Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:40

КЫТАЙДА САРС ООРУСУН КАБАРЛООНУН ТАРТИБИ КҮЧӨТҮЛДҮ


Кытайда былтыр кеч күздө өнөгөсүз өпкө оорусу жаңы чыкканда, бийликтер ал тууралуу убагында жетиштүү маалымат берген эмес эле. Натыйжада Кытайдын эл аралык беделине гана доо кетпестен, өлкөнүн экономикасы оор соккуга дуушар болуп, коомдогу бейпилдикке коркунуч келүүдө. САРС оорусун жаап-жашыруу менен аны жеңе албастыгын түшүнгөн Бейжин кеч болсо да, катасын оңдоп, маалымат таркатуунун тартибин күч алдырды.

Советтер Союзундагыдай эле, Кытайда алааматтарга мамлекеттик жашыруун сырдай мамиле жасалат, бирок чек араны билбеген, бюрократтарды тааныбаган өнөгөсүз өпкө оорусу өкмөттү маалыматтын тез жеткирилишин кепилдөөчү чараларды киргизүүгө мажбурлады. Жаңы чаралар жалпы эле жугуштуу оору жайылган, масштабдуу уулануу болгон жана башка саламаттыкка коркунуч келген чукул абалдарда колдонулат.

"Мындай маалыматты кабарлоо тез, так жана толук болушу керек" деп айтылат 13-майда Кытайдын ири гезиттеринин биринчи беттеринде жарыяланган жардыкта.

Азырынча, жаңы эрежелердин канчалык деңгээлде аткарылаары белгисиз. Эл аралык эксперттер мисалы Кытайдын армиясы аскерлердин арасында САРС менен ооругандардын ал-абалына байланышкан маанилүү маалыматтарды берүүдөн баш тартып келаткандыгын эскертишти.

Ошентсе да, так жазылган, маалымат каражаттарынын жардамы менен элдин учу-кыйрына жеткирилген жаңы эрежелер элдин жана эл аралык коомчулуктун ишенимин калыбына келтирүү багытындагы бийликтердин омоктуу кадамы болуп калды. Дабасы табыла элек бул дарт жаңы чыккан алгачкы айларда өкмөт ага анчейин маани бербей, статистикалык маалыматты жашырып койгон эле. Андан бери вирус Бейжинге, Кытайдын башка аймактарына жана бир нече өлкөгө жайылды.

Шейшембиде Кытай боюнча САРСты жуктурган 80 киши катталды. Ошону менен дабасы жок өпкө оорусуна чалдыккан кытайлардын саны 5086га жетти. Алардын ичинен 262 адам каза болду.

САРСтан Бейжин шаары айрыкча жапа чекти. Оорулуулардын саны мында өткөн айда кеселдердин саны 350 болсо, бүгүн бул көрсөткүч 2 жарым миңге жакындап калды.

13-майда Бейжинде САРС менен 48 жаңы оору катталды. Бул - алдыңкы күндөрдөгү көрсөткүчтөн көп айырмаланбайт, ушундан улам өкмөт өкүлдөрү эпидемиянын күчү кайта баштады деп айтышууда. Ал эми ушул эле күнү Бейжинде Дүйнөлүк саламаттык уюмунун адистери "жаңы оорулардын саны азайганы менен, эпидемия кайра тез эле күч алып кетиши мүмкүн" деп эскертишти. Ошондой эле Кытай армиясындагы абал тууралуу жетиштүү маалыматтын жоктугу абалга реалдуу баа берүүнү кыйындатып жатат. "Жугуштуу оорулар аскер барактарында тез жайылат, бирок маалыматтын жоктугу тынчсыздантып жатат", - деди Эл аралык Саламаттык уюмунун кеңешчиси Кейжи Фукуда.

Анын аралыгында, Кытайдын өкмөтү САРСтын эпидемиясынан ири чыгым тарткан компанияларга пайызсыз кыска мөөнөттүү карыз сунуш этти. Расмий маалыматтарга караганда, эпидемиядан Бейжин шаары үстүбүздөгү жылдын биринчи төрт айында 54 миллион доллар чыгымга учурады.

XS
SM
MD
LG