Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:13

Тажикстан пандемияны кенебей турат


Өзбекстан, COVID-19.
Өзбекстан, COVID-19.

Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы авиа каттамдар токтотулду. Өзбекстан өз жарандарын гана кабыл алып, башка өлкө жарандарынын киришине тыюу салды.

Казакстан өлкөгө өзгөчө кылдаал жарыялаганына карабай илдет жугузгандардын катары көбөйүп жатат. Тажикстан мечиттерди жапты. Ал эми Нооруз майрамына толук тыюу салынган жок. Дүйнөлүк пандемиянын алкагында Тажикстан коронавируска кантип даярданып жатат?

Дүйшөмбүдө беткап кийгендер сейрек кездешет. Шаар тургундары коркунуч алардан алыстай, олуттуу илдет эместей жүрүшөт. Тажик бийлиги мечиттерди жапкан, бирок өлкөгө карантин жарыялоого шашпай турат. Жогорку окуу жайлары, мектептер жана мамлекеттик мекемелер адаттагыдай эле иштеп жатат.

- Эч кандай чектөө жок. Ээн-эркин жүрөм. Балам бакчага барып жатат.

- Жумушка барып жатабыз. Кадимкидей эле күн сайын иштеп жатабыз.

- Биздин окуу жайыбызда коронавирус тууралуу эч нерсе айтылган жок. Биз Тажикстанда вирус жок деп билебиз.

Баш калаада Нооруз майрамынын айрым массалык жүрүштөрү, аш жармаңкеси токтотулганы менен көкбөрүгө даярдык, майрамдык жармаңке уланууда. Ондогон чакан күркөлөр бат жасалчу тамактарды сатып жатышат. Аларды аралап, эл тамак-аш сатып алып, бейкапар жүргөн тургундар кездешет. Дүйшөмбүлүк соодагер Бехнур да жумушун күндөгүдөй эле улантууда.

«Эч нерсе деле өзгөргөн жок. Мурдагыдай эле иштеп жатабыз. Адаттан тыш эч кандай өзгөртүү киргизген жокпуз. Бизде ансыз деле таза. Гигиенаны сактап, медициналык мээлей менен иштеп жатабыз», - деди ал.

Түнкү саат бирден тартып Өзбекстан Дүйшөмбүгө каттаган учактарын токтотту. Чек ара бекеттеринде Өзбекстан өз жарандарын гана кабыл алып жатат. Кетүүнү каалаган башка өлкө жарандарын чыгарууда. Ошондуктан учурда тажиктер Кыргызстан аркылуу гана сыртка чыга баштады.

«Кечээ эл көп эле. Бүгүн адам аз. «Өзбекстан өзүнүн гана жарандарын кабыл алып, тажикстандыктарды гана чыгарып жатат» деп айтышты», - деди алардын бири.

Тажик бийлиги үйдөн чыгууга тыюу салуу, эс алуучу жайларды жабуу, коменданттык саат киргизүү сыяктуу чара көрүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейт. Буга чейин жасалган иштер жетиштүү деп эсептелүүдө. Өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Мирхамидин Камалзада муну илдетке чалдыккан бир да учур каттала элек деп түшүндүрдү:

«Бардык зарыл чаралар көрүлдү. Ал эми окуу жайларын, мектептерди, бала бакчаларды жабуунун зарылчылыгы жок. Анткени өлкөдө илдетке кабылган бир да учур катталган жок».

Бирок өлкөдө илдетке кабылгандар катталбаганына карабай бийлик жеке коргонуу каражаттарын камдай баштады.

Ал арада Өзбекстанда адамдар илдетке кабылган төрт жаңы учур катталып, бейтаптардын жалпы саны 11 адамга жетти. Оору жуккан адамдардын саны кечээ алтоо эле. Буга байланыштуу Өзбекстан дартын жашыргандар жазага тартыларын эскертти. Өзбекстанда оору жуккан биринчи учур 15-мартта аныкталган.

Елжан Биртанов.
Елжан Биртанов.

Казакстанда болсо коронавирус илдетине чалдыккандардын саны бир суткада 14 адамга көбөйүп, жалпы саны 32 кишиге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов билдирди:

«Акыркы суткада Нур-Султан шаарында коронавируска чалдыккандар көбөйүп жатканын маалымдайбыз. Дарты аныкталган бейтаптар дароо карантинге алынып жатат. Алар менен байланышкан адамдардын баары аныкталды. Учурда аларды таап, карантинге алуу иштери жүрүп жатат».

Казакстан 16-марттан тартып бүт өлкөгө өзгөчө кырдаал жарыялады. Ири соода жайлары жабылып, массалык иш-чаралар токтотулду. Өлкөгө кирүүгө да, чыгууга да чектөө киргизилди.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы бир эле суткада илдетке кабылган 14 миң жаңы учур катталганын жарыялады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG