Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Лукашенко: Таажы вирусун арак жана мончо талкалайт


Александр Лукашенка менен Владимир Путин хоккей боюнча жолдоштук беттешүү маалында. Сочи. 7-февраль, 2020-ж.
Александр Лукашенка менен Владимир Путин хоккей боюнча жолдоштук беттешүү маалында. Сочи. 7-февраль, 2020-ж.

Таажы вирусуна каршы күрөш күлбөскө арга калтырбаган окуялар менен коштолууда. Беларустун мамлекет башчысынын сунуштары кандай болду экен дейсиздер?

Муздагы салгылашуу –– мыкты дары

Саясат, саламаттык жана сатира ушунчалык ээрчишип жүрөөрүн сезбей келгендерге таажы вирусу менен байланыштуу дүрбөлөңдүү учурдагы ар кыл окуялар бул жагдайды байкоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачты.

КМШдагы авторитардык режимдердин бири болгон чыгыш европалык мамлекетке эле токтоло кетели.

Беларус жумуриятынын мамлекет башчысы, чейрек кылымдан ашуун мезгилден бери «түшпөс хан» болуп келе жаткан Александр Лукашенка (беларусча Лукашэнка; орусча Лукашенко) өз элинде эркелеткен «Батька» («Атаке») ысымы менен да бейрасмий аталып келет.

Ушул тапта «Батька» таажы вирусу менен байланыштуу карантин жарыялоого, ишканаларды убактылуу жабууга караманча-каршы турду.

Таажы вирусунун жайылышын алдын алуу үчүн дүйнө өлкөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгүндө Олимпия оюндарынан бери кийинки мөөнөткө калтырылып жаткан чакта, Беларустагы футбол боюнча Биринчи лиганын матчтары өз убактысында эле өткөрүлүүдө. Өлкөдө ишканалар, коомдук унаалар, мектептер, ресторандар, парктар кадимкисиндей иштеп жатат.

Президент Лукашенка өзү да улам калайык арасында көрүнүп, ал түгүл 28-мартта (ишемби күнү) Беларустагы ышкыбоздор өз ара атаандашкан хоккей матчына оюнчу катары катышты.

Беларустун президенти да мүчө болгон хоккей тобу Президенттин спорт клубунун мөрөйү үчүн өткөрүлүп жаткан хоккей ышкыбоздорунун XIII жумурияттык мелдешинде финалдык салгылашууга жолдомо алган алгачкы команда болуп калды.

Бул – чоң жеңиш. Президенттин командасы Гродно облусунан келген атаандаш ышкыбоздорду 12:3 (4:0, 5:2, 3:1) эсебинде талкалап салбадыбы!

(Албетте, орус президенти Владимир Путин да хоккей ойногондо, анын атаандашы болгон топтун дарбазачысы Путин чапкан шайбаны көрмөксөн болуп койгон учур эсте; бирок беларус “Батькасы” таза эле ойногондур).

Бул кызыктуу матч тууралуу өлкөнүн «Жалпы улуттук сыналгы» (ОНТ – Общенациональное телевидение) компаниясы атайын репортаж уюштурду.

ОНТ кабарчысы: – “Эч кандай вирус сиздин иш жадыбалыңызга таасир этпейт дешке болоор. Биз буга дароо тастыктама алдык десек болот. Деги “согуш – өз жолу менен, ал эми хоккей – өз жадыбалына ылайык өтөт” деп айтууга болобу?

Лукашенка: – Жок! Мына минтип айтуу кажет: чөгөлөп жашагыча, түз турган бойдон өлгөн артык!

ОНТ кабарчысы: – Деги бир нерсе болуп кетти дейли, сизди муз талаага чыгуудан кайсы жагдай токтотуп калышы мүмкүн?

Лукашенка: – Эмне үчүн? Балким, токтотоор, бирок эмнеликтен? Эч түшүнбөй турам! Мында [муз талаада] эч кандай вирус болбойт. Сен өзүң деле (биякта) вирустар учуп жүргөнүн байкаган жоксуң да?

ОНТ кабарчысы: – Жок.

Лукашенка: – Мен да аларды көрбөй турам! Бул деген – муздаткыч да! Бул – мыкты саламаттык! Спорт, өзгөчө алганда, муз спорту – вируска каршы барып турган мыкты дары болуп саналат!

Президент Лукашенка жума күнү (27-мартта) деле машыгуу үчүн келип, хоккейчилер менен кол кысып учурашып, кучакташып, бири-бирин далыга таптап, айтор, мурдагыдай эле жыргап жүргөнүн да кошумчалады.

(Ал эми Түркмөнстандын учурдагы "Түркмөнбашысы" болсо 30-мартта Ахалтеке ат майданына барды. Мындан улам ал элди ат майданга жыйып алып, таажы вирусун ахалтеке аргымагынын туягы астында жанчып жатканы жөнүндө азил кабар таркалууда.

Гурбангулы Бердымухамедов жакында адырашман күйгүзүп аластоону да ар кыл вирустарга каршы маанилүү элдик арга деп сунуштаган).

Түркмөн президенти Г.Бердымухамедов. 2019-ж.
Түркмөн президенти Г.Бердымухамедов. 2019-ж.

Сауна жана арак

Александр Лукашенка мекендештерин таажы вирусун арак менен тумчуктуруп өлтүрүүгө жана ысык мончого кабылтып, эбин табууга чакырды.

Анын айтымында, COVID-19 илдетине кириптер кылчу вирус абанын ысыктыгы +60 Целсий өлчөмүнө жеткенде өлүп калат экен. Ал эми киши кол жууганга мүмкүнчүлүк ала албай калчу болсо, жөн эле арактан кылт этип ичип койсо жетишет:

“Саунадан чыкканда колду жууп тим болбостон, арактан кылт этип коюшуң абзел... Мен өзүм ичимдикке жокмун, аны ичкиле деп деле үгүт кылбайм, бирок, жок дегенде 9-май Жеңиш Күнүнө чейин, ичимдикке “мейли” деп сабыр кылып турса болот да”.

(Албетте, дарыгер адистер таажы вирусун чын эле өтө ысык мончо же арак аркылуу жок кылууга болоор-болбосун биротоло тастыктай электигин эскерте кетелик).

Президент А.Лукашенка жана анын сынчысы В.Жириновский. Фотомонтаж. 29.3.2020.
Президент А.Лукашенка жана анын сынчысы В.Жириновский. Фотомонтаж. 29.3.2020.

Беларус “Батькасы” өлкө калайыгын көчөдө эркин коё бергендиги, таажы вирусуна каршы чечкиндүү чараларга барбай жаткандыгы, ошондой эле “сауна менен арак –– таажы вирусуна каршы мыкты дары” деп айткандыгы үчүн Орусиядагы чуулгандуу саясатчы, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский да аны сынга алып, өзүнүн телеграм-каналында мындайча жазды:

Лукашенко бүткүл планетаны шылдыңга алып жатат. Бардык жактарда катаал чаралар көрүлүп, спорттук иш-чаралар токтотулуп жатат. Бардык жерлерде калайык өз үйүндө кала беришине жетишкенге шашып жатышат. Ал эми Беларус калкы болсо көчөдө сейилдеп жүрөт, бардыгы стадиондо котолоп отурушат. Ал өзү болсо хоккей ойноп жүрөт.

Өлкөдө бир нече ондогон кишилер вирус жуктуруп алышты, эми андайлар бир нече жүздөп, анан миңдеп көбөйүшү күтүлөт... Мындай кылганга болбойт, Александр Григорьевич. Бүткүл планета –– аңкоолор, а сиз гана акылдуу болуп калып жатпайсызбы. Деги, эсиңизге келиңизчи!

Сауна менен аракты натыйжалуу дары катары мактаган “Батька” жөн калып калбастан, өз сынчысы Жириновскийге жаңы анекдот чыгаруу менен жооп узатты (пост-советтик авторитардык төбөлдөрдүн көбү сыяктуу эле “Батька” да азил айтканды жакшы көрөт эмеспи):

“Жакында Жириновский билдирүүмдү сындап чыкты. Ал: “Аракты ичүү жарабайт, каяктагы саунаны айтат, Лукашенконуку – ката”, – деп сынга алды. Анан ал үйүнө келип, аялына айтат экен: “Жүз грамм куйчу, коронавирустан дарыланайын”. Аялы болсо ага жооп кайтарат: “Володя, сен өзүң азыр эле Лукашенкону сынга алып, арак эч жардам бербейт дебедиңби!” –– “Муну мен бардык калайык үчүн айтканмын, а мага болсо куя салчы. Эгер тигинтип айткан болсо, анда Лукашенко аңкоо эместир”. Аялы ага кайта минтет экен: “Володя, орусча салтка ылайык жүз граммды мончодон кийин ичишет эмеспи!” Жириновский болсо: “Ал айтканың –– орус салты. Мен болсо жөөтчө кылам: жүз граммды мончого чейин алам жана жүз граммды мончодон кийин кылт этем. Кана, куйгун эми!

(Булак: ОНТ. – 19.3.2020).

Ара-чолодо Беларус президенти АКШ президентин да мактай кетти. Лукашенка долларды басып чыгарып жаткан жана экономикасы кубаттуу бул мамлекеттин башчысынын “таажы вирусуна салыштырмалуу жумушсуздуктан кишилер алда канча көбүрөөк набыт кетиши ыктымал” деген сөзү өзүнө майдай жакканын айтты (аны Лукашенка “Трамптын формуласы” деп атай кетти). Батька” эмгектенүүнү улантуу аркылуу бул вирусту жеңүү керек деген оюн баса белгиледи.

(Ал эми АКШда болсо президент Трамптын Демократиялык партиядагы оппозициясы аны таажы вирусуна карата чара көрүүдө ыкшоолукка жол койду деп кескин сынга алууда).

Азилдер –– өз жолу менен болсун.

Ал эми чет элдик адистер болсо авторитардык режим бийлеген Беларус өлкөсүндө, –– пост-советтик Түркмөнстан менен Тажикстандын жолоюндай эле, –– бийликтер таажы вирусуна чалдыккандардын санын атайылап азайтууга далаалаттанып жатат ко деп тынчсызданышууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG