Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Швеция COVID-19 менен күрөштө башка жолду тандады


Стокгольм. 26-март 2020-жыл
Стокгольм. 26-март 2020-жыл

Дүйнөнүн улам бир өлкөсү коронавирустун жайылышын ооздукташ үчүн катаал чараларды көрүп, карантин же өзгөчө абал киргизип жаткан кезде Швеция европалык мамлекеттердин арасынан жалгыз болуп жарандарынын күнүмдүк турмушун дээрлик өзгөртүүсүз калтырды. 

29-марттагы маалыматка караганда, Швецияда коронавируска чалдыккан 3 700 киши катталган, 110 киши илдеттен каза болду, 16 бейтап айыкты.

Баш калаа Стокгольм же башка шаарлар болобу, Швецияда ишканалар, дүкөндөр, кафе, барлар сыяктуу коомдук жайлар кадимкидей иштеп жатат. Коомдук жашоо башка европалык өлкөлөрдөй болуп токтоп калган жок.

Швеция бийлиги карантин же адамдардын кыймыл-аракетин катуу чектеген чараларды көрбөгөнү менен элди бири-биринен жок дегенде эки метр оолак болууга, мүмкүн болсо үйлөрүндө калууга, эки жакка сапарга чыкпоого жана улгайган адамдарга көп жолобоого чакырып келатат. Негизинен өкмөт ар бир жаран азыркы абалга жоопкерчиликтүү мамиле кылса, вирусту ооздуктаса болот деген ойду карманат.

Стокголм. 25-март 2020-жыл
Стокголм. 25-март 2020-жыл

Жекшембиден тарта өлкөдө 50 кишиден көп чогулууга тыюу салынды. Салыштыра кетсек, кошуна Данияда 10 киши, Германия же Чехияда экиден көп эмес деген чектөө киргизилген. Буга чейин бийлик 500дөн ашуун адамдын топтолуусуна тыюу салган.

Жогорку окуу жайлары менен орто мектептерди жабуу чечими кабыл алынганы менен башталгыч мектептер менен бала бакчалар мурункудай эле иштеп жатат. Мындай кадамды сындагандар балдар вирустан анча жабыркабайт деген ой айтылганы менен илдетти үйдөгүлөргө же башкаларга жугузушу мүмкүн дешет.

Өткөн аптанын башында саламаттык сактоо тармагындагы бир катар жогорку кызматкерлер швед өкмөтүнө жолдогон катында Европанын башка мамлекеттеринен калбай коронавирустун жайылышына каршы катаал чара көрүүгө чакырышты.

Швециянын Саламаттык сактоо агенттиги мектептерди жабуунун оң жактарына караганда терс жактары көбүрөөк деп эсептейт. Андан тышкары Европа Биримдигинин жарандары Швецияга мурункудай эле каттай алышат. Чет жактан келген швециялыктар башка жерлердегидей болуп карантинге жөнөтүлбөйт. Кимдир бирөөдө коронавирустун белгилери пайда болгондо, үйдө калууга тийиш. Бирок чогуу жашаган жакындары ээн-эркин жүрө беришет.

Стокголм. 26-март 2020-жыл
Стокголм. 26-март 2020-жыл

Эмне үчүн Швеция ушундай, башкалардан айырмаланган стратегияны тандап алды? Өлкөнүн башкы эпидемиологу Андерс Тегнелл калктын басымдуу бөлүгү жаңы коронавирус менен оорушу керек деп эсептейт. Анын айтымында, ошондо аларда жамааттык иммунитет пайда болот. Узак мөөнөттүү перспективадан алганда, вирус эффективдүүлүгүн жоготуп коёт. Буга чейин ушундай эле жүйөнү Британия же Нидерландынын бийликтери айтып келишкен. Бирок кийин андай стратегиядан баш тартышты.

Бул принциптин негизинде кары-картаңдар менен өнөкөт илдеттери бар кишилер, башкача айтканда «аярлуу топко» киргендер гана изоляцияга алынууга, калгандары вирусту жугузуп алуудан коркпоого тийиш деген идея турат. Бирок ушу тапта бул коронавируска иммунитеттин иштелип чыгышы, ал канчага сакталары да тактала элек. Швеция бийлигинин мындай саясатын өлкөнүн өзүндө да, сыртында да сындагандар көп.

Италиядагы, Испаниядагы кырдаалды көргөн швециялыктардын көбү үйлөрүндө калууга даяр. Бир катар кинотеатрлар өз демилгеси менен эшиктерин убактылуу жабууну чечишкен. Кызматкерлерин алыстан иштөөгө өткөргөн фирмалар да көбөйдү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG