Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

22-март: Кыргызстанда коронавирусту жугузгандар катталган жок


22-мартка карата Кыргызстанда коронавирусту жаңыдан жугузуп алгандар катталган жок. Бул тууралуу бул коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады. Маалыматка ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусун жалпысынан 14 адам жугузуп алган. Сузак районунда сегиз, Ноокатта үч, Бишкек шаарында эки жана Баткен районунда бир адам катталган. Бейтаптардын алтоо эркек, сегизи аял. Жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейин, алар учурда тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Ал эми коронавирус жугузгандар менен байланышта болгон 2628 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Былтыр декабрда Кытайда башталган COVID-19 вирусу учурда дүйнөнүн басымдуу бөлүгүнө тарап кетти. 21-мартка карата бул дартты 305 миңден ашык адам жугузуп алган. Андан 13 миңден ашык адам каза болду. Коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча Италия алдыңкы орунда, андан кийин Кытай жана Иран турат.

Кыргызстанда пандемияны жайылтпоо максатында 22-марттан тарта өлкө аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. (BkA)

XS
SM
MD
LG