Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Таажы вирусу тажаттыбы? Азил айтышалы...


Азил сүрөт. Кимбайке. 2010.
Азил сүрөт. Кимбайке. 2010.

“Күлкү кербен” түрмөгү быйылкы 1-апрелдеги чыгарылышын таажы вирусу тууралуу жаңы азилдерге арнайт.

* * * * * * *

–– Урматтуу полиция! Мындай катачылыкка эми эч жол койбойм, карантин эрежесин бузбайм. Мени коё берсеңиз! Канча сом берсем кутулам?

–– Макул. Сомуң өзүңдө калсын. Артыкбаш беткап болсо, 2-3тү бере салсаң жетишет!

* * * * * * *

–– Жанагы Абдышүкүргө айткылачы, айланайындар! Вирус аскерин жок дегенде Ала-Тоо менен Мекеден алып чыгып кетсинчи!

* * * * * * *

Достор, ушул катаал учурда, байболгурлар, сый-урматтан тайбай бири-бирибизден өтө алыс туралычы!

* * * * * * *

–– Өткөндө сен эмне конвертти албай дыргаяктап качтың?

–– Анда мен “Уландан” деген сөздү “Ухандан” деп окуп алыпмын!

* * * * * * *

–– Таажы вирусу таркатчу эң кооптуу коркунуч булагын окумуштууларыбыз аныкташты?

–– Ал эмне экен?

–– Интернет...

* * * * * * *

–– Мага банк ар күнү жаңы беткап, жаңы самын жеткирип берип жатат.

–– Анчалык эмне салым коштуң эле ага?

–– Салым кошпой эле... Банктан бир нече миллион сомдук насыя алгам!..

* * * * * * *

* * * * * * *

–– Муфтият ыйлаак молдо баланы жазалап салыптыр?

–– Кантип?

–– Эми бош калган мечитке келбей, үйүңдөн эле өңгүрөп ыйлагын деп буюруптур.

* * * * * * *

–– Өкмөткө аябай ачууланып турам. Антарктикага кеткен дааватчыларыбыздан эч кабар албай койбодубу!..

–– Деги алар пингвин тилин үйрөнүп алып кетишиптирби?

* * * * * * *

–– Алё-о! Бул –– Өкмөтпү? Алыскы карантин бекетине жиберилген полиция кызматкерлерине тамак-ашы үчүн канча каражат бөлүндү эле?

–– Опе-ей, алар казына эсебинен тамак да жешеби?

* * * * * * *

Жарыя! Бүгүн, 1-апрелде, Акаев менен Бакиев Бишкекке кайтып келишет. Алар Кум-Төрдөн жана Азия универсал банктан кымтыган акчаларды таажы вирусуна каршы күрөш коруна салтанаттуу тапшырышат. (Эгерде алардын тегаты бозгун саясатчылардыкына окшош чыкса, анда тек гана “боло берет турмушта, өзгөчө алсак – кыргызда!” деп кобурап коюшуңуздарды өтүнөбүз).

* * * * * * *

Сатып алуу кумарына кишенделген ("шопаголик") айым:

“Таажы вирусунун” коркунучуна караганда, чоң дүкөнгө кире албай калгандык алда канча тозок экен!”

* * * * * * *

–– Вирустан коркосуңбу, же аялыңданбы?

–– Албетте, вирустан. Бирок аялымдан көбүрөөк корком!

* * * * * * *

Атаганат! Маркс “коммунизм” деп ушул учурду айтса керек: карантинге байланыштуу эч ким иштебейт, бирок баары тең токтобостон жеп эле атат, жеп эле атат...

* * * * * * *

Карантиндин бешинчи күнү жубайым менен чечилишип баарлаша баштадым. Көрсө, аркы-теркини баамдай алган акылдуу эле жан экен!..

* * * * * * *

–– Мурда маектешимден спирт буркурап жыттанып турса, тим эле ичиркенип турчумун.

–– Эмичи...

–– Эми аларга “Лукашенко айткан дарыны ичкен тура” деп эле жылуу мамиле кылып калдым...

* * * * * * *

* * * * * * *

Жаңы макалдар.

Желмогуз жигитке жетимиш беткап аздык кылат.

Беткабыңды көрсөт, анан ким экениңди айтып берейин.

Чептен беткаптын күчү бек.

* * * * * * *

(TT)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG