Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Токиодогу жайкы Олимп оюндары 2021-жылга калды


Жапониянын өкмөт башчысы Синзо Абэ Эл аралык Олимпиада комитетинин жетекчиси Томас Бах менен Токиодо өтчү жайкы оюндарды 2021-жылга которуу тууралуу макулдашканын билдирди.

Мындай чукул чечим коронавирустун пандемиясы жайылып бараткандыктан кабыл алынды. Буга чейин тарыхта Олимпиадалар согуш маалында гана өз убагында уюштурулбай үзгүлтүккө учураган.

Жапон өкмөт башчысы 24-мартта Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти менен сүйлөшүп, “мелдешти жылдырууну сунуш кылганын, Томас Бах 100 пайыз макул деп жооп бергенин” билдирди.

"Биринчиден, Томас Бах менен сүйлөшкөндө Токиодогу Олимпиада жана Параолимпиада үзгүлтүккө учарабайт деп дагы бир жолу бышыктадым. Муну менен катар оюндарды кабыл алуучу өлкө катары азыркы кырдаалдын дүйнө атлеттери үчүн кооптуу экенин, алар мындан да мыкты шарттарда мелдеше аларын, көрүүчүлөрдү да камтама кылбай оюндарды коопсуз айлана-чөйрөдө өткөрүү керектигин түшүнүү менен Олимпиаданы болжол менен бир жылга жылдыруу мүмкүнбү деп сурадым".

Томас Бах
Томас Бах

Эл аралык Олимпиада комитети оюндар 2021-жылдын жайынан калбай өтөөрүн, бирок Токио-2020 деп аталарын белгиледи.

"Жетекчилер Токиодогу оюндар ушундай кыйын кезде дүйнө үчүн үмүт жандырган жарык болуп калат, Олимпиада оту бүтүндөй дүйнө кептелген караңгы туннелден чыгууга жардам берет деп макулдашышты. Ушул себептен Олимпиада оту Жапонияда калат деп чечтик", - деп айтылат Эл аралык комитеттин билдирүүсүндө.

Ошентип 1948-жылдан бери төрт жылда бир уюштурулчу оюндар коронавирус таасир эткен эң ири спорттук мелдеш болуп калды.

Оюндар ушул жылдын 24-июлунда башталып, 9-августта аяктамак. Бирок COVID-19 жайылган сайын улам бир спорттук эл аралык мелдештерди башка мөөнөткө которуу же таптакыр өткөрбөө чечимдери кабыл алынып келатат. Алсак, июнда өтчү футбол боюнча Европа чемпионаты эмки жылга калды. Май айында Швейцарияда баштала турган хоккей боюнча дүйнө чемпионатын быйыл таптакыр өткөрбөө чечими кабыл алынды.

Токио Олимпиадасын пандемия күчөп жаткан ушундай шартта уюштуруу канчалык туура деген суроолор бир топ убакыттан бери берилип жатты.

17 миңден ашык адамдын өмүрүн жалмаган илдет тарап, улам бир аймак, өлкөлөр каранатинге жабылган сайын спортчуларга машыгуу кыйын боло баштады. Эки жакка каттоо абдан чектелип калып, Олимпиадага иргеп алуучу квалификациялык мелдештер үзгүлтүккө учурап жатат.

Жакында бир катар улуттук комитеттер атлеттерин Токиого жибербесин эскертишкен.

22-мартта Эл аралык комитеттин төрагасы Томас Бах акыркы чечим төрт жуманын ичинде кабыл алынарын айткан.

Токио шаары, 9-март 2020-жыл
Токио шаары, 9-март 2020-жыл

Токио оюндарды уюштурууга, соңку маалыматтарга караганда 12.6 миллиард доллар сарптады. Эксперттердин баамында, иш-чараны которуу ири чыгымга учуратышы мүмкүн.

Андан тышкары ал жылкы спорт календарына да түзөтүүлөрдү киргизүүгө туура келчүдөй. Эмне дегенде 2021-жылы жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионаттары өтмөкчү. Экөө тең Олмпиадагы спорттун эң популярдуу түрлөрүнө кирет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG