Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Вирустан сактаналы!


Эрдиги да, эси да жок, ордени бар эргул. Кимбайке. 05.7.2011.
Эрдиги да, эси да жок, ордени бар эргул. Кимбайке. 05.7.2011.

"Күлкү кербенинин" бутасы - технологиядан артта калган мыктылар.

Илгери-илгери бир өлкө болуптур. Жомоктогу бул өлкөдө, кызык, депутаттар да болуптур.

Бир күнү жараткан өзү башка бир өлкөнүн окумуштууларын ойготуп койгонбу, айтор, алар компүтер дегенди ойлоп таап, өндүрө башташыптыр. Анан алар сатыкка түшүп, алиги жомоктогу өлкөнүн депутаттары да сонуркап, элден калбайлык деп сатып ала баштаган экен.

Ошолордун бири тим эле кооз бир чоң компүтерди сатып алган экен дейт!

Бир жолу ал депутат компүтерчи адисти чакырып, интернетке туташтырып берчи, - деп сураныптыр (талап деле кылган болуш керек).

"Макул, ляппай!" деп алиги адис келип караса, тиги депутат компүтерин жылуу килемче менен думбалап коюптур, дешет!

- Ой, мунуңуз эмне?

- Жанагы компүтерлерде коркунучтуу вирусу болот дешет ко. Суук өтпөсүн, вирус жолобосун деп ушинтип жылуулап каптап койдум, - дептир депутат.

(Эскертүү. Ал өлкөнүн жана депутаттын аты ачык айтылбайт. Эгерде сиздин өлкөңүздө да ушуга окшогон окуя болгон болсо, бул - тек гана байкоостон дал келгендик деп билиңиз).

TT.

XS
SM
MD
LG