Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Азизбек Келдибеков: Калыгул олуянын айткандарынан (Калыгул Бай уулун туурап)


Кыргыз сатириги жана жазуучусу Азизбек Келдибеков. 2011-жылдын 6-январы.
Кыргыз сатириги жана жазуучусу Азизбек Келдибеков. 2011-жылдын 6-январы.

«Азаттыктын» тамашакөй окурманы Азизбек Келдибеков айтылуу Калыгул Бай уулунун (1785-1855) «акыр заман» жолундагы окуялар тууралуу «көзү ачыктык (олуялык) насаатынын» нугуна салып, “Күлкү кербенине” жаңы чыгармасын сунуштайт.



Калыгул олуянын А.Акаевдин заманына сын бергени

Бий кул болор, уй пул болор.
Завод тонолоор, колхоз жоголоор.
Суурлар эт болор, мектеп цех болор.
Темир-тезек, жездер кетер,
Менчиктешип ГЭСтер кетер.
Билимдүүсү акча курап, арызчы болор,
Бийликтегиси акча сурап, кайырчы болор.
Карызы көп-көп болор, капчыгы аз өкмөт болор.
Аткаминер тоголок, пара берип чоңоёт.
Алкым жагын тыя албай, абийири жоголот.
Депутат, депутат, бийлик жакта бек бутак.
Элин «сүйүп» шайлоодо,
Төө кыядан өткөн соң, төгөрөгүн жеп утат.
Ыймансыз заман келер акыр болуп,
Кыргыздан чыгар баптист, каапыр толуп.
Бөрү кетсе түлкү келер, көбү кетсе түркү келер.
Үзүлбөс достук түзүп келер,
Үзөңгү-Куушту үзүп келер,
Үргүлөп жаткан чүрчүт келер.
Капкарасы ак болор, базарга кыргыз шарт толор.
Оруска барчу жолдорду, казак туыскан жаап коёр.
Газ да жок, океан жок, мунайы жок,
Калат эл менчиктешип энчиси жок.
Компартия бергендерди боолап чачып,
Оомат кетет кыргыздан оолак качып.
Оштуктарга буюруптур жер даанасын,
Оокат кылат кактап соруп Ферганасын.
Жалал-Абад жулунган жигиттерин,
Жактырышпай Ак үй жактан чалып жаткан.
Баткени бар бөлөнүп өрүк-зарга,
Можахеддер мээлерин чагып жаткан.
«Манасы» бар миң жылдап сыймыктанган,
Таласы бар «канайым» «багып» жаткан.
Көлдүктөрү оокат кылып алма багаар,
Туристтерди чөнтөгүнөн кармап алаар.
Чүйлүктөрү Бишкек менен күн өткөрүп,
Бир кеминдик бүт өлкөнү жалмап алаар.
Теъир-Тоосу анча-мынча мал-салы бар,
«Дордой»жакта дордойгон балдары бар.
Спиртине суудан кошуп согуп алып,
Циркте жүргөн маймылдардай болуп алып.
Оокат кылат ата-энесин карап коюп,
Пенсиясы тийчү күндү санап коюп.

* * * * * * *

Калыгул олуянын К.Бакиевдин заманына сын айтканы.

Аскар, аскар, аскар тоо, аягы барып чеп болот,
Алдырып ажо Ак үйүн, ааламга чейин кеп болот.
Ээрисе ак кар суу болор, элине жакпай чуу болор,
Эринен качкан келиндей, элинен качып зуу коёр.
Акча-тыйын ары-бери чача келер,
Ак үй жакты алкымдуулар баса келер.
Жүгүрүшүп бийликти алышкан соң,
Артын салып журтуна баса берер.
Дүбүрттөшүп көчөнү каптап келер,
Дүкөндөрдү талоончулар таптап келер.
Ээрди токуп жаңы бийлик китти минер,
Ээрчип аны эли-журту итти минер,
Эси кетип андан соң битти минер.
Тандем менен тандалып такка минер,
Тааныштары учкашып атка минер.
Таамай мээлеп жаза атышпай башка киллер,
Чымчык сымал атылып чымын жандар,
Чыркырашып пикетте чыңыргандар
Бүжөттүн капчыгы тешик болуп,
Кыргыздарга пикетчилик кесип болуп.
Жутунушуп жаңы бийлик байлык деген,
Журту калар жарыбаган айлык менен.
Базарларда көтөрүлүп баанын наркы,
Бийлик жактын ачылып улам алкы.
Каркыралар, көлдүн жээги казакташып,
Каршы чыккан адамды мазакташып.
Жумурткалар желбестен ыргып, ыргып.
Чүрчүт келет бери көздөй улам жылып.
Электирлер улам кымбат эсептелип,
Талааларда кыргыз жүрөр тезек терип.
Максиминен артпай эч каражаттан,
ГЭСтин суусу сатылып бара жаткан.
Бийлейт элди, ач көз ажо, кайыны ток,
Миллион берсе кайындары дайыны жок.
Байкап эли бийликке алдатканын,
Бармактарын тиштешер бармактарын.
Оомат кетип, кыргыздан качып калган,
Оокат өтпөй, кызмат жок сатып алган.
Көлдүгү бар жумурткага байып жаткан,
Таласы бар бийликке айып таккан.
Ош, Баткен бар базарда маарып жаткан,
Чүйлүгү бар жери улам тарып жаткан.
Нарыны бар үшүгөнү аз келгенсип,
Жерин улам чүрчүттөр алып жаткан.
Жалал-Абат дубаны жакырланып,
Жалгыз адам үй-бүлөсүн багып жаткан.
Бир адамы такта отурса кишидей,
Тактан түшсө желмогуздун тишиндей.


* * * * * * *

Азизбек Келдибеков,
«Азаттыктын» окурманы.
XS
SM
MD
LG