Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:31

Мугалимдер жылмайышат


"Бир кылым артка кеттик, саатым!" (Кимбайкенин сүрөтү). "Азаттык" үналгысы. 02.6.11.
"Бир кылым артка кеттик, саатым!" (Кимбайкенин сүрөтү). "Азаттык" үналгысы. 02.6.11.

Окуучулардын күлкүлүү жоруктары да мугалимдерди шаттандырат.

* * * * * * *

География сабагындагы суроо-жооптон.

- Акмат, дүйнөдөгү эң бийик чоку кайсы?

- Коммунизм чокусу, эжеке!

- Жок, андай эмес! Эверест деп айтсаң туура болмок. Анын бийиктиги 8844 метр, ал эми Коммунизм чокусу болгону 7495 метр да!

- Аныңыз туура, эжеке! Бирок Эверестке эки аптада чыга аласыз, а Коммунизм чокусуна 70 жыл бою эч чыга албай коюшканын атам айткан.

* * * * * * *

Касым, кечээ эмне сабакка келбей калдың?

- Эжекем күйөөгө чыккан, анан чоң той болгон.

- Болуптур, бирок бул окуя эми кайталанбасын!

* * * * * * *

- Самат, мага “айнек” сөзүн көптүк түргө салып айтып берчи?

- Макул. Анын көптүк түрү “сыныктар” болот.

* * * * * * *

Жайкы тыныгуудан соң ботаника сабагы кайра уланууда.

Мугалим гүл, жалбырак, чөп кургатып келүү тууралуу жайкы тапшырманы эскертет:

- Балдар! Араңардан ким эң баалуу гербарий чогултуп келди.

Класс жапатырмак:

- Гүлжамал!

- Эмне үчүн анын гербарийин мыкты деп ойлойсуңар?

- Анын мергенчи байкеси жалаң “Кызыл китепке” кирген өсүмдүктөрдү кургатып келиптир!

* * * * * * *

XS
SM
MD
LG