Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Жыйындар жөнүндө азилдер


Бир кылым артка кеттик, саатым!" (Кимбайкенин сүрөтү). 02.6.2011.
Бир кылым артка кеттик, саатым!" (Кимбайкенин сүрөтү). 02.6.2011.

Дүйнөдөгү, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндөгү элдердин жыйындар, митингдер тууралуу азилдеринен.

* * * * *

Жыйынга орун табылбай, калайык акыры стадионго чогулду. Полициячы келип бир кишини зекип калды:

- Эл чогулган жайларда кыйкырбаш керек деген мыйзамды окудуң беле?

- Айланайын, мен футбол стадионунда отурам го!

* * * * *

‑ Биз Бишкекте Ала-Тоо аянтындагы митингде Атамбаевди президенттин көзүнчө эркин сындай алабыз!

‑ Биз деле Астанада Атамбаевди президенттин көзүнчө эркин сындап жатабыз!

* * * * *

Митинг маалында аянттын четине келип токтогон полиция машинесине улам бир кишини салып жатышыптыр.

– Митингде болдуңбу? – деп чет жактагылардын бирөөн полициячы кармаптыр.

– Ооба.

– Анда машинеге түш. А сенчи?

– Мен катышкан жокмун.

– Анда чуркап барып катышып келе кал да, анан машинеге түш.

* * * * *

— Калайык Путинди колтугунан сүйөмөлөп колдойлу деп митингге чыгып жатат.

— А Путин өзү Брежневге окшоп колдоосу жок тура албай калыптырбы?

* * * * *

– Комиссия чакырганда "Аксы окуясында митингчилерди аткан куралчан милициялардын арасында жок болчумун" деп калп айтып койсоң болмок экен?

– Калп айта албадым.

– Неге?

– Тергеген комиссиянын башчысы ошондо милиция тобун баштаган мурдагы жетекчим болчу да...

* * * * *

Бир аянттын чыгыш жагында диктатор Төлөнчөнү колдогон, батыш жагында болсо ага каршы чыккан кишилер котолошуп топтолушуп, бир эле мезгилде митингдер өткөрүшүп, жаатташкан тараптар бири-бирине ызырынып жаткан учур тура.

Эки топту тайманбастан жарып, эч таяк жебестен аянттан кантип өтүүгө болот?

Бир киши айласын таап, ак кагазга бир текст чиймелей калыптыр да, атаандаш топтордун ортосун жарып, аянттын аркы бетке өтүп кетиптир. Ал көтөргөн ураанда мындайча жазылыптыр:

“Төлөнчө өмүр бою отура берсин!”

Бир жааттагылар “кызматта” деген сөздү көңүлүндө кошуп окушса, беркилери “абакта” деген сөздү кошуп окушкан тура.

* * * * *

‑ Сен оппозициянынбы, же позициянынбы, кайсы бир демонстрациясына катышып келдиң, бардыгы жактыбы?

‑ Ооба.

‑ Эмнеси жакты?

‑ Уюштуруучулардын бекер жагоо жана бекер жарма таркатканы жакты.

* * * * *

Бир бала митинг маалында чуркап келип Хрущёвго айтыптыр:

‑ Атам сизди кишини алгачкы ирет кеме менен асмандатып космоско учурду, алгачкы болуп жүгөрү эктирип, айыл чарбасын туңгуюкка түшүрдү деп айткан.

‑ Атаңа айтып кой, минтип мактай берсе, анда аны “убактылуу эс алуу жайындагы” жүгөрү нанга тойгуза алам.

* * * * *

Бир чыйрак таксичи эч кимге жол бербей келе жаткан чоң унаалардын катарына шып кирип кетиптир.

Анан ал полиция тарабынан кармалыптыр. Көрсө ал чек арадан маалкатып кечиктирип өткөрүп жаткан бийликтерге ачууланган чоң жүк ташуучу унаа айдоочуларынын нааразылык митингине кошулуп кеткен тура.

* * * * *

Өкмөтчүл митингге чыгууга кыска-нуска үндөө:

‑ Же болбосо эл башысын колдоп: “Биз буга чейинки демократиялык жеңип алгандарыбызды жоготууга каршыбыз!” деп чыгасыңар, же болбосо кызмат орундарыңарды жоготуп аласыңар!

* * * * *

Базар четинде кылаар иши жок отургандарга бир уюштуруучу келиптир:

‑ Ар бириңе акы төлөнөт. Кеттик. Аянтта “иш таштайбыз!” деп жумушчулардын атынан кыйкырасыңар.

Беркилер дүрбөп жөнөптүр. Үч күндөн соң баягы уюштуруучу кайра энтиге күйүгүп жетип келиптир:

‑ Кайра кеттик. Эми “иш баштайбыз!” деп кыйкырасыңар.

‑ Неге?

‑ Жаңы эле алиги ишканага менин досумду деректир кылып дайындашты.

* * * * *

Америкалыктар Доналд Трампты саясатка жаңы киришкен “бөбөк” деп азил кылышат.

Бир күнү митинг маалында бирөөнүн ымыркайы ыйлап калган имиш.

Трамп: “Бөбөктөрдү жыйын аянтынан алып кеткилечи!” деп кыйкырса, анын өзүн жыйындын коопсуздугун камсыз кылган олбурлуу жигиттер митингден алып чыгып кете жаздашыптыр.

* * * * *

Коммунисттердин митингинде бир киши үнү кардыкканча кыйкырып, жалындуу сүйлөп жатат дейт:

– Ленин десек, Компартияны түшүнөбүз. Компартия десек, Ленин деп билебиз!

Бул митингдин жанынан өтүп бараткан ар кыл идеологиялар менен эч жумушу жок айым:

– Саясатчы эркектер ушундай эки жүздүү болот, бир нерселерди айтат, оюнда башка! – деп ачууланыптыр.

* * * * * * *

XS
SM
MD
LG