Талас районунун Көпүрө-Базар айылы);

Нарын облусунда – 1 пост (Кочкор районунда);

Ысык-Көл облусунда – 1 пост (Кубакы посту);

Чүй облусунда – 5 пост («Сосновка», «Маловодное», «Киргшелк», «Ак-Жол», Алматы-айланма жол посттору).

Санитардык-карантиндик посттор эки нөөмөттө күнү-түнү иштешет.

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб Кыргызстанга киргизилген өзгөчө кырдаалдын тартибин түшүндүрдү.

Республикалык штаб жарандарды эрежелерди сактоого чакырууда.

Коронавирус: өзгөчө кырдаалдын тартиби
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

Абылгазиев: өкмөт өз социалдык милдеттерин толук аткарат

ул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коронавируска байланыштуу абалды жөнгө салуу боюнча республикалык ыкчам штабдын алгачкы жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу жарандарга бир катар ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн. Өкмөт башчысы элди жаралган кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды:

«Киргизилип жаткан режим ар бирибиздин жашообузга бир аз оңтойсуздуктарды алып келет. Бирок бул мажбур болгон жана убактылуу чечим экендигин түшүнүү керек. Бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө ишке ашырылат деп сиздерди ишендирип кетем. Башкысы, кымбаттуу мекендештер, инфекциянын жайылышын токтотуу максатында киргизилип жаткан эрежелерди сакташыңыздар керек»,-деди Абылгазиев.

Премьер-министр “өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе жаралбайт” деп белгилеп, учурда эң маанилүүсү тартип жана жоопкерчилик экенин кошумчалаган.

СОVID-19 жана куру пиар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

Шайлоо жылып калды

Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу 12-апрелге белгиленген жергиликтүү шайлоо башка мөөнөткө жылдырылат. Мындай чечимди 21-мартта Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши кабыл алган.

Эми шайлоону жылдыруу боюнча жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол коюшу керек. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, бул жарлык күчүнө кирери менен шайлоого байланыштуу бардык өнөктүк, үгүт иштери өлкөдө эпидемиологиялык абал калыбына келгенге чейин токтотулат. Андан соң шайлоонун жаңы мөөнөтү аныкталып, шайлоо өнөктүгү кайсы баскычта токтотулса, ошол жерден улантылат. Азырынча президенттик аппарат шайлоону жылдыруу боюнча жарлыкка кол коюлганын кабарлай элек.

Ош шаары дезинфекцияланып жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:19 0:00

Кыргызстанда 12-апрелде беш шаар жана 25 айылдык кеңешке шайлоо өтмөк. Буга чейин Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерине шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия катталган. Алар 13-марттан тарта үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жаткан. Айылдык кеңештерге депутатыкка талапкерлердин үгүт иштери 22-мартта башталмак.

Дүйнөдөгү абал

Италиянын Жарандык коргонуу агенттиги ишемби күнү өлкөдө 793 адам COVID-19 вирусунан каза тапканын билдирди. Натыйжада Италияда коронавирустан өлкөндөрдүн саны 4800дөн ашты. Азырынча вирусту жугузуп алган 53,5 миң адамдын 6 миңдейи гана толук айыгып чыгышты.

Андыктан 21-мартта Италиянын бийлиги карантиндин чараларын дагы күчөттү. Ага ылайык, вирус эң көп жайылган Ломбардия аймагында көчөдөгү жайма базарлардын баары жабылды. Тургундарга сыртта дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоого тыюу салынды. Ошондой эле өкмөт бир катар ишканалардын ишин токтотуу чечимин кабыл алды.

“Өкмөт өлкө аймагында бизди керектүү товарлар жана кызматтар менен камсыз кылууга катышпаган, өтө зарыл эмес өндүрүштөрдүн баарын жабууну чечти”, - деп билдирди Италиянын премьер-министр Жузеппе Конте.

Коронавирустун курмандыктарынын саны боюнча Италия дүйнөдө биринчи орунда турат. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасына ылайык, дүйнө жүзүндө вакцинасы табыла элек бул илдетке чалдыккандардын саны 307 миң кишиден ашты. 13 миңден ашуун адам көз жумду. 93 миңдей адам айыгып чыкты.

Соңку бир сутка ичинде коронавирусту жугузуп алгандардын саны боюнча АКШ Кытай менен Италиядан кийинки үчүнчү мамлекетке айланды. Бул өлкөдө илдет 27 миң адамга жукса, алардын 340тайы каза болду. 176 киши сакайып чыгышты.

Коронавирус эң көп жайылган мамлекеттердин төртүнчү сабында Испания, андан соң Германия турат. Испанияда вирусту жугузуп алган 25 миң кишинин 1,5 миңдейи каза тапты. Германияда 22,3 миң бейтаптын 84ү өмүр менен кош айтышты.

Иранда соңку бир сутка ичинде 129 адам COVID-19 вирусунан көз жумду. Натыйжада коронавирустан өлгөндөрдүн жалпы саны 1685 кишиге жетти. Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги 22-мартта билдиргендей, өлкөдө баш-аягы 21600дөн ашуун адам илдетке чалдыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG