Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:49

Республикалык штаб өзгөчө кырдаалдын тартибин түшүндүрдү


Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб Кыргызстанга киргизилген өзгөчө кырдаалдын тартибин түшүндүрдү.

22-марттан тарта бир ай мөөнөт менен иштей баштаган режимде бир катар чектөөлөр киргизилди. Ага ылайык:

  • Негизги жолдордо санитардык-эпидемиологиялык посттор орнотулат. Үйдөн чыкпай отуруу сунушталат, бирок жүйөлүү себеп болуп калса блокпосттордон тоскоолдуксуз өтүп турууга мүмкүн. Блокпосттордон тоскоолдуксуз атайын унаалар (таштанды чогултуучу, инкассаторлор) жана жүктөрдү, азык-түлүктөрдү, элге керектүү товарларды, дары-дармектерди ташыган транспорттор гана өтүп турушат.
  • Атайын өткөрмө кагаздар болбойт. Шаардан сыртында жашап, бирок шаарда иштегендерге карантиндин учурунда обочолонуп иштеп, же болбосо үйдө эле болуп туруу сунушталат. Жергиликтүү органдардын штабдары өзгөчө учурларды өз алдынча карап, чечим чыгарат.
  • Тыюу салынбаган тизмеге кирген ишкана ээлерине өз кызматкерлерине үйүндө иштешине шарт түзүп берүү же иштеги кызматкерлердин санын кыскартуу сунушталат.
  • Кыргызстандагы мектеп окуучулары 8-апрелге чейин каникулга таратылды. Окуучулар үчүн Билим берүү жана илим министрлиги IV чейректеги окутууну дисттантык негизде жүргүзүп жаткандыктан, учурдагы окубай калган күндөрү үчүн жайкы эс алууга жылдырылбайт. www.edu.gov.kg сайтынан 1-11-класстын окуучулары тест жана окуу материалдары менен тааныша алышат. Бүтүрүү сынактары жана ЖРТ үчүн атайын өзүнчө ыкмалар колдонулат.
  • Мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчалар жабылды. ЖОЖ менен коллеждердин студенттери онлайн окутууга өтүшөт. Чет жактан келип, үйлөрүнө кете албай калгандар жатаканада жашап билим ала беришсе болот.
  • Саламаттык сактоо жаатында оорукана, бейтапкана жана амбулатория клиникалары кадимки иш тартиби менен иштей беришет. Эгерде сиз өзүңүздү жаман сезсеңиз ооруканага баруунун кажети жок, болгону 112, 103, 118 номерлерин терип, байланышуу керек. Болбосо жергиликтүү медицина кызматтары менен байланышуу зарыл.
  • Жарандардын айыл менен шаардын ичинде эркин жүрүшүнө чек жок. Бирок ошого карабастан үйдө болуу сунушталат.
  • 22-марттан баштап Бишкек шаарында коомдук транспорттордун жүрүүсүнө чектөө киргизилди. Көптөгөн жеке менчик маршруттук таксилер убактылуу ишке чыгышпайт. Башка коомдук автобус менен троллейбус багыттары иштей беришет.
  • Ири соода-оюн зоок борборлору карантинге жабылды. Бирок ошол эле маалда өзгөчө абал маалында азык-түлүк жана дарыканалар кадимки тартипте иштей беришет. Кафе-ресторандар жеткирип берүү тартибинде гана иштешет. Азык-түлүк сатпаган базарлар, спорт залдар, басссейндер, СПА, сулуулук салондору убактылуу ишин токтотот.
  • Мамлекеттик кызмат көрсөтүү. Өтө маанилүү деп эсептелген мамлекеттик ишканалар жана коммуналдык инфраструктуралар (электр, газ, жылуулук түйүндөрү ж.б.у.с) кадимкидей иштешет. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жарандарды кабыл алууну чектешет.
  • Банктардын көпчүлүгү ачык болот, бирок айрым бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кыскартылып же бөлүмдөр толугу менен жабылышы мүмкүн. Онлайн-банкинг жана банкоматтарды пайдалануу сунушталат.

Республикалык штаб жарандарды ушул эрежелерди сактоого чакырууда.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жалпысынан 14 адам жугузуп алган. Сузак районунда сегиз, Ноокатта үч, Бишкек шаарында эки жана Баткен районунда бир адам катталган. Бейтаптардын алтоо эркек, сегизи аял. Жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейин, алар учурда тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Ал эми коронавирус жугузгандар менен байланышта болгон 2628 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. (BkA)

XS
SM
MD
LG